Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2020

Новости за 10.01.2020

Azattyk.org 

АКШ Иранга жаңы санкция салды

Кошмо Штаттар Ирандын сегиз жогорку расмий өкүлүнө каршы санкция киргизди. 10-январда Вашингтондогу маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Майк Помпео жана финансы министри Стивен Мнучин Ислам жумуриятынын болот, метал өнөр жай тармагындагы 17 компаниясына да санкция салынганын жарыялашты. Жазалоочу чараларга туш болгон аткаминерлердин арасында Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани, Куралдуу күчтөрдүн штаб башчысынын орун басары Мохаммад Реза Асхитани жана башкалар бар. Финансы министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек араны кыргыз-тажик милициясы чогуу кайтарып жатат

Кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн күч кызматкерлери чогуу кайтарып жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук милициясынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. 10-январда кечке жуук ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Көк-Таш айылынын тургундары менен жолуккан учурда элдин коопсуздугун милиция көзөмөлдөп, тажик тарап менен бирге күзөт уюштурулганын айтты. Орозалиев чыр-чатактардын алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө тапшырма берди.   ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда жума намазы учурунда бомба жарылды

Пакистандын Кветта шаарындагы жардыруудан полициянын жогорку даражалуу офицери жана дагы 14 киши өлдү. Расмий маалыматка караганда, окуядан 20дай киши жараат алды. Жума намазы маалында мечитте болгон кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Кветта - Ооганстан жана Иран менен чектешкен, табигый энергия булактарына бай Балучистан аймагынын борбору. Ал жакта мазхаб аралык тиреш, жикчилдердин жана исламчыл радикал уюмдардын зомбулугунан 2004-жылдан бери миңдеген кишинин өмүрү кыйылды. 7-январда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран кыйраган учактын кара кутусундагы маалыматтарды көчүрүп алат

Иран Тегерандын четинде кулаган украиналык учактын кара жашигиндеги маалыматтарды көчүрүп аларын билдирди. "Жабдыктар талкаланган болсо, анда жардам сурайбыз", - деди Ислам жумуриятынын жарандык авиация мекемесинин жетекчиси Али Абедзадех 10-январдагы пресс-конференцияда. Абедзадех жана башка жетекчилер Иран аскерлери аткан ракета “Боингге” тийген болушу ыктымал деген АКШ, Британия жана Канаданын буга чейинки божомолдорун четке кагышты. Буга чейин аталган өлкөлөрдүн лидерлери чалгын маалыматтарга таянып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз жана тажик өкмөт башчылары чек арадагы абалды сүйлөштү

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Алар 10-ноябрга оогон түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан эки тараптуу чараларды сүйлөшкөн. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди. «Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кохир Расулзода чек аралаш аймактагы коопсуздукту бекемдөөнүн жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ок жеген илбирс операцияга муктаж

Таласта жергиликтүү тургундар кармап алган жаралуу илбирс Бишкекке жеткирилди. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, ак илбирске ок тийген. Бул Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору жана медициналык кызматкерлердин катышуусу менен өткөн кеңешмеде аныкталды.

Azattyk.org 

Чек ара кызматы Тажикстандын жаңжал боюнча маалыматын төгүндөдү

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара аскерлеринин 10-январга карата түнү орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалыматын “чыныгы абалды бурмалоо” деп атады. Бул тууралуу кыргыз Чек ара кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда жаңжалды тажик жарандары баштап, үч саат бою Тажикстан тараптан гана ок атылганы айтылган. Жаңжал Баткен районундагы кыргыз -тажик чек арасында болгон.   “10-январга караган түнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагындагы инцидентке... Читать дальше...

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиялык дипломат генерал Сулейманинин Ирак менен Сириядагы христиандарды коргоодогу ролун жогору баалады

Орусиянын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов сириялык христиандардын  генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасын өткөргөндүгүнө ишара кылып, бул ирандык генералдын Ирак менен Сириядагы христиандарды коргоодогу ролун жогору баалады.

Azattyk.org 

"Кызыбызды күйөөсү жанчып салган экен". Кочкордогу окуянын чоо-жайы

Кочкор районунда 37 жаштагы аял жаңы жыл майрамын тосуп жаткан түнү күйөөсүнүн токмогунан каза тапты. Бул окуядан кийин киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркумдун 34 жаштагы күйөөсү кармалып, камакка алынды. Милицияга берген маалыматында ал аялын эки жолу жаакка муштап, андан соң каракушка бир жолу тээп жибергенин айткан.

Ca-irnews.com (kg) 

Кунар провинциясынын губернатору: Ооганстандын чыгышында ИШИМдин 1200дөй согушкери бар

Ооган бийлиги ИШИМ террордук уюмунун жеңгендигин жарыялап жаткан учурда Кунар провинциясынын губернатору өлкөнүн чыгышында дагы деле ИШИМдин 1200дөй мүчөсү бар экендигин билдирди.

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрүнүн чек ара боюнча сүйлөшүүсү аяктады

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүү аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүгө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов, Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Бахавидин Баходирзода жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Анда тараптар кырдаалды турукташтыруу үчүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жарадар илбирсти Бишкекке алып келишти

Таласта жергиликтүү тургундар кармап алган ак илбирс Бишкекке алып келинди. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, учурда ал Бишкектеги Кыргыз Агрардык университетинин ветеринардык клиникасына жайгаштырылып, текшерилип жатат.

Azattyk.org 

11-январга карата аба ырайы

11-январда айрым тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7; Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…1, күндүз 3…8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5; Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градус болот. Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 4...6 градус болот.(BkA)

Azattyk.org 

Азербайжан Бишкекте сейилбак курат

Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын Достук сейилбагы пайда болот. Аталган сейилбакты негиздөө капсуласы салынды. Ага президент Сооронбай Жээнбеков жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев катышты. Жээнбеков аземдин жүрүшүндө Жээнбеков «Кыргызстан Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн достук мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берет», - деп билдирди. Бишкектин Токомбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын аянты 5,5 гектарды ээлейт. Жаңы сейилбак... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда экс-дипломат чыккынчылык үчүн айыптуу деп табылды

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, 68 жаштагы Кодиржон Юсупов мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыптуу деп табылды. Юсупов отуз жылдай Австрия, Словакия, Британия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү дипломатиялык миссияларда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы өкүлчүлүктө кызмат өтөгөн. 2002-2003-жылдары мекеменин басма сөз кызматын жетектеген. 2009-жылы иштен алынган. Андан бери мамлекеттик кызматтарда эмгектенген эмес. Жакындары жана адвокаттары Юсупов 1995-жылдан бери психикалык оорудан жабыркап жүргөнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара: Көк-Таш айылынан 254 адам мектепке жайгаштырылды

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган жердеги тургундар Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы мектептин имаратына жайгаштырылды. Алардын көпчүлүгү балдар жана аялдар. Мындай аракет жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жасалды.  Учурда чек арага жакын аймакта кырдаал тынч. Бүгүн эки өлкөнүн вице-премьерлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброгим телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө, чагымга алдырбоо боюнча чараларды кабыл алуу боюнча пикир алышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Хорватия Албания менен Түндүк Македониянын Еврошаркеттеги келечегине оптимисттик көз карашта

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович Балкандагы дагы эки өлкө Албания жана Түндүк Македония жакын арада Европа биримдиги менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн башташат деген ишенимин билдирди. 9-январда Загребде Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен кездешүүдөн кийинки пресс-конференцияда премьер эки чакан өлкөнүн максатына жетүүсү үчүн Хорватия “жагымдуу климат” түзөт деп убада кылды. 1-январда шаркетке төрагалык кылуу вазийпасы жарым жылга Зегребге өткөн. Буга чейин Франция жана Нидерланд... Читать дальше...

Azattyk.org 

Матраимовдун арызы боюнча “Клооптун” айдоочусу милицияда сурак берип жатат

“Клооп” порталынын айдоочусу Бекболсун Каипов Ош шаардык милициясында сурак берип жатат. Мындай маалыматты аталган порталдан ырасташты. Маалыматка ылайык, 9-январда “Клооп” порталынын кабарчылары Ош шаарындагы мыйзамсыз курулган имараттар жөнүндө тартып жүргөн. Ал жерде дрон учурган маалда белгисиз адам келип, үйдү тартпоону суранган. Журналисттер тактаган учурда ал адам Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун “тууганы” экенин айткан. “Клооптун” жазышынча, кабарчылар... Читать дальше...


Путин: новые территории останутся с РФ навсегда

Стартовал конкурс видеороликов «Россия твоими глазами» для привлечения туристов

Жители Саратовской области могут принять участие во Всероссийской онлайн-акции «Свеча памяти»

Собянин сообщил об открытии «Домиков добра» для сбора гуманитарной помощи



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

42-летняя певица Вера Брежнева в неожиданном образе порадовала поклонников

Путин: Москва поддерживает идею о разработке хартии многообразия в XXI веке

МГИМО объявил о наборе в новый сезон акселерационной программы

Налоговая заблокировала счета Анастасии Ивлеевой

Музыкальные новости

LG HVAC ACADEMY: ГОТОВИМ ПРОФЕССИОНАЛОВ ДЛЯ РАСТУЩЕЙ ОТРАСЛИ

Пожар у станции «Динамо» в Москве потушен

Площадь пожара в здании у метро «Динамо» в Москве составляет 400 квадратов

Metatokens: инновационная платформа для дохода в экосистеме TON и ETH

Новости России

Фестиваль «Русская музыка на Балтике» посетили свыше семи тысяч зрителей

Книжная выставка «Летнее чтение – вот это приключение!»

Налоговая заблокировала счета Анастасии Ивлеевой

Выездное заседание комитета Мособлдумы состоялось в Люберцах

Экология в России и мире

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Как существовала платная стоматология в СССР — стране бесплатной медицины

Metatokens: инновационная платформа для дохода в экосистеме TON и ETH

Назван российский город, откуда в Турцию срочно увеличивают число рейсов, впервые поставив широкофюзеляжный самолет Airbus 330

Спорт в России и мире

Федерер рассказал о недооценке Джоковича на старте карьеры

«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук

Соболенко в купальнике зажигательно станцевала перед женатым бойфрендом. Видео

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

Moscow.media

Летний Петербург. Старо - Калинкин мост

Утро нового лета....

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Вечерело...







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *