Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Соцтармактын колдонуучусу "бийликти басып алууга чакырык жасаган" деп шек саналууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) Instagram жана Threads социалдык тармактарында "predator4407" аккаунтунун администратору, 1979-жылы туулган А.Д.С. аттуу Кыргызстандын жараны кармалганын ырастады.
УКМКнын 19-ноябрда тараткан маалыматында, ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 327-беренелери менен (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу) шек саналып жатат.

"Ал Кыргызстандан тышкары жайгашкан деструктивдүү күчтөрдүн лидерлери менен байланышта болуп, алардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, акыркы учурларда бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурууга чакырыктар жазылган деструктивдүү мүнөздөгү постторду жана комментарийлерди жарыялоону күчөтүп, ошондой эле мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери жөнүндө жашыруун маалыматтарды чогултуп келген", - деп жазды Атайын кызмат.

Мекеменин маалыматында А.Д.С. өлкө жетекчилиги жүргүзгөн саясатка карата жарандардын арасында терс пикирлерди жана нааразылыкты жасалма түрдө жаратуу максатында Instagram жана Facebook социалдык тармактарында 20дан ашык жасалма аккаунт түзгөнү белгиленген. Алардын жардамында жалпыга маалымдоо каражаттарындагы учурдагы жаңылыктардын астына атайылап провокациялык комментарийлерди калтырганы айтылат.

А.Д.С. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Аны менен байланышкан башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Threads социалдык түйүнүнүн колдонуучусу кармалганын 18-ноябрда Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жазып чыккан.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жарандын ишин тизмектеген.

Kloop.kg басылмасы пикири үчүн соңку төрт жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан (анын ичинде 38 активист, 34 саясатчы, 21 журналист, 20 социалдык тармактардын колдонуучусу бар).

Бул жагдайлар жергиликтүү жана эл аралык коомчулукта сөз эркиндигине байланыштуу камтамачылык жаратып келет. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар деген маалымат таратат. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *