Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тажик-ооган чек арасындагы кагылышуудан эки чек арачы каза тапканы кабарланды

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында, Шамсиддин Шохин районунда куралдуу кагылышуу болгонун "Озоди" радиосу кабарлады.

Радионун булактарынын айтымында, 24-декабрда чек араны ооган аткезчилери кесип өткөнү тууралуу маалымат түшүп, ок атышуунун жыйынтыгында Тажикстандын чек ара кызматынын бир нече кызматкери каза болуп, дагы бир нечеси жаракат алган.

Аталган медианын журналисттери каза болгондор 28 жаштагы Исматулло Курбонов жана 33 жаштагы Зиребон Наврузбеков экенин жазды.

Ошондой эле аткезчиликке шектүүлөрдүн бири кармалганы айтылды.

24-декабрда Кабулдун "Хашти Субх" гезити өз булактарына таянуу менен Ооганстандын аймагындагы ок атуудан Тажикстандын эки чек арачысы каза болгонун, ага жооп кайтарган тажик тарап эки куралчан кишини жок кылганын кабарлады. Аталган гезиттин булактарынын бири алар баңгизат менен шугулдангандар экенин белгилеген.

Бул окуя Тажикстан Ооганстан менен чектеш төрт чек ара пунктун ачкан күнү болгон. Тажик президенти Эмомали Рахмондун сайтында өлкө лидери бул чек ара пункттарын ачуу аземине онлайн катышканы жазылган.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымга жакын.

Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймагына соңку айларда эки жолу кол салуу болуп, анын кесепетинен Кытайдын беш жараны каза болгон.

Расмий Беэжин бул чабуулдарды айыптап, Тажикстандан жарандардын коопсуздугун камсыздоону талап кылган. (KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *