Ак үй: Трамп Иран маселесинде дипломатияга артыкчылык берет
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран маселесинде дипломатияга артыкчылык берет, бирок зарыл болсо курал колдонууга даяр. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт шейшембиде билдирди.
“Президент Трамп биринчи кезекте дипломатияны тандайт. Бирок буга чейин көргөндөй, керек болсо америкалык армиянын согуш күчтөрүн колдонууга даяр. Бул маселеде соңку чечимди дайыма президент кабыл алат”, - деп айтты Левитт.
Бүгүн мамлекеттик катчы Марко Рубио Конгресстин лидерлерине Тегерандын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу маалымат бергени жатканын Рейтер агенттигинин булагы билдирди.
АКШ Иранга чабуул коюу ыктымалдыгын жокко чыгарбай, Перс булуңуна деңиз аскерлерин жөнөткөн. 19-февралда Трамп Тегеранга өзөктүк программасы боюнча келишим түзүүгө 10-15 күн берерин айткан.
Вашингтон жана Батыштын башка өлкөлөрү Ислам жумурияты атомдук курал жасоону көздөйт деп эсептесе, Ирандын бийлиги өз программасы тынчтык максаттарын көздөгөнүн айтып келет. Тараптардын Омандын арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы бейшембиде Женевада болору кабарланган.
Январда Иранда өкмөткө каршы нааразылык акциялары күч менен басылып, кан төгүлгөндөн кийин АКШ ал өлкөнүн режимине кысымын күчөткөн.
Трамп Иран маселесине шейшемби күнү Конгресстеги жылдык кайрылуусунда токтолушу мүмкүн.