Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанга расмий сапар менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келди

Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр өтөт.
ТИМ билдиргендей, жолугушууларда тышкы жана учурдагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн стратегиялык диалогдун биринчи жыйыны өтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Ван Инин сапары Кыргызстанда кыргыз-кытай айдоочуларынын ортосундагы жаңжалдан кийин соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөгөн учурга туш келди.

Өткөн аптада Чүй районунун Константиновка айылындагы кытайлык жана кыргызстандык айдоочулардын мушташынан улам бир нече кытай жараны кармалып, “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Окуядан кийин Кыргызстанда "кытайлыктар көбөйүп кетти" деп нааразы болуп, каршы пикир жазгандар арбыды.

Бийлик башчылары жаңжалды күндөлүк турмуштун бир көрүнүшү катары сыпаттап, жергиликтүү жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курген кезектеги маегинде коомдо күчөп кеткен кытайлыктарга каршы маанайды "шайлоо алдында уюштурулуп жаткан чагым" катары сыпаттады.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Ала-Тоо 24” каналына курган маегинде Кыргызстанда эмгек күчүнө талап өсүп жаткандыктан, чет элден, анын ичинде Кытайдан жумушчуларды алып келип жатышканын билдирген. Министр коомдо болуп жаткан талкуулар өлкөдө антикытайлык маанайды күчөтүүгө багытталган чагымчыл мүнөздө экенин белгиледи.

Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча кытайлыктар Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Расмий статистикага танясак, 2023-жылы 70 миң 842 кытай жараны Кыргызстандын аймагына турист катары кирген. 2024-жылы бул көрсөткүч 81% өсүп, 127 миң 956 кишиге жеткен. 2025-жылдын маалыматы азырынча белгисиз.

Соңку жылдары Кытай Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшүнө айланды. Өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлордун дээрлик көпчүлүгү ушул өлкөнүн катышуусу менен ишке ашып келет. Алардын арасында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан баш болгон ири инфратүзүмдүк долбоорлор бар. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *