Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нью-Йорктун мэри Зохран Мамдани Куран кармап ант берип, кызматка расмий киришти

Жаңы жыл түнүндө Нью-Йорктун шайланган мэри Зохран Мамдани расмий түрдө кызматка киришти. Ант берүү аземи 2026-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө Манхэттендеги эксплуатациядан чыгарылган City Hall метро станциясында өттү. Бул шаардагы эң эски станциялардын бири экенин ABC News маалымдады. Ант берүү аземинде Мамданинин жанында жубайы Рама Дуважи болду.

Нью-Йорк шаарынын тарыхында алгачкы жолу мэр Куранга кол коюп ант берди.

Мамдани бул үчүн чоң атасына таандык Куранды жана Афроамерикалык маданиятты изилдөө борборунун коллекциясындагы XVIII кылымдын аягына же XIX кылымдын башына таандык Куранды колдонду.

Буга чейин мэрлердин басымдуу бөлүгү Библияга кол коюп ант беришкен.

Азем учурунда Мамдани кыскача сөз сүйлөп, катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Транспорт департаментинин жаңы комиссары болуп Майк Флинн дайындалганын жарыялады.

Нью-Йорк штатынын мыйзамына ылайык, мэр шайлоодон кийинки 1-январда кызматка киришет. Түн ортосунан кийин дароо ант берүү көптөн бери калыптанып калган салт.

Социалист Зохран Мамдани 34 жашта. Угандада туулган. Жети жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Нью-Йорк шаарына көчүп барган. Апасы Мира Наир белгилүү кинорежиссер, атасы Колумбия университетинин профессору. Ата-энеси экөө тең Гарвард университетин аяктаган.

Американын жарандыгын мэр 2018-жылы алган, былтыр башында теги сириялык Рама Дуважиге үйлөнгөн.

Мамдани 2025-жылдын ноябрь айында өткөн шайлоону жеңген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *