Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2019

Новости за 16.09.2019

Azattyk.org 

Чек ара кызматы курман болгон чек арачынын жакындарына көңүл айтты

Кыргызстандын чек ара кызматы 16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышта курман болгон “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына көңүл айтты. Мекеме ал Максат айылындагы жаңжалда кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатометтон аткылоосунан көз жумганын белгилеген. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды. «Тажик тарап бир канча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта эки тараптан 20дай киши жаракат алды

Баткендин Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан улам Кыргызстандан жалпысынан сегиз киши жарадар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Максат айылына жакын жердеги атыштан эки чек ара кызматкери жана аталган айылдын алты тургуну жаракат алды. Алардын ичинде 14 жаштагы өспүрүм бар. Жаракат алгандар Лейлек райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын ичинен эки аскердин абалы өтө оор деп бааланууда, бири башынан жараат алса, экинчисине ок жаңылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик министрлери чек арадагы абалды талкуулашты

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу кыргыз тышкы саясат мекемеси кабарлады. Сүйлөшүү маалында Айдарбеков Баткен облусундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине тажик аскерлеринин ок чыгарышы кабыл алынгыс экенин билдирди. Ошондой эле министр тажик тараптын огунан бир чек арачы каза болуп, эки адам жарадар болгонун жана Кыргызстандын жаранынын үйү өрттөнгөнүн кабарлады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Премьер-министр чек арадагы абал боюнча жыйын өткөрдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч органдарынын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берди. Премьер-министр чек араны коргоо чараларын жана чек арага жакын аймактардын тургундарынын коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды. Абылгазиев кыргыз тарап буга чейин макулдашылган мамлекет аралык келишимди так сактарын белгилеген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акрам Мадумаров: «Талаштуу курулушту токтотууга көңүл бурулган жок»

Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып Кыргызстандын бир чек арачысы окко учту. Учурдагы чек арадагы абал боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров “Азаттыкка” маек курду.

Azattyk.org 

Лейлекте чек арачы курман болду, атышуу токтоду

Мамлекеттик чек ара кызматы 16-сентябрда  Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетинде ок атышуудан Кыргызстандын бир чек арачысы каза болгонун билдирди. Ок атуу саат 21:30га карата токтогону кабарланды. Учурда абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүүдө. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Аркадаг» аткаминерлерди ыйлатты

Түркмөнстанда соода жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча экс-министр Амандурды Ишанов баштаган жоон топ мурдагы аткаминерлер, бизнесмендер соттолду.

Azattyk.org 

Иран Бириккен Араб Эмираттарынын мунай кемесин кармады

Иран бийлиги Перс булуңунда Бириккен Араб Эмираттарынын мунай ташып бараткан кемесин кармады. Тегеран танкер мунайды аткезчилик жолу менен алып бараткан деп шектенүүдө. Анда кайсы өлкөнүн жарандары бар экени азырынча белгисиз. Танкерди кармоо Сауд Арабиясынын мунай өндүрүшүн эки эсе азайтууга алып келген чабуулдан кийинки кризис учуруна туш келди. Сауд Арабиясындагы эки заводго 14-сентябрда эртең менен чабуул коюлган. Ал үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алды. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын ырастады. Ал учурда ок кайсы тараптан чыкканын айта албай турганын, кеңири маалымат бир аздан кийин берилерин кошумчалады. Бөрүбаеванын айтымында, райондун Максат айылына жакын жерде ок атылган.  Мунун алдында социалдык тармактарда видео тарап, анда кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп жатканы айтылган. Видеону тартып жаткан жергиликтүү тургун алыста октун үнү угулганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эдвард Сноуден Франциядан баш паанек сурады

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Франциянын президенти Эммануэл Макронго кайрылып, ага баш паанек берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу ал Франциянын «Интер» радиосундагы маегинде билдирип, «маалымат берүүчүнү коргоо кастык иш эмес экенин» белгилеген. Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын жайында АКШ жана Британиянын тыңчыларынын программалары тууралуу маалыматтарды Интернетке жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кетип... Читать дальше...

Azattyk.org 

HRW Шинжаңда ата-энеси камалган балдар боюнча тынчсызданууда

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму Кытай бийлигин Шинжаң районундагы балдар үйлөрүндө кармалган өспүрүмдөрдү ата-энелерине же жакындарына өткөрүп берүүгө чакырды. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюмдун 15-сентябрдагы билдирүүсүндө расмий Бээжин «сансыз баланы» ата-энесинин уруксаты жок интернаттарда кармап турганы, аларды кытай тилин жана үгүттүк ыр-бийлерди үйрөнүүгө мажбурлап жатканы айтылат. Бул балдардын кайсы биринин ата-энеси саясий тарбия лагерлеринде кармалып турса, айрымдары өлкөдөн чыгып кетишкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Уранга бай Самалкөл унутта

Жаңы жылдан тарта Өзбекстан Кытайдын жарандары үчүн визасыз режим киргизет. Тажикстанда мектеби жок айылдардын окуучулары итке таланган учурлар көп. Казакстанда бир кезде уран казган шахтерлордун Самалкөл шаарчасы унутта. Янгиюлдагы байыркы кумураны өрт өчүрчү курал талкалады.

Azattyk.org 

Балбан Азизбеков коло байгеден куру калды

Кыргызстандык балбан Атабек Азизбеков Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн беттеште жеңилди. Ал өзбекстандык Рустам Ассакаловго 6:2 эсебинде утулуп калды. Коло байге үчүн күрөштө жеңилгенине карабай 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду.  Азизбеков беттештерин 15-сентябрда баштап, грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Алгач ал латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки беттешинде венгриялык Виктор Лоринчеге жеңилди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ыктыярчылар көлдү тазалашты

Ысык-Көлдө 150дөн ашык ыктыярчы көлдүн жээгин тазалап чыгышты. Алар Бишкектен жана чет өлкөлөрдөн да келишкен. Биосфералык аймакты таза сактоого багытталган иш эми салтка айланып, жыл сайын өтөт. EUBeachCleanup акциясы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өттү.

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн жылуу болот

17-сентябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26; Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23; Ош, Жалал-Абад жана Баткен  аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18; Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.

Azattyk.org 

Президент Жээнбеков латын алфавитине өтүүнү колдобойт

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-сентябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алп жатып билдиргенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы акыркы убакта коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча да пикирин билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекке Новосибирскинин бир катар компаниялары келет

24-27-сентябрь күндөрү Орусиянын Новосибирск облусунан тамак-аш өнөр жайы жана биотехнология жаатында иштеген экспортёрлор Бишкекке келишет. Новосибирскиден келген компания өкүлдөрү Кыргызстандын ишкер чөйрөсү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү менен жолугууну пландап жатышат. 24-сентябрда алар чыгарган өндүрүмдүн бет ачарын өткөрүп, кызматташуу үчүн реалдуу өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүшөт. Новосибирскиден келген ишкерлер 25-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» форумуна... Читать дальше...

Azattyk.org 

Адвокат Икрамидин Айткуловдун иши сотко өттү

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы адвокат Икрамидин Айткуловго карата «Алдамчылык» беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ага байланыштуу «Алдамчылык» беренеси менен дагы бир иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Айткулов 22-августта Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камалган. Ага каршы жергиликтүү тургун 2018-жылдын сентябрында арыз жазып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Гонконгдогу акцияларга жүз күн

16-сентябрда Гонконгдогу демократиячыл кыймылдын башталганына 100 күн болду. Өткөн дем алышта демонстранттар менен полиция кайрадан кагылышты.

Azattyk.org 

Жаатташтырган Жака-Өрүк

Баткен менен Лейлекти байланыштырган жолдун боюнда тажик тарап курулуш иштерин баштаган Жака-Өрүк тилкесинин таржымалы кандай?

Azattyk.org 

Өзбекстан: 25 жаштагы кумса аны өлтүргөн адам менен Интернеттен таанышкан

Ташкент шаарынын ички иштер башкармалыгы киши колдуу болгон 25 жаштагы кумса жигит Шокир Шавкатовдун өлүмү боюнча кеңири маалымат таратты. Маалыматта Шавкатов аны өлтүрдү деп шек саналып жаткан 28 жаштагы Одилжон аттуу бала менен «ВКонтакте» социалдык тармагынан таанышкан. 11-сентябрда алар батирде жолугушуп, Одилжон аны бычактап салганы айтылат. Окуяны ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү кармалып, ага «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шокир Шавкатовдун достору... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Коопсуз шаар - 2» долбоорун кытайлык компания ишке ашырат

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка караганда, экинчи орунду орусиялык БИС компаниясы алган. Тендерге катышкан дагы бир орусиялык «Вега» ишканасынын сунушу Салык кызматына жана Социалдык фондго карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат тапшырбаганына байланыштуу четке кагылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөнстанда мурдагы соода министри соттолду

Түркмөнстанда мурдагы соода жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча министр Амандурды Ишанов коррупциялык иштер боюнча соттолду. Ал жакында эле кызматтан алынган болчу. 13-сентябрда мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн видеоматериалда колуна кишен салынган Ишанов баштаган бир канча адам жемкорлук жана башка кылмыштарды мойнуна алышкан. Алардын видеосу чоң монитордон өкмөттүн жыйыны учурунда да көрсөтүлгөн. Жыйында башкы прокурор Батыр Атдаев президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун жетекчилиги... Читать дальше...


Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Семья Заворотнюк в соцсетях поблагодарила поклонников актрисы за поддержку

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

Депутат Коган отметил необходимость развития массового спорта в Подмосковье



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Что тебе спица. Как гениальный врач Илизаров изменил костную хирургию

«Торпедо» и «Алания» пока не договорились по Александру Короткову

«Любовь»: Московский зоопарк показал отдыхающую на спине у мамы панду Катюшу

Китайский режиссер Итэн Дин начал работу в Театре наций

Музыкальные новости

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей

Студия Звукозаписи в Москве. Создание Песен, Музыки, Аранжировок.

Агент Орещук допустил, что Смолов перейдет в ЦСКА

Генпрокуратура потребовала передать государству велотрек с Олимпиады-80

Новости России

В Москве к вечеру четверга выпало рекордное количество осадков

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

«Тетрису» — 40 лет! Легенда компьютерных игр по-прежнему популярна

«Бизнес молодеет». Кристина Кострома — о помощи Москвы предпринимателям

Экология в России и мире

Создайте стильный образ из самых простых вещей в гардеробе

Добрые рисунки: «585*ЗОЛОТОЙ» запустила конкурс ко Дню защиты детей

Вкусно и полезно: лучшие сезонные фрукты и ягоды, которые стоит включить в рацион летом, чтобы получить витаминный заряд

Победитель фирменной игры «Авторадио» получил ключи от Oting Паладин

Спорт в России и мире

Теннисист Джокович побил рекорд Федерера по победам на турнирах "Большого шлема"

Мирра Андреева обыграла представительницу Франции Грачеву на "Ролан Гаррос"

Елена Рыбакина добилась впечатляющего достижения

Названо условие сенсации в матче Арины Соболенко с вундеркиндом из России

Moscow.media

Мобилизованного свердловчанина приговорили к 23 годам "строгача" за подрыв гранаты в казарме

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

В Москве арестовали бывшего замглавы Росприроднадзора по делу о мошенничестве

Heroje H288BW- портативный сканер штрих-кодов с интерфейсом Bluetooth







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *