Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Италияда ХАМАСка жардам берүүгө шектүү тогуз адам кармалды

Италиянын полициясы Палестинанын ХАМАС тобуна (АКШ жана Евробиримдикте террордук топ деп табылган) каражат чогулткан деп шек саналган тогуз адамды камакка алды.
Би-Би-Синин маалыматына ылайык, алар эки жылдан ашуун убакытта согушкерлер үчүн болжол менен 7 миллион евро чогулткан. Тергөө аныктагандай, айрым каржылык операциялар ХАМАС 2023-жылдын октябрында Израилге чабуул койгонго чейин эле жүргүзүлгөн.

Полициянын билдирүүсүндө каражаттар палестиналык жай тургундарга гуманитардык жардам деген жүйө менен жыйналып, согушкерлерге жөнөтүлгөнү айтылат.
Италия полициясы камакка алуулардан тышкары, 8 миллион евродон ашык суммадагы активдер да конфискация болгонун билдирген.

Полиция өкүлдөрү бул топтун мүчөлөрү "террордук ишмердүүлүккө өбөлгө түздү деп эсептелген каржылык операцияларга түздөн-түз катышкан" деп айыпталып жатканын кабарлашты.
Камакка алуулар Италиянын контртеррордук жана каржылык полициясынын биргелешкен операциясынын алкагында жүргүзүлгөн. Тергөө ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин түштүгүнө жасаган кол салуусунан кийин башталган.
Полициянын маалыматында, чабуулга чейин эле "шектүү каржылык операциялар" тууралуу бир катар билдирүүлөр изилденген. Тергөөчүлөр каражат чогулткандар баш кеңсесин Генуяда, калган бөлүмдөрүн Миланда ачып "татаал схема" түзгөнүн аныкташкан.
"Шектүүлөр Газа жамааты үчүн гуманитардык жардам катары чогултулган каражаттардын 71% ашыгын ХАМАСка которулган. Акча согуштук бутакты каржылоого жана "өз жанын кыйгандардын" же терроризм боюнча кармалгандардын үй-бүлөлөрүн колдоого жумшалган", - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Италиянын ички иштер министри Маттео Пиантедоси камакка алынгандар арасында Палестиндер ассоциациясынын президенти Мохаммед Ханнун да бар экенин билдирди.
Ханнун буга чейин "ХАМАСтын демөөрчүсү" экенин четке каккан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *