Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусияга товар жөнөткөн тигүүчүлөрдүн маселеси боюнча маалымат берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай тармагындагы товарларды Орусияга киргизүүдө чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 18-декабрда мамлекеттик каналдарга курган маегинде билдирди. Ал Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн барган жүктөрдү текшерүүнү күчөтүп жатат деди.

Орус-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгондо кыргыз өкмөтү делегация жөнөтүп, жеринен таанышып келгенин, Экономика жана коммерция министрлигинин алдында буга байланыштуу штаб түзүлгөнүн маалымдады.

“Алар бизге ар бир фактыны жеткирип жатат. Биз орус тарап менен ошонун негизинде сүйлөшүп, чечип жатабыз. Штабдан тышкары орус тарап менен чогуу бирдиктүү оператор түзөлү деп атабыз. Бизден барган товарларды ошол оператор текшерип туруп, өткөнгө ыңгайлуу болсун. Биздин тигүү тармагында иштегендер өзүнүн товарын өзүнчө алып барса, каршылык жок, өтүп жатат. Бирок маркетплейстер аркылуу барган товарлардын “кошумча нарк салыгын ким төлөйт” деген маселе чыгып, кармалып калып жатат. Алар менен да сүйлөшүп чечип жатабыз, алар салык агенти болууга даяр. Ал жерге барган товарлардын кошумча нарк салыгын өздөрү төлөйт дагы, алуучуларга салык менен беришет”, - деди Касымалиев.

Бул маселеде “Озон” маркетплейси менен маселе чечилгенин, жакында Wildberries менен да жөнгө салынарын түшүндүрдү.

Чек арадагы узун кезек күтүүлөр тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 27-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапары маалында журналисттерге маалымат берип, буга Казакстандан жүк ташуучу унаалардын тиешелүү документи жок эле орус чек арасына өтүп жүргөнү себеп болгонун түшүндүргөн.

Сентябрдын башынан тартып Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин маалымдашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорт саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарды.

Казакстандын Транспорт министрлиги кезектин узарышын Орусия Федерациясы тараптан текшерүүлөрдүн күчөшү менен түшүндүргөн. Орус бажычылары жана чек арачылары жүктөрдүн документтерине, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча жаңы чараларды киргизгени маалым болгон.

Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *