Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2020

Новости за 27.03.2020

Azattyk.org 

Пианист Азамат Сыдыков акысыз онлайн сабактарды өтөт

Нью-Йоркто жашаган белгилүү кыргызстандык музыкант, Кыргыз-Америка фондунун негиздөөчүсү Азамат Сыдыков фортепиано боюнча онлайн мастер-класстарды, арт-ишкерлик боюнча семинарларды өткөрөт. Ага Кыргызстандагы 14 жаштан 25 жашка чейинки пианисттер катыша алышат. Муну менен Сыдыков коронавируска байланыштуу карантинде отурган пианисттердин билимин өркүндөтүүгө өз салымын кошкусу келет. Сабактар 1-апрелден 1-майга чейин Zoom тиркемеси аркылуу видеоконфереция уюштуруу менен өткөрүлөт. Толук маалыматты аталган фонддун сайтынан тапса болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Путиндин администрация мүчөсү COVID-19 менен ооруп калды

Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация мүчөсү коронавирус жугузуп алганын Кремль билдирди. Бирок ал орус лидери менен түз байланышта болбогонун Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 27-мартта айтты. Ал илдетке кабылган адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок. «Коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн бардык тийиштүү санитардык жана эпидемиологиялык чаралар көрүлдү. Ооруп калган адам президент менен байланышта болгон эмес», - деди ал. Орус бийлиги өлкөдө COVID-19 илдетине кабылган адамдардын саны миңден ашканын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Кыргызстан Казакстандан маалымат сурады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, Кыргызстандан барган казакстандыктардан коронавирус аныкталганы жана башка жагдайлар боюнча маалымат берүүнү сурады. Муну министрлик Кыргызстандын аймагында алар менен байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо максаты менен байланыштырды. ТИМ тараткан маалыматка караганда мындай кайрылууга кошуна өлкөнүн айрым маалымат каражаттарында Кыргызстандан барган казакстандык жарандардан коронавирус аныкталып жаткандыгы тууралуу маалыматтар негиз болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Вьетнамдагы кыргызстандык мигранттар ара жолдо калганын айтышууда

Вьетнамдын Нячаң шаарында мейманкаларда иштеген 20дан ашуун кыргызстандык учурда мекенге кайта албай турат. Бул тууралуу алардын бири Кутман Молдакунов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, алар иштеген мейманканалар коронавируска байланыштуу жабылып, ишсиз калышкан. «Кыргызстанга кайталы деп болгон акчабызга билет алганбыз. 26-мартта Вьетнамдан Новосибирскиге, ал жактан Бишкекке учмакпыз. Аэропортко барганыбызда, «S-7 Airlines» компаниясы «алгач бортко орусиялыктарды гана алабыз, орун калса силерди батырабыз» деп айтышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги: Аэропорттордо күнү-түнү иштеп жатабыз

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн аймагында мекенине кайта албай жаткандарга жардам бериш үчүн мобилдик топтор түзүлгөнүн, алардын тамак-ашын камсыздоо жана медициналык жардам жагынан көмөк көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Элчилик 27-мартта билдирүү таратып, бул багытта иш күнү-түнү жүрүп, штабдын өкүлдөрү «Домодедово» жана «Шереметьево» аэропортторунда орус тарап жана авиакомпания өкүлдөрү менен тийиштүү иш улантып жатканын билдирди. «Бүгүнкү күндө «Шереметьеводо» 40ка жакын кыргызстандык жалпы зонада... Читать дальше...

Azattyk.org 

Швейцария Кыргызстанга гумжардам көрсөттү

Швейцария өкмөтү Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы каражаттарды өткөрүп берди. Бул өлкөнүн элчилиги кабарлагандай, 27-мартта гуманитардык жардам Чүй облустук жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө бригадаларына тапшырылды. Алар жалпы баасы 3 миллион сомдук эпидемияга каршы коргонуучу костюмдар, беткаптар, көз айнектер, мээлейлер, антисептиктер жана башка каражаттар менен камсыз болду. Кыргызстанда 27-марттын 14:00үнө карата коронавирус жуккан дагы 14 киши аныкталып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия: Бишкекке берилген ооруканада жасалма дем алдыруучу 22 аппарат бар

Бишкекте Түркия куруп берген ооруканада 21 реанимациялык орун, жасалма дем алдыруучу 22 атайын аппарат бар. Бул тууралуу 27-мартта Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.  Элчилик билдиргендей, мындан тышкары эки операция залы, бейтап жатып дарыланчу 51 орун бар. Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин элчилик 25-мартта билдирген. Мындай чечим COVID-19 оорусуна... Читать дальше...

Azattyk.org 

Карантиндин пайдасын көргөндөр

Чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жүргөн мекендештердин айрымдары коронавируска байланыштуу жашаган жеринде бир нече аптадан бери карантинде. Алар үйдө отуруп, эмне менен алектенип жатканын бул видеодон көрүңүз.

Azattyk.org 

Мигранттар Орусиядан чыга албай калышты

“Чоң жыйырманын” саммитинде Владимир Путин санкцияларды ала турууну сунуш кылды. Мекенге келе албай, аэропорттордо түнөп жаткан кыргызстандыктардын көйгөйү чечиле элек. Орусия 27-мартта бардык чет өлкөлөр менен авиакаттамын токтотту.

Azattyk.org 

COVID-19 Кыргызстанда 58 адамга жетти

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандар дагы 14 кишиге көбөйүп, 27-мартка карата ооругандардын жалпы саны 58 адамга жетти. СOVID-19 вирусу жаңы табылгандардын көпчүлүгү илдетти өлкө ичинде жугузуп алган.

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министринен коронавирус табылды

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондон коронавирус табылды. Бул тууралуу 27-мартта ал өзү кабарлады. Өкмөт башчынын айтымында, анда оорунун жеңил белгилери байкалган. Абалы канааттандырарлык. Ошондуктан 55 жаштагы Жонсон өкмөттү башкарууну резиденциясынан чыкпай уланта берет. Буга чейин Британиянын ханзадасы Чарлз да ушул илдетке кабылган. Бир күн мурда Орусиянын Эл артисти Лев Лещенко COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болгон. Анын абалы оор экени кабарланууда. Ошондой коронавирус жугузуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ипотека компаниясы: Төлөм мөөнөтүн узартса болот, бирок үстөгү кала берет

Кыргызстандын Мамлекеттик ипотека компаниясы насыя боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу шарттары тууралуу маалымат берди. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, коронавирустан улам өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштуу ипотекалык насыясын төлөй албай жаткан кардар жеке өзү арыз менен кайрылышы керек. «Ар бир зайымчынын кайрылуусу өзүнчө каралат. Бирок насыяны кайтаруу мөөнөтүн узартуу деген бир нече төлөмдү кечүү дегенди түшүндүрбөй турганын эске алыш керек», деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Нарын: ордо жөн эле оюн эмес

Нарындык ордочулардын бул жолку мелдешине жети команда катышкан. Алар Ат-Башы, Кочкор жана Нарын районунун ордочулары. Ар жылы уюштурулган бул таймаш алты айга созулат. Жыйынтыгы жаз айында чыгат.

Azattyk.org 

ТИМ: Чет жактан келе албай жаткандарга жардам берилет

Кыргызстан чет жактан келе албай жаткан жарандарына жардам берүү жолдорун караштырып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» 27-мартта Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди: «Жардам, албетте болот. Бирок бул бир күндө же бир саатта чечиле турган маселе эмес. Республикалык штабга бардык мамлекеттик органдар тартылган. Кандай негизде жардам беребиз, баары макулдашылып, такталып чечилет».  Дыйканбаев Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана консулдуктары менен байланышта болуп туруу керек экенин кошумчалады. Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Шок болдук! Олимпиаданын жылдырылышы боюнча кыргызстандык спортчулардын пикири

Кыргызстандын спортчулары Токио Олимпиадасы жылдырыларын күтүп жатканын, бирок ага карабай расмий чечими чыкканга чейин катуу даярдык көрүп келгенин айтып беришти. Айрым спортчулар мындай кабарды укканда шок абалында калган.

Azattyk.org 

Эл үнү: Жолдо калдык, балдар ачка

Коронавирус коркунучунан улам Кыргызстанга өзгөчө абал киргенден бери аярлуу катмар, тышта жүргөн мигранттар кыйналып жатышат.

Azattyk.org 

Тажик президентинин уулу өлкөнүн Сенатына мүчө болду

Тажисктандын президенти Эмомали Рахмондун уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомали парламенттин жогорку палатасы Сенатка мүчө болуп шайланды. Мыйзамга ылайык, Тажикстанда парламенттин жогорку палатасынын 25 мүчөсүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлашат. Ал эми сегиз сенаторду президент өзү дайындайт. Президенттин уулунун талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Рустам Эмомали 30 жашында 2017-жылы Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине дайындалган. Ага чейин Тажикстандын бажысын, Коррупцияга каршы күрөш кызматын жетектеп келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт: Айлык акы, жөлөкпул жана башка төлөмдөр өз убагында берилүүдө

Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал социалдык төлөмдөрдүн тартибине тоскоолдук жараткан жок. Бул тууралуу 27-мартта өткөн басма сөз жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.  «Ушу тапта Кыргызстандын өкмөтү эмгек акы, жөлөкпул боюнча бардык төлөмдөрдү жана бюджеттин башка чыгашаларын өз убагында каржылоодо. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз», - деди министр.  Буга чейин өлкө жетекчилиги дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы Кыргызстандын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жумшалчу акчанын бир бөлүгүн медицинага бермей болду

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда башка долбоорлорго жумшалчу каражаттын бир бөлүгүн саламаттык сактоо түзүмүн колдоого бөлүштүрмөй болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушуусунда айтылды. Жээнбеков аймактагы башка өлкөлөр менен катар Кыргызстандын экономикасы да коронавирустун дүйнөгө жайылышынан улам терс таасирге кабылганын билдирди. Бул кырдаал өлкөнү өнүктүрүү пландарынын убагында ишке ашырылышын кыйындатып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп менен Си пандемияны талкуулашты

АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиң 27-мартта телефон аркылуу коронавирус пандемиясын талкуулашты. Сүйлөшүүдөн кийин Трамп «Твиттерге» Вашингтон менен Бээжин бул илдетке каршы күрөштө тыгыз кызматташып жатканын жана алар жемиштүү сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн жазды. Андан бир нече саат мурда АКШ лидери журналисттерге Кытай дагы эле ооругандардын реалдуу санын жашырып жатканын айткан. Эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кытайдын маалымат каражаттары да жазып, анда Си Трампка баардык маалыматтар ачык экенин айтканын маалымдашты.

Azattyk.org 

АКШ Мадурого баңгизат аткезчилиги боюнча айып койду

Кошмо Штаттар Венесуэланын президенти Николас Мадурого баңгизат аткезчилиги жана арам акчаны адалдаштыруу боюнча айып койду. Бул тууралуу маалымат АКШнын Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланды. Айыптар ошондой эле Венесуэланын бир катар жогорку даражалуу аткаминерлерине да коюлду. Алардын арасында Жогорку соттун төрагасы жана коргоо министри да бар. Министрликтин версиясына караганда, Мадуро 1999-жылдан бери Колумбиядан Венесуэла аркылуу АКШга кокаин жөнөтүп турган наркокартелдин лидерлеринин бири болгон. Читать дальше...


Владимир Путин: Москва оставляет за собой право поставки оружия странам, находящимся под давлением Запада

Воробьев: Подмосковье подписало на ПМЭФ еще 9 соглашений на 53 млрд руб

Завод "Москвич" решил выпускать автомобили на газе в Набережных Челнах

Расписание движения поездов на МЦД-2 изменится 10 и 11 июня



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Зампред правительства Подмосковья Духин рассказал на ПМЭФ о новых проектах

В Подмосковье определили лучших работников социальной сферы 2024 года

В трех муниципалитетах Подмосковья провели проверку тепловых сетей

Общеобластная тренировка по эвакуации прошла в Солнечногорске

Музыкальные новости

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

Путин назвал приезд президента Зимбабве знаком интереса Африки к России

Карьера пошла в горы: почему Путин отправил Турчака в Республику Алтай

ГЕРОИЧЕСКОЕ УЧАСТИЕ АРМЯН В СВО. ЧАСТЬ ЧЕТВЕРТАЯ

Новости России

Фестиваль душевных практик «ТОЧКА ОПОРЫ 3.0. Проявленность» пройдет 23 июня

Жители Солнечногорска смогут проверить здоровье в городском парке 8 июня

Межсетевая арбитражная торговля криптовалютой, как альтернатива p2p

«У бизнеса нет пола» // Уполномоченный по защите прав предпринимателей в Москве Татьяна Минеева — в интервью “Ъ FM”

Экология в России и мире

Создайте стильный образ из самых простых вещей в гардеробе

С чем носить юбку этим летом: примеры стильных образов

CЛД «Печора» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» получило сертификацию для технического обслуживания локомотивов серии 2ТЭ25КМ в объёме ТО-2.

Befree запускает сайт для поиска талантов

Спорт в России и мире

Соболенко, проигравшая Андреевой, потеряет 2-е место в рейтинге WTA по итогам «Ролан Гаррос», уступив его Гауфф

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Теннисист Медведев снялся с турнира ATP в Нидерландах из-за травмы

Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе

Moscow.media

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

В Москве арестовали бывшего замглавы Росприроднадзора по делу о мошенничестве

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *