Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Кыргызстанда үй-бүлө курган казакстандыктар үйүнө кайта албай жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда жүрүүнү жаңылоо үчүн чек арадан “кирди-чыкты” чарасы (визаран) жоюлгандан улам Кыргызстанга Кыргызстанда үй-бүлө курган казакстандыктар үйүнө кайта албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал 22-январда парламент жыйынында айтты.

“Азыр Казакстандан Кыргызстанга көпчүлүк казак жарандары кире албай калышты. Биз 2023-2024-жылдан баштап “визаран” деген мыйзамды жоюп салганбыз. Азыр үй-бүлөлөр ажырап калууда. Мисалы, кыргызстандык жарандын аялы Казакстандын жарандыгы болсо, ал биз жакка кире албай жатат. Же алардын баласы коңшу өлкөнүн жарандыгын алып калган болсо, ал да кире албай отурат. Ушуну кайра карап чыгуубуз керек. Себеби, бир топ эле ыңгайсыздык болуп калды. Канча деген студенттерге да көйгөй жаратууда. Мен түшүнүп жатам, Казакстанда да ушундай мыйзамдар бар. Бирок биз аларды карабай эле өз жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзө береличи. Сураныч. Тышкы иштер министрлигине ушундай тапшырма берели, карап чыгышсынчы. Үй-бүлөлөр ушунун айынан ажырашпасын. Керек болсо мыйзамдарга өзгөртүү киргизели”, – деди Дастан Бекешев.

Аз күн алдын Кыргызстанда туруктуу жашаган, үй-бүлөлөрү жана турак-жайлары бар казак жарандары видео кайрылуу таратып, Казакстандан кайтып келатып, кыргыз чек арасынан өтө албай калганына даттанышкан. Алар президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылышкан эле.

Мурдагы жылдары бир топ мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүп, ал бүткөндөн кийин чек арадан чыгып, кайра кирсе дагы 30 күн ээн-эркин жүрө берчү. Бул шарттуу түрдө “кирди-чыкты” чарасы, же “визаран” (visa run) деп аталчу.

2023-жылдын 21-октябрынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби боюнча жаңы эрежелер иштей баштаган.

Жаңы эрежеге ылайык, чет элдиктер Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жүрө алат. Ал мөөнөт аяктаган соң, каттоого турушу зарыл же, өлкөдөн чыгып кетиши керек. Каттоосуз жүрүш үчүн кайра 90 күндөн кийин гана Кыргызстанга кире алат.

Эгерда чет элдиктер Кыргызстанга алгач кирип жаткан учурда андан ары жүрүүгө укук берген документтерди толтурса баштапкы каттоо 180 күнгө толтурулат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул чара кайсы бир өлкөнүн Кыргызстанда жүрүү укуктарын чектебей турганын жана мындай тартип чет элдиктердин Кыргызстандын аймагында жүрүүсүн иретке келтирүү үчүн киргизилгенин билдирген. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *