Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Парламент төрагалыгына кайрадан Тургунбек уулу сунушталары айтылды

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына депутат Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлиги кайра сунушталары айтылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Жанарбек Акаев билдирип, парламентте беш депутаттык топ түзүлөрүн тактады.

Анын айтымында, парламент төрагасын, орун басарларын жана комитет төрагаларын шайлоо 17-декабрда өтөт.

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйыны 17-декабрда өтүүдө. Отурумга шайланып келген депутаттардын эң улуусу Гүлай Машрапова төрайымдык кылууда.

Парламент жыйынына президент Садыр Жапаров да катышып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 30-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, шайланып келген 87 депутатка мандатын жана төш белгисин ыйгарууда.

Боршайком көп мандаттуу 29 округдан 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп тапты. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Бул жолу шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.

48 жаштагы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы болгон. 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 15-округунан талапкерлигин коюп, 17 миң 125 добуш менен алдыга чыккан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *