Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

БУУнун комиссары "2025-жылы өлүм жазасы деген болбошу керектигин" айтты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк 26-сентябрда Адам укуктары кеңешинин бул маселеге арналган иш-чарасында “2025-жылы өлүм жазасы дегенге орун жок” деп билдирди. БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсеси Фолкер Түрктүн бул билдирүүсүн 2-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн өлүм жазасына мораторий киргизип, жазанын мындай түрүн алып салууга жана өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн болгон кылмыштардын санын азайтууга чакырды.

“Өлүм жазасын жокко чыгаруу боюнча дүйнөдөгү иш-аракеттер күч алып, көптөгөн мамлекеттер аны жокко чыгарып же чектеп жатканы мени кубандырат. Ошого карабастан көп өлкөлөрдө өлүм жазасына тартылгандар көбөйүп жатат. Дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн экиси өлүм жазасын расмий жокко чыгарса, 30га жакыны дагы деле адамдарды өлүм жазасына тартууну улантууда”, - деди Фолкер Түрк.

Ал өлүм жазасы иштеп жаткан өлкөлөрдө айрымдар соттун акыйкат чечими жок эле ушундай жазага тартылган учурлар бар экенин, кээ бирлери такыр эле ак жеринен өлүм жазасына кириптер болорун кошумчалады.

27-сентябрда Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү” сунуштап жатканын билдирген.

1998-жылы Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө же баш тартууга жол бербейт. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *