Алматы облусунда бир үйдөн төрт адамдын сөөгү табылды
Алматы облусунун Райымбек районундагы Сарыбастау айылында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болду. Алардын арасында 1,5 жаштагы наристе да бар. Бул тууралуу Qonaev TV кабарлады.
Алдын ала, тактала элек маалыматтарга караганда, үй-бүлө мүчөлөрү иске ууланып каза болушу мүмкүн.
Үй-бүлө айылдан алыс жайгашкан кыштоодо жашап келген. Туугандары эки күн бою алар менен байланыша албай, андан кийин үйүнө барып, төрт адамдын сөөгүн табышкан. Ошондон кийин полицияга кабар берилген.
Айыл тургуну Ерканат Акылдосовдун айтымында, каза болгондордун бири, үйдүн кожоюну мал карап, төмөн жактагы короодо жүрчү.
"Акыркы жолу 30-январда айылга келип, бензин алып кеткен дешет. 31-январь анын туулган күнү болгон. Кечинде уктаар алдында мешке от жагышат да. Көмүр майдалап салынгандыктан, меш жакшы тартпай, түтүн чыккан окшойт. Үйгө барган адамдар ичине киргенде түтүндүн жыты абдан күчтүү болгонун айтышты", — деди ал.
Каргашалуу окуянын натыйжасында 1955 жана 1974-жылы туулган эки эркек киши, 1984-жылы туулган бир аял жана 1,5 жаштагы ымыркай каза болгон.
Маркумдардын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышканы кабарланды.