Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү. Жугуштуу оорулар бейтапканасында бейтаптар палатага батпай, коридорго жаткырылууда. Саламаттык сактоо министрлиги соңку апталарда өлкө боюнча тумоолоп ооруканаларга кайрылгандардын саны 7966 адамга жеткенин билдирди.