Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Ала-Тоо резорт” президенттин иш башкармалыгынын карамагынан чыкты

Президенттин иш башкармалыгынын алдында түзүлгөн “Ала-Тоо резорт” ишканасы 100 мамлекеттик үлүшү бар ачык акционердик коом болуп кайра түзүлдү жана Юстиция министрлигинин расмий катоосунан өттү. Бул тууралуу аталган ишкана кабарлады.

Маалыматта мындай өзгөрүү аталган ишкананын Ысык-Көлдө үч чокуну бириктирген ири лыжа курортун куруу “долбоорун өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана инфраструктураны натыйжалуу башкаруу үчүн, ачык жана туруктуу уюштуруучулукту камсыздоо” максатында жасалганы айтылат.

“Ала-тоо резорт” лыжа курортун куруу былтыр августта расмий башталган. Ага президент Садыр Жапаров катышып, бул экономикага салым кошо турган ири туристтик долбоор экенин белгилеп, эл аралык стандарттарга жооп берген, төрт мезгил иштей турган эс алуучу жай болорун билдирген.

Долбоордун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа жолу, узундугу төрт чакырым аркан жолдору орнотулуп, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору, мейманканалар курулат. 5 миңге чейин туруктуу жумуш орду камсыз болуп, жылына 2 миллиондой турист кабыл алуу пландалган.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жыргалаңда туристтик шаарча курууга арналган 49 жер тилкеси ачык аукционго коюлуп, анын 14үнүн ээси аныкталган жана алардын баары кыргызстандык ишкерлер экени белгилүү болгон.

2024-жылы жайында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Анда франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясы Жыргалаң, Ак-Булак жана Бозучук чокусун камтыган жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассасын курууну пландап жатканы, долбоордун наркы 165 миллион евро деп бааланганы айтылган.

Көп өтпөй, "Үч чоку" лыжа базасын курууга байланыштуу Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйын өткөн. Президент анда лыжа базасын курууга кызыгып жатат делген франциялык инвесторлор тууралуу маалымат берген эмес.

Кийинчерек, былтыр май айында “Кыргыз Куршевель” “Ала-Тоо резорт” болуп өзгөргөн.

Садыр Жапаровдун тушунда анын иш башкармалыгы болуп көрбөгөндөй таасирдүү, айрым тармактарда монополист мекемеге айланды.

Анын жетекчиси Каныбек Туманбаев үй салуудан тартып, паспорт жана акча чыгарууга чейинки ишканаларды, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү өндүү иштерден өйдө тескеп калды. Буга байланыштуу айрым учурда нааразылыктар дагы жаралган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *