Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Захарова Кыргызстандын ЕАЭБ сотуна кайрылуусу тууралуу комментарий берди

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин сотуна кайрылуусу даттануу эмес, келишимдин ченемдерин тактап берүү экенин 30-январдагы брифингде билдирди. Сөз эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдин аткарылышына байланыштуу болгон.

27-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов Орусия кыргызстандык мигранттарга медициналык жардам берүүдөгү милдетин аткарбай жатканын айтып, кыргыз өкмөтү бул маселе боюнча ЕАЭБ сотуна кайрылганын билдирген. Ал Орусияда иштеген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да милдеттүү медициналык камсыздоо каралышы керектигин, бул келишимдин талабы аткарылбай жатканын кошумчалаган.

Кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мекеменин арызы соттон түшүндүрмө алуу үчүн гана берилгенин, бул соттошуу процесси эместигин тактаган.

Евразия экономикалык биримдигинин соту уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды, келишимдердин аткарылышын карайт. Ага мүчө мамлекеттер жана компаниялар доо арыз менен кайрыла алат. Анда ЕАЭБге кирген беш өлкөгө экиден квота берилип, жалпы он судья иштейт.Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизген соң ал жакта эмгектенген мигранттардын саны дээрлик эки-үч эсе кыскарды.  Мурун орус жергесинде, бейрасмий маалымат боюнча, миллиондой кыргызстандык иштеп жүргөн болсо, азыр 341 миңдейи гана калды.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *