Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жапаров Жапонияны "Асман" шаарынын курулушуна катышууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Жапонияны Ысык-Көлдө “Асман” шаарын куруу долбооруна катышууга чакырды. Бул тууралуу ал 20-декабрда Токиодо Борбор Азия+Жапония саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Садыр Жапаров Жапония менен кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилөө менен жапон тараптын Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалады жана инвесторлорду "Асман" экологиялык таза шаар долбооруна катышууга чакырды”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

“Асман” азыркы кыргыз бийлигинин жаңы шаар куруу дымагынын алгачкы долбоорлорунан.

2024-жылы ноябрда өкмөт кытайлык CITIC Merchant компаниясы жана “Модуль Хаус” ишканасы менен келишим түзгөн, быйыл апрелде бул документти жокко чыгарган.

Президенттин алдындагы Инвестиция боюнча улуттук агенттик 17-октябрда кытайлык China Construction Company менен меморандумга кол коюп, документ “Asman City долбоорун ишке ашыруу үчүн заманбап технологияларды жана чет элдик инвестицияларды тартууга багытталганын” билдирген.

Агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов меморандум кызматташуу ниетин билдирген гана документ, келишим эмес экенин, Кыргызстан бул жаатта кызматташам деген бардык тараптар менен иштешүүгө даяр экендигин жана куруучулар үчүн негизги талап экологиялык кызыкчылыктын корголушу болорун белгилеген.

20 жыл мурун Жапония биринчилерден болуп кызматташуунун Борбор Азия+1 форматын сунуштаган. Буга чейин аймактагы өлкөлөрдүн башын бириктирген жолугушуулар тышкы иштер министрлеринин жана премьер-министрлердин деңгээлинде болуп келген. Эми жапон бийлиги Токиого президенттерди чакырып, алака-катышты бекемдөөнү көздөөдө.

Саммиттеги сөзүндө кыргыз президенти Жапониянын катышуусу менен Борбор Азия аймагында ар кандай жаратылыш кырсыктары тууралуу алдын ала эскертүү жана табигый кырсыктар коркунучу канчалык экенин болжолдоо боюнча маалымат алмашуу системасын түзүүнү да сунуш кылды.

Жапаров Евразиянын борборундагы ыңгайлуу географиялык жайгашуусу Кыргызстан үчүн транспорттук, логистикалык, соода жана финансылык агымдар үчүн аймактык хаб болуу мүмкүнчүлүктөрүн ачарын да айтты.

Ал кыргыз бийлиги Жапония менен маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, алдыңкы жапон технологияларын трансферлөө, ошондой эле инженердик жана IT кадрларын даярдоо үчүн аянтча боло аларын белгиледи. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *