Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жол коопсуздугу: Санарип көзөмөлдөн быйыл бюджетке 25 млн сом түштү

Кыргызстанда жол коопсуздугун камсыздоодо санарип технологияларды колдонуунун натыйжасында жыл башынан бери 29 миңден ашык укук бузуу аныкталды. Бул тууралуу 19-декабрда Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сомдон ашык акча каражаты түштү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо ачыктык, мыйзамдуулук жана натыйжалуулук жогорулады.

“30 «Автоураган-МС» аппараттык-программалык комплекси пайдаланууга берилди, алардын ичинен 22 мобилдик жана 8 стационардык комплекс. Бул система унаанын мамлекеттик белгисин автоматтык түрдө идентификациялоону, кайгуул унааны курчап турган бардык унааларды каттоону жана аларды реалдуу убакыт режиминде издөө базаларында текшерүүнү камсыздайт”, - деп билдирди ИИМ.

“Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында Чүй облусунда Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда 14 жаңы комплекс ишке киргизилгени, Ысык-Көл облусунда алдыңкы санарип технологиялар менен жабдылган 5 заманбап экологиялык мунара орнотулганы, анын камералары 40 километрге чейинки радиустагы аймакты көзөмөлдөй алары маалымдалды.

Кыргызстанда жол коопсуздугун камсыздоо жакшы чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн бири.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстан акыркы эки жылда жол кырсыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алдыга чыкты. Былтыр 7 миң 423 жол кырсыгы катталып, 514 адам каза болсо, быйылкы тогуз айда 9 миң 78 жол кырсыгы катталып, 636 адам көз жумду. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *