Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарга тараган аудио боюнча үн катты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарга тараган аудио тууралуу 24-февралда “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.

Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир тууган агасы Жолдошалинин уулу Эркин Төрөбаев экенин ырастады.

Төрөбаевдин айтымында, ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында инисинин жер тилкесин арзаныраак сатууга көндүрүп берүүсүн суранган.

“Мен иним менен көп байланышта болбогондуктан бул маселени тактоо үчүн бир тууган агама: “Эркиндин жери бар экен, сатып алабыз деп жатышыптыр, байланыштырып коёсузбу”, -деп айткам. Андан ары жер канчага сатылганы же кандай соодалашуу болгону боюнча кызыккан эмесмин. Жакында Эркиндин айрым мүлктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан тартып алынганы тууралуу сөздөрдү угуп калдым. Чын-төгүнүн билүү максатында өзүнө телефон чалып, тактоочу суроолорду гана бергем”, - деген Төрөбаев.

Ал сүйлөшүү туугандык деңгээлде болгонун белгилеп, аудиону саясий максатта пайдаланбоону өтүнгөн.

23-февралда социалдык тармактарда үнү Бакыт Төрөбаевдикине окшош адам менен дагы бир кишинин телефон аркылуу сүйлөшкөн аудиосу жарыяланган. Андагы адам Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен азыркы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовго ишканасын тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун, заводду бузуп кетерин айтса да, бербей койгонун белгилеген.

Таймурас Ташиев да бул тууралуу “Регион” каналына түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан.

“Адашпасам, 2022-жылы болгон. Тартып алган эмесмин, мен сатып алганмын. Жаңылбасам, 470 миң долларга алсам керек эле. Ал жакта темирлер, трубалар бар болчу, ээси кийин алып чыгып кеткен. Ал жерде өрттөнүп кеткен бир имарат бар болчу, биз ал жерге мектеп куралы деп атканбыз. Бизге Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылган, себеби сатуучу ага тууган болчу. Төрөбаев баасын түшүргөнгө жардам берген. Азыр айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатышат, Орозо учурунда биз аларды кечирдик", - деген Таймурас Ташиев.

Аудиодо аты аталган саламаттык сактоо министри, мурда УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгын башкарган Каныбек Досмамбетов үн ката элек.

32 жаштагы Таймурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин улуу уулу. Ал "Томас и Ко" компаниясынын директорунун орун басары. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Көп өтпөй мандатынан баш тарткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *