Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ аскерлери Сириядагы базалардан чыгарыла баштады

23-февралда АКШ Сириянын түндүк-чыгышындагы эң ири базасынан аскерлерин чыгарып кете баштады. Бул тууралуу Сириянын коопсуздук тармагындагы үч булакка таянып Reuters агенттиги жазды.

Күбөлөрдүн айтымында, Хасаке провинциясындагы Касрак базасынан ондогон жүк ташуучу унаа эртең менен чыгып кеткен. Кийин агенттик Камишли шаарынын четиндеги трасса менен бараткан колоннанын видеосун жарыялады. АКШнын Борбордук командачылыгы комментарий берүү өтүнүчүнө дароо жооп кайтарган жок.

Касрактан толук чыгып кетсе да Америка жетектеген коалициянын аскерлери Ирак чек арасына жакын жайгашкан Рмейлан, башкача айтканда Хараб ал-Жир базасында кала берет.

Касрак буга чейин «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөшүп келген Кошмо Штаттар жетектеген эл аралык коалициянын негизги борбору болуп саналган.

АКШ аскерлери он жылдан ашуун убакыт мурда бул аймакка кирип, күрддөр жетектеген Сириянын демократиялык күчтөрү менен бирге жихадчыларга каршы операция жүргүзүп келишкен.

Сириянын Коргоо министрлиги да, Сириянын демократиялык күчтөрү да бул боюнча комментарий берген жок.

Американын жогорку даражалуу өкүлү Reuters агенттигине билдиргендей, аскерлердин бир бөлүгү «шартка жараша жана алдын ала пландалган өткөөл процесстин» алкагында чыгарылып жатат.

Анын айтымында, Сирия өкмөтү өз аймагындагы террордук коркунучтарга каршы негизги жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирген.

The Wall Street Journal басылмасы өткөн жумада АКШ Сириядагы болжол менен 1000 аскерин толук чыгарып кетиши мүмкүн экенин жазган.

Сирия былтыр «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөшүү үчүн АКШ жетектеген коалицияга кошулган. Бир кезде Сирия менен Ирактын аймагынын үчтөн бирин көзөмөлдөгөн бул топ ишемби күнү болгон эки чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, анда бир аскер жана бир жай тургун каза болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *