Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жогорку сот Элдар Абакировдун арызын четке кагып, мурдагы чечимди күчүндө калтырды

Жогорку сот 17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элдар Абакировдун арызын карап, аны канаттандырган жок. Соттук коллегия Абакиров боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Элдар Абакиров шайлоодогу мыйзамсыздыктар боюнча эми прокуратурага кайрыларын "Азаттыкка" билдирди:

"Депутат болом деген, депутат болгон адам мыйзамды сыйлашы керек. Эң маанилүү нерсе. Мыйзам чегинде мен Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук комитетине мыйзамсыз иштер боюнча кайрыла берем. Эртели-кеч жакшы чечимдер чыгат деген ишеничибиз бекем".

12-декабрда Бишкектин административдик соту талапкердин арызын канааттандыруудан баш тарткан. Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматова сотто бир топ жагдайларга көңүл бурулбаганын белгилеген.

№26 округдан парламент депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров 30-ноябрдагы шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айткан. Мындай мыйзам бузуунун чоо-жайын териштирүүнү талап кылган. Күнөөлүүлөр аныкталбаса, округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

ИИМ акча тараткан адам аталган округдан талапкерлигин койгон Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастап, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Бирок 8-декабрда БШК акча таратууга анын тиешеси жоктугун айтып, Саккараевди шайлоодон четтеткен эмес.

Медербек Саккараев 17-декабрда Жогорку Кенеште ант берип, депутаттык мандат алды.
Ал ант бергенден кийин Би би си радиосунун кыргыз кызматынын суроосуна жооп берип жатып: "460 миң сом тууралуу эч нерсе айта албайм. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. Ал аяктагандан кийин сураңыз. Баарын сот чечет. Эгер сот Абакировдун пайдасына чечим чыгарса, мен мандатымды тапшырып, кетем. Ал акчага тиешем жок", - деп айткан.

Жогорку сот 16-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеванын да арызын карап, канааттандырган эмес.(ZhK/ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *