Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Газага бараткан гуманитардык кербендин катышуучуларын депортациялоо ишин баштады

Израил 3-октябрда Газага бараткан гуманитардык кербендин катышуучуларын депортациялоо ишин баштады. Биринчилерден болуп италиялык төрт активист артка кайтарылды.

Global Sumud Flotilla өткөн айда жолго чыгып, палестин анклавына гуманитардык жардам жеткирип бармак. Миссияга укук коргоочулар, саясатчылар, активисттер кошулган, арасында швециялык экоактивист Грета Тунберг бар болчу.

БУУ Газа тилкесин ачарчылык торуганын айтып келатат.

Израилдин күч органдары кемелердин жолун тороп, шаршембиде токтото баштаган. Алардын маалыматы боюнча, бардыгы болуп 470 киши кармалып, аскердик полициянын абагына жеткирилген жана жакшылап текшерилди.

Израил алар согуш жүрүп жаткан тилкеге жакындап калганын эскертип, багытын өзгөртүүнү сунуш кылганын маалымдаган, алып келаткан жүгү жарытарлык эмес экенин, "элдин алдында жакшы көрүнүү аракети" гана болгонун белгилеген.

Активисттер Израилдин деңиз күчтөрү алардын 42 кемесине мыйзамсыз бастырып киргенин айтууда. Бардыгы болуп кербен 50 чакты кемеден куралган. Жума күнү флотилиянын курамындагы бир кеме жолун улантканын AFP кабарлады.

Кармалгандардын арасында 20 журналист бар болгонун Чек арасыз кабарчылар уюму билдирди. Алардын арасында Испаниянын El Pais, Катардын Al Jazeera, Италиянын RAI өңдүү таанымал маалымат каражаттарынын кабарчылары бар. Уюмдун өкүлү Мартен Рунун айтымында, журналисттерди камакка алуу жана ишин аткарууга бут тосуу жарандардын маалымат берүү жана алуу укугун одоно бузат.

Флотилиянын миссиясын үзгүлтүккө учуратуу бир катар өлкөлөрдө нааразылык акцияларына алып келди. Барселонада катышуучулар “Газа, сен жалгыз эмессиң”, “Израилге бойкот” деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Италиянын жер-жеринде Газага тилектештик иретинде иш таштоо жүрүп жатат.

Газадагы азыркы согуш туура эки жыл мурда ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп жарыялаган) тобу анклав тараптан Израилге кол салгандан кийин башталган. Жоочулардын колунан 1200дөй киши өлтүрүлүп, 251и барымтага алынган.

Израил радикал топ чет элдик гуманитардык жардамдын көбүн өз максатында пайдаланып жатканын айтып, быйыл жазында жардам жеткирүүнү өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, согуш башталгандан бери бул аймакта 66 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *