Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркияда учак кыйрап, Ливиянын армиясынын Башкы штабынын жетекчиси мерт болду

Түркияда Анкара шаарынан шейшемби күнү кечинде учуп чыккан учак кыйрап, анын ичиндеги Ливиянын армиясынын Башкы штабынын начальниги Мухаммед ал-Хаддаж мерт болду.
Ливиядагы улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Абдел Хамид Дбейба бул маалыматты ырастады. Ал жалпы улут, эл жана аскер үчүн бул оор жоготуу экенин белгиледи.

Түркиянын ички иштер министри Али Ерликай Х социалдык тармагындагы баракчасына Falcon 50 үлгүсүндөгү учак Анкарадан 20:10до учуп чыкканын, бирок 20:52де байланыш болбой калганын жазды. Учактын сыныктары Хайман районуна караштуу Кесиккавак айылынан эки чакырым алыс жерден табылганын билдирди.
Министр учкучтар чукул конууга уруксат сурап кайрылганын, бирок ушундан кийин эле байланыш болбой калганын кошумчалады.Бортто Мухаммед ал-Хаддад баштаган беш жүргүнчү болгон.

Учактын кыйраган себептери азырынча белгисиз.
Ливиянын саясий маселелер боюнча министри Валид Эллафи Libya Alahrar телеканалына учак Мальтадан ижарага алынганын, анын ээси, учактын техникалык таржымалы тууралуу жетиштүү маалымат жок экенин айтты.

Расмий маалыматка ылайык, Мухаммед ал-Хадид Анкарада түрк коргоо министи Яшар Гюлер менен жолуккан жана тараптар Түркиянын аскерлерин Ливияга жайгаштыруу маселесин талкуулашкан. Мындай сунуш түрк парламентинин кароосуна Ливиянын Бириккен Улуттар Уюму тааныган өкмөтүнүн кайрылуусунан улам киргизилген.

Ливияда бийлик өлкөнүн чыгышы менен батышынын ортосунда бөлүнгөн. Түркия негизинен Триполиде жайгашкан өкмөткө аскердик жана саясий колдоо көрсөтүп келет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *