Кыргызстан Орусияда кароосуз калган дагы эки наристесин мекенине алып келди
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусиянын Екатеринбург шаарынан ата-энесинин кароосу жок калган эки бала Кыргызстанга алынып келгенин билдирди.
Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, наристелерди кайтаруу Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун көмөгү менен ишке ашты. Балдар Бишкектеги атайын балдар үйлөрүнө жайгаштырылып, аларды туугандарына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Адатта мындай ымыркайлар өз туугандарына өткөрүлүп берилет, эгер эч кимиси болбосо балдар үйүнө которулат.
2011-жылдан бери Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусиянын балдар үйлөрүндөгү кароосуз калган кыргыз тектүү наристелерди мекенине кайтаруу жараянын баштаган. Министрликтин маалыматына таянсак, ошондон бери жылына 1-2 жолу кыргызстандык мигрант кыз-келиндер төрөп, таштап кеткен наристелер алып келинет.
Акыркы жолу 2025-жылы күзүндө Орусиянын балдар үйлөрүнө калтырылган кыргызстандык беш ымыркай Бишкекке алып келинген.(ZKo)