Президент Садыр Жапаров учурда сот системасына сырттан кийлигишүү жок экенин 11-мартта парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал судьялардын көбү менен түз байланышта экенин, соттун ишине кийлигишкен учурларды тыйып коёрун билдирди.