Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМКнын Бишкек башкармалыгын мурдагы башчысы Жакыпбековдун кармалганы кабарланууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбековдун кармалганы кабарланууда.

Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.

14-февралда чыккан маалыматка караганда Жакыпбеков Аскер прокуратурасы тергеген кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул боюнча Башкы прокуратура маалымат бере элек. Бишкек шаардык милициясы Жакыпбековго карата кылмыш ишин козгобогонун "Азаттыкка" билдирди. Шаардык милицияга тиешелүү убактылуу кармоочу жайга ички иштер органдарынан тышкары прокуратура органдары да шектүүлөрдү кармай аларын түшүндүрдү.

Элдар Жакыпбеков мындан бир канча күн мурда кызматтан алынганын бир катар жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Анын ордуна Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын башчысы Улан Бийбосуновдун дайындалганы кабарланган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу расмий маалымат берген эмес.

Элдар Жакыпбеков бул кызматты 2025-жылдын декабрынан бери аркалап келген.

10-февралда президент Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындаган.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келди.

Садыр Жапаров “Кабарга” берген интервьюсунда кызматтан алардын алдында Камчыбек Ташиевге телефон чалып, айтканын билдирди.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *