Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

HRW: 2025-жылы Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөдү

2025-жылы Кыргызстанда журналисттерге, көз карандысыз медиаларга жана укук коргоочуларга карата куугунтук күчөп, жарандардын сөз эркиндигине жана маалыматка жетүү укугуна олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу 4-февралда жарык көргөн Human Rights Watch уюмунун жылдык баяндамасында айтылат.

HRW белгилегендей, жыл ичинде бир нече журналист жана укук коргоочу “сөз эркиндигине байланышкан кылмыштар” боюнча айыпталып, соттолгон. Апрель айында укук коргоочу Рита Карасартова Facebook баракчасына жарыяланган катка байланыштуу кармалып, сентябрда сот аны беш жылга эркиндигин чектөө жазасына жана айыпка жыкканы баяндама жазылган.

Укук коргоо уюму журналист Канышай Мамыркулованын ишине көңүл бурган. Баяндамада Мамыркулова март айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча келишимдин айланасындагы ачык-айкындуулуктун жоктугун сындаган Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кармалганы, сот аны күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегергени белгиленет.

Ошол эле мезгилде соттун чечими менен “Апрель ТВ” телеканалы жабылып, “Клооп” басылмасынын төрт кызматкери массалык башаламандыкка чакырган деген айып менен соттолгону да жазылган.

Баяндамда маалымат жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдык өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат. Маданият министрлигине “жалган маалымат” үчүн сотсуз эле ири айып пул салуу укугу берилгени жазылат. Мындан тышкары, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлүп, бардык медиалар үчүн милдеттүү каттоону киргизилгени белгиленген.

HRW ошондой эле гендердик зомбулуктун өсүшүн кооптуу тенденция катары белгилейт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын алгачкы алты айында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 35% көбөйгөн. Андан тышкары саясий оппозицияны куугунтуктоо катары Темирлан Султанбековдун камалышы мисал катары келтирилген.

Ошол эле учурда уюм айрым оң өзгөрүүлөрдү да белгилейт. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара боюнча тарыхый келишимге кол коюлуп, майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргогон жаңы мыйзамдар кабыл алынган.

Human Rights Watch өз баяндамасында Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин коргоого, мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө жана укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти камсыздоого чакырат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *