Иранда өлгөндөрдүн саны онго жетти
![Иранда өлгөндөрдүн саны онго жетти](https://gdb.rferl.org/cc084207-e794-44ec-8bb5-d913dc671ff6_tv_w800_h450.jpg)
Ирандын мамлекеттик телеканалы өткөн суткадагы башаламандык учурунда өлгөндөрдүн саны 10 кишиге жеткенин кабарлады. Ирандагы нааразылык иш-чаралары 2009-жылдан берки эң ири нааразылык толкуну катары каралууда. Анда эл Махмуд Ахмединежаддын президенттикке шайланышына каршы чыгышкан эле.