Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газага жардам: Глобалдык флотилиянын бир кемеси жолун улантууда

Газага гуманитардык жардам ташып бараткан глобалдык флотилиянын курамындагы бир кеме 3-октябрда жолун улантканын AFP кабарлады.

"Бир кеме сапарын улантууда", - деп акциянын уюштуруучуларынын билдирүүсүндө айтылып, кемелердин дээрлик жарымы кармалганы маалымдалды.

Израил аталган флотилиянын кемелерин кармай баштаганы эл аралык коомчулук арасында тынчсыздануу жана нааразылык жараткан.

40тан ашуун катер жана жел кайык менен жүздөгөн киши, арасында активисттер жана саясатчылар, швециялык белгилүү экоактивист Грета Тунберг август айынын аягында Газага гуманитардык жүк алып Барселонадан сапар алган. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газа секторунда согуштун айынан ачарчылык өкүм сүрүп турганын билдирүүдө.

2-октябрда флотилия 42 кайыгы жана ичиндеги адамдар мыйзамсыз кармалганын айтып чыккан.

Израилдин аскер-деңиз флотунун кемелери бир нече кемени токтотконун 1-октябрдын кечинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, аларга зыян келтирилген жок, ичиндеги адамдар израилдик портторго жеткирилди.

Израил алар согуш жүрүп жаткан тилкеге жакындап калганын эскертип, багытын өзгөртүүнү сунуш кылганын маалымдаган, алып келаткан жүгү жарытарлык эмес экенин, "элдин алдында жакшы көрүнүү аракети" гана болгонун белгилеген.

Быйыл июнда да Израил ушундай эле демилгени бөгөттөп, Газага деңиз аркылуу гуманитардык жардам алып бараткан кемелерди топтоткон. Ошол флотилияга да катышкан Тунберг Израилдин айыптоолорун четке кагып, "элдин көзүнө жакшы көрүнүү үчүн эч ким өмүрүн тобокелге салбайт болчу" деп 28-сентябрда журналисттерге билдирген.

2-октябрда бир нече өлкөдө Израилдин мындай мамилесин айыптаган нааразылык акцияларын өткөрүштү, ага каршы чара көрүүнү талап кылышты.

Кемелер сапарга чыккан Барселонада 15 миңдей киши чогулуп, "Газа, силер жалгыз эмессиңер!", "Израилге бойкот!" жана "Палестинага боштондук!" деген ураандарды айтышты. Ушундай эле акциялар Дублин, Париж, Берлин, Гаага, Тунис, Бразилиа жана Буэнос-Айрес шаарларында өттү.

Газа тилкесиндеги азыркы согуш туура эки жыл мурда ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп жарыялаган) тобу сектор тараптан Израилге кол салгандан кийин башталган. Израил ХАМАС чет элдик гуманитардык жардамдын көбүн өз максатында пайдаланып жатканын айтып, быйыл жазында жардам жеткирүүнү өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, согуш башталгандан бери бул аймакта 66 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *