Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2018

Новости за 11.07.2018

Azattyk.org 

НАТО Орусияны сындап, Македонияны чакырды

Брюсселде НАТОнун эки күндүк саммити өтүп жатат. Бул жолугушуу Түндүк-Атлантикалык альянстын жогорку жыйындарынын бир нече жыл ичиндеги эң татаалы катары мүнөздөлүп жатат. Жыйындын кечээки олтурумунда өнөктөштөр НАТОнун каржылык жүгүн калыс бөлүштүрүүгө милдеттенме алышып, Орусияны сындашты. Алар Македонияны альянска кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү расмий баштоого да чакырышты.

Azattyk.org 

Отунбаева: Конгантиевдин ишин сот чечиши керек эле

Саясатчы Азимбек Бекназаровдон кийин экс-президент Роза Отунбаева да мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин сотко жетпей кыскарышы боюнча билдирүү жасап, муну кескин айыптап чыкты. Отунбаева бул иштин токтотулушу президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жарыялаган аёосуз күрөшүнүн фонунда орунсуз көрүнүш экенин жарыялады. "Конгантиевдин ишин жаап койгондор, анын ишин артык кылам деп кайра тыртык кылды. Канча жыл өтсө да Таласта 2010-жылдын апрель айынын биринчи... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот реформасына бөгөт болгон тоскоолдуктар

Өткөн аптада башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясы баш болгон бир катар адамдарга кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Кыргызстанда буга чейин Жогорку соттун иштеп жаткан бир нече судьясына бирдей кылмыш иши козголгон учур каттала элек болчу. Укук коргоочулар бул окуяны прецедент катары сыпаттап, ал башка сотторго сабак болот деп үмүттөнүп жатышат. Сотторго кылмыш ишинин ачылышы чын эле президенттин сот реформасын жүргүзүү убадасынын аткарылып жатканын көрсөтөбү? Талкууга Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Клара Сооронкулова... Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп менен Меркел Брюсселде сүйлөштү

АКШ президенти Доналд Трамп менен Германия канцлери Ангела Меркел НАТОнун Брюссел саммити учурунда өзүнчө жолугушту. Анын алдында эле Трамп Берлин коргонуу тармагына жетиштүү каражат сарптабайт, Орусия менен газ куурлары боюнча “миллиарддаган доллардык” келишимдерге барып, ошол эле учурда АКШ аны Орусиядан коргойт деп күтөт деп сындаган. Меркел буга Германия көз карандысыз чечимдерди кабыл алууга кудуреттүү деп жооп берди. Канцлер менен кездешүүдөн кийин АКШ президенти коргонууга каражат бөлүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Босния жана Герцеговинада Сребреница курмандыктарын эскеришти

Босния жана Герцеговинадагы Поточари мемориалдык комплексинде 1995-жылдын июлунда Сребреницада өлтүрүлгөн сегиз миң мусулманды эскеришти. 2007-жылы БУУнун Эл аралык соту ал массалык кыргынды геноцид деп тааныган. 11-июлда трагедиянын 23 жылдыгында дагы 35 кишинин калдыктары жерге берилди. Маркумдардын тек жайы ДНК анализдеринин жардамы менен аныкталды. Учурда дагы миңдей киши дайынсыз болууда. Сребреницадагы эркектер менен өспүрүм балдар Босниядагы согуш маалында шаарча серб армиясынын көзөмөлүнө өткөндөн бери БУУнун коргоосунда болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК: Жол эрежесин бузганы тасмага тартылган адам чекист эмес

Бишкекте жол кайгуул кызматкерлери эреже бузганы үчүн кармаган учурда өзүн "УКМКнын жашыруун кызматынын өкүлү" катары тааныштырганы тартылган тасма Интернетке тарап кеткен адамдын аты-жөнүн аныктады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын бул органда иштейт турганын төгүндөдү жана транспорт каражаттарын сактоо боюнча кызмат көрсөткөн жеке ишкер экенин маалымдады.  Июлдун башында Интернетте "УКМКнын жана ИИМдин онунчу башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте мас болуп машине айдап жүрүшөт" деген видеотасма чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түрк элчиси: “Себаттын” ордуна башка мектептерди сунуштайбыз

Түркия ушул аптада башкаруу системасын өзгөртүп, президенттик бийликке өттү. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын ант берүү аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Түркиянын жаңы башкаруу системасына өтүшү менен кыргыз-түрк мамилесинде эмне өзгөрүү болот, буга чейин эки өлкө алакасынын солгундашына себеп болгон “Сапат” мектептери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдөбү? Бул суроолорго Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат жооп берди.

Azattyk.org 

Мансаптуулардын жер "бизнеси"

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго "коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук соту териштирип жатат. Депутатка 2010-2015-жылдары Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда ондогон гектер жерди мыйзамсыз сатып жиберген айып коюлган. Исаков күнөөлүү эмес экенин айтып келет.

Azattyk.org 

Ош мэрлигине талапкер шаарды өнүктүрүү программасын сунуш кылды

Ош шаарынын мэрлигине көрсөтүлгөн Таалайбек Сарыбашев бүгүн атайын бекитилген тил комиссиясында мамлекеттик тилден сынак тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы кабарлады. Сарыбашев биринчи талап катары калааны өнүктүрүү боюнча өз платформасын кыргыз тилинде кагазга түшүрүп, оозеки тааныштырды. Анда ал Ош шаарында экономиканы өнүктүрүү, инвесторлорго шарт түзүү, коррупцияны тыюу боюнча иш мерчемдери бар экенин жарыялады. Ошондой эле коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу боюнча да убадаларды берди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Камакка алынган эксперттин ордуна жаңы кадр дайындалды

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын төрагасынын орун басары болуп Табылды Матсаков дайындалды. Ал бул мекеменин жетекчисинин камакка алынган орун басарынын ордун ээледи.  Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кол койду. Бүгүн Башкы прокуратура Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Факты боюнча жетекчилик кызматтагы эки адам жана бир кызматкер камакка алынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда белгилүү журналист 12 жылга түрмөгө кесилди

Тажикстандын соту журналист Хайрулло Мирсаидовду 12 жылга кести. Хужанд шаардык соту аны "мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы үчүн күнөөлүү" деп тапты. Мирсаидов былтыр декабрда кармалган. Ал күнөөсү жоктугун, бул иш өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары үчүн өч алуу экенин айтып келатат. Адвокаттары өкүмдү «адилетсиз» деп аташты жана апелляциялык арыз берерин билдиришти. Мирсаидов – эркин журналист. Мурда "Asia-Plus" жана “Немис толкуну” агенттиктеринин кабарчысы болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Балыкчы-Корумду жолу боюнча иш козголду

Башкы прокуратура Балыкчы–Корумду жолунун курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл органы Жол чарба департаментин "консультанттарды тартууда бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу схемасы түзүлгөн" деп күнөөлөп жатат. Бирок департамент өкүлдөрү эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтууда.

Azattyk.org 

Өкмөт казак элчиси менен кызматташуунун жаңы баскычын талкуулады

Бүгүн, 11-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады. Премьер-министр келечекте өз ара кызыкчылыктарды жараткан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу маалымдады. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде жемиштүү саясий-экономикалык диалог түзүлгөнүн белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түрк элчиси: “Себатка” альтернатива катары башка лицей сунуштайбыз

Түркия “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда башка окуу мектептерин киргизүүнү каалайт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат “Азаттыкка” берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Элчи бул боюнча кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизилгенин белгиледи: -“Себат” же азыр “Сапат” деп аталган мектептер боюнча талаптарыбызды кыргыз тарапка бердик. Бул боюнча кыргыз тарап кандай чечим кабыл аларын учурда күтүп жатабыз. Ошол эле мезгилде биз кыргызстандыктардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түрк элчиси: “Себатка” альтернатива катары башка лицей сунуш кылабыз

Түркия “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда башка окуу мектептерин киргизүүнү каалайт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде билдирди. Элчи бул боюнча кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизилгенин белгиледи:  - “Себат” же азыр “Сапат” деп аталган мектептер боюнча талаптарыбызды кыргыз тарапка бердик. Бул боюнча кыргыз тарап кандай чечим кабыл аларын учурда күтүп жатабыз. Ошол эле учурда биз кыргызстандыктардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нангархардагы теракттан он киши окко учту

Ооганстандын Нангархар чөлкөмүндө өкмөттүк мекемеге кол салуу маалында бери дегенде 10 киши набыт болду. Эки жанкечти Жалалабад шаарындагы билим берүү бөлүмү жайгашкан имаратка чабуул койгондон кийин коопсуздук күчтөрү менен бир нече сааттык атышуу тутанды. Провинциянын полиция башчысы генерал Гулям Санаи Станекзайдын айтымында, жанкечтилердин бири өзүн өзү жардырып жиберди, экинчиси атышууда окко учту. Маалыматка караганда өлгөн 10 киши мекеменин кзыматкерлери болгон. Дагы 10 киши жараат алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

12-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

12-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. 12-июлда күндүз да кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө түнү да, күндүз да жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 10-14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 19...24, күндүз 30...35; Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34; Ошто... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Новичок" менен ууланган британиялык адам эсине келди

Англияда «Новичок» тобуна кирген зат менен ууланган Чарли Роули эсине келди. Солсбери ооруканасынын догдурлары 45 жаштагы Роулинин абалы оор экенин, өмүрүнө коркунуч сакталып жатканын билдиришти. Британ бийлиги Солсбери жана Эймсбери шаарларынын жашоочуларын көчөдөн ийне, шприц же башка бул өңдүү нерселерге тийбөөгө үндөдү. Ошол эле маалда Саламаттык сактоо минитсрлигинин өкүлдөрү калкка кооптуу кырдаал жаралуу ыктымалдыгы төмөн деп белгиледи. Роули менен кошо нервди шал кылчу зат менен ууланган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түлеевдин уулунун үйү талашка түштү

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин баласы Санжар Нариман уулунун атына катталган үйдү сот аткаруучулардын конфискация кылуу аракети чыр менен коштолду. Түлеевдин туугандары бул үй мураска калганын айтып, аны алууга келген Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери, сот аткаруучулар менен каяша айтышты. Тараптар бир сыйра жөөлөшө да кетишти. Натыйжада үйдү мамлекетке алуу 20-июлга чейин калтырылды.

Azattyk.org 

Леонид Брежневдин небереси 57 жашында көз жумду

Крымда СССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин баш катчысы Леонид Брежневдин небереси Андрей Брежнев жүрөгү кармап көз жумду. Маркум “Жаңы коммунисттер” деген партияны жетектечү жана 2016-жылга чейин Коммунисттик партиянын мүчөсү болчу. Ал жылы болсо “Ата Мекен” партиясына кирген. Бир нече жолу Мамдумага, Свердлов жана Тула облустарынын губернаторлугуна, Москванын вице-мэрлигине талапкер болуп ат салышкан. Андрей Брежнев 57 жашта болчу.

Azattyk.org 

Сууга түшүү: сактыкта кордук жок

Жайкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу кандай жүрүп жатат? Балдар коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүүбү? "Азаттыктын" апта түрмөгү мына ушул теманы талкуулайт.

Azattyk.org 

НАТОнун татаал жана талаштуу саммити

Брюсселде бүгүн НАТОнун саммити башталды. Түндүк Атлантикалык Альянстын бул жолку эки күндүк эң жогорку отуруму анын бир нече жыл ичиндеги эң татаал жыйыны катары бааланууда. Саммитти утурлай АКШнын президенти Дональд Трамп адаттагыдай эле НАТОнун Европадагы мүчөлөрүн каржылык милдеттенмелерин аткара албай жатышканы үчүн сындаса, Брюссел тарап өз кезегинде Вашингтонго анын Европадан артык өнөктөшү жок экенин эскерткен.


Дочь Анастасии Заворотнюк во время похорон поддерживал её тайный муж

Диетолог Пичугина порекомендовала ограничиться тремя морожеными в неделю

«Ваша любовь давала силы»: Чернышев поблагодарил всех, кто переживал за Заворотнюк

Более 1 700 потерпевших: фигурантам дела о теракте в «Крокусе» продлили арест



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Юрист рассказал, как добиться компенсации за потопленное во время дождя авто

«Не успела сыграть главную роль»: Авербух проводил Заворотнюк в последний путь

Грузовик опрокинулся в результате столкновения с легковушкой в Москве

В Подмосковье после реконструкции открыли спортивную площадку

Музыкальные новости

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Путин назвал безобразием изъятие детей из-за неработающей печки под Красноярском

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 5 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 3 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

Новости России

Белый открытый гроб, муж и дети: как прощались с Анастасией Заворотнюк

В селе Крапивна Тульской области стартовал фестиваль Крапивы

Московская пенсионерка подшутила над мошенниками

Подмосковный НИКИ детства провел онлайн-марафон «Бегом за здоровьем» 1 июня

Экология в России и мире

Волжский нарцисс - Плес

AlfaBiom выпустили на рынок России БАД с красным ферментированным рисом

«585*ЗОЛОТОЙ» выступила партнером медиафестиваля творческой молодежи YOUPITER

Конференция «Общество и психическое здоровье» прошла в Ставрополе

Спорт в России и мире

Пресс-служба WTA мемом отреагировала на тяжёлую победу Свёнтек над Осакой

Арина Соболенко повторила уникальное достижение Азаренко на турнирах «Большого шлема»

Вице-президент ФТР Селиваненко: у Рублева не пошла игра с Арнальди

Надаль пропустит Уимблдон из-за желания сыграть на Олимпиаде

Moscow.media

С 1 июня изменится схема движения на участке трассы Р-280 Новороссия в Ростовской области

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

ТСД промышленного класса Saotron RT-T60







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *