Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Камчыбек Ташиевдин уулу социалдык тармактарга тараган аудио боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы бир катар ишканаларды рейдерлик кылып тартып алган деген айыптоолор боюнча жооп берди. Ал "Регион" телеканалына маегинде мурдараак өзү жана саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов рейдерлик кылганы тууралуу телефон сүйлөшүүсүндө айтылгандарды четке какты.
"Ал жакта эч кандай завод жок эле. СССР кулагандан кийин эч нерсе калган эмес. Алар жөн гана элди адаштырып жатышат. Адашпасам, 2022-жылы болгон. Тартып алган эмесмин, мен сатып алганмын. Жаңылбасам, 470 миң долларга алсам керек эле. Ал жакта темирлер, трубалар бар болчу, ээси кийин алып чыгып кеткен. Ал жерде өрттөнүп кеткен бир имарат бар болчу, биз ал жерге мектеп куралы деп атканбыз. Бизге Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылган, себеби сатуучу ага тууган болчу. Төрөбаев баасын түшүргөнгө жардам берген. Азыр айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатышат, Орозо учурунда биз аларды кечирдик", - деди Таймурас Ташиев.
Ал ошондой эле балдар аянтчасын куруу үчүн заводдун айланасындагы бир нече дүкөндү жана үйлөрдү да сатып алганын айткан.


23-февралда социалдык тармактарда үнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары жана айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдикине окшош адам менен дагы бир кишинин телефон аркылуу сүйлөшкөн аудиосу жарыяланган. Андагы адам Таймурас Ташиев менен азыркы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовго ишканасын тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун, заводду бузуп кетерин айтса да, бербей койгонун айткан.
32 жаштагы Таймурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин улуу уулу. Ал "Томас и Ко" компаниясынын директорунун орун басары. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Көп өтпөй мандатынан баш тарткан. Бишкек-Ош жолундагы "Өзгөн" айланма жолунун курулушунун инвестору деп айтылган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *