Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусияда көп батирлүү үйлөрдө чогулуп намаз окууга тыюу салуу сунушталды

Мамлекеттик Думага көп кабаттуу үйлөргө жана эл жашабаган имараттарга чогулуп намаз окууга жана башка диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору киргизилди.

Диний жөрөлгөлөрдү үйүндө расмий катталган гана тургундар “жеке рухий муктаждыгы” үчүн өткөрө алышат. Бул тууралуу РБК жазды. Мыйзам долбоорун 67 депутат демилгелеген, арасында фракция лидерлери да бар.

Басылма белгилегендей, өзгөртүү “Абийир эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга сунушталууда. Анда түрдүү диний жөрөлгөлөрдү, анын ичинде намаз окуу, сыйынуу жана башка диний чогулуштарды эл жашабаган имараттарда, көп кабаттуу үйлөрдө жана аларга кошулуп курулган жайларда жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле мындай жайларда дааватчылык кылууга да уруксат берилбейт.

Мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда тиешелүү өзгөртүүлөр Турак жай кодексине да киргизилмекчи.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө депутаттар Орусиядагы турак жай имараттарында чогулуп алып диний жөрөлгө өткөрүү жапырт боло баштаганын, бул ал жакта жашаган башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуп жатканын белгилешкен. Мамдуманын вице-спикери Петр Толстой өзүнүн шайлоочулары “батирлер, бөлмөлөр, атүгүл жертөлөлөр да сыйынуучу жайга айландырылганына” туш болуп жатышканын билдирди.

Орусия Конституциясынын 28-беренеси жарандарга абийир жана дин эркиндигине кепилдик берет. Депутаттар “жеке рухий муктаждыкты канааттандырууга” уруксат берилгени – укуктарды сактоого жатарын айтууда.

Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Талгат Сафа Тажуддин “сыйынуучу жайларды” тыюудан көрө бийлик коомдук жайларда намаз окууга ылайыкталган жайларды көбөйтсө болмоктугун айткан.

“Көп өлкөлөрдө соода жайларында, соода борборлорунда намазканалар бар. Алар 4-5 кишиге ылайыкташкан, ал жерде жамааттык сыйынуу эмес, кирди, намаз окуду, кетти. Эч кимге жолтоо болушпайт”, - деген Тажуддин.

2024-жылы Орусиядагы Муфтийлер кеңеши мечиттердин өзгөчө миллион ашуун адам жашаган шаарларда жетишсиздигин билдирген.

Президенттин алдындагы Адам укуктары кеңешинин мүчөсү Кирилл Кабанов “көп батирлүү үйлөрдө акыркы жылдары жүздөгөн бөлмөлөр, батирлер жана жертөлөлөр “мыйзамсыз намазканага” айланганын айтып чыккан. Анын сөзүнө караганда, мигранттарга каршы рейддер учурунда дал ушундай жайлар "радикалдык-экстремисстик идеологияны жайылтуучу, Орусияда тыюу салынган жана эл аралык террордук уюмдарга жаңы мүчөлөрдү жана согушкерлерди тартуучу борборлорго" айланып жатканы аныкталган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *