Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жарасул Абдураимовдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү

“Кыргызиндустрия” ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимовго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Соттук процесс качан башталары азырынча белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл январь айында Жарасул Абдураимовду жана анын орун басарын "коррупциялык схема түзгөн" деген айып менен кармаган. Атайын кызмат алар 2022-2024-жылдар аралыгында мекемеге караштуу 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачып, аларга тааныш-билиштерин жетекчи кылып коюп, көп суммада айлык төлөгөн деген кине таккан.

УКМКнын маалыматы боюнча, “Кыргызиндустрия” өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттин үлүшү болгон ишканаларды натыйжалуу башкаруу үчүн 2021-жылы түзүлүп, 2022-2024-жылдары бул мекемеге 2,3 миллиард сом бөлүнгөнүн кабарлаган.

Жарасул Абдураимов менен орун басарын Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алган. Кийин Жарасул Абдураимов ооруканага которулганы белгилүү болду. Анын Фейсбуктагы баракчасына ал Какиш Рыскулова атындагы №1 шаардык клиникалык ооруканада жатканы, кан зарыл болуп атканы тууралуу маалымат чыкты.

65 жаштагы Жарасул Абдураимов Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы завод, “Дастан” сыяктуу бир топ ишканаларда жетекчилик кызматтарда жүргөн. 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштесе, 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган. 2023-жылдын соңунда президент Садыр Жапаров Жарасул Абдураимовго “Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер” деген наам ыйгарган. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *