Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2020

Новости за 27.05.2020

Azattyk.org 

Казакстанда cоодагерлер бийликти сестентти

Казакстандын Орол шаарындагы соодагерлер базарды ачууну талап кылып, эбегейсиз зыянга учураганын айтып чыгышты. Ал арада Тажикстандагы "Хулбуктун" соодагерлери базар ачык болсо да "соода солгун" экенине капа.

Azattyk.org 

Орусиядагы коронакризистин мигранттарга кесепети

Миграция боюнча эксперттер карантин чектөөлөрү алынып, чек аралар ачылары менен Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын көбү жерине кайтып, алардын кайрылып келиши кыйла кечирээк болорун болжошууда.

Azattyk.org 

«Мигранттар Орусиядан башка өлкөнү издеши керек»

Миграция боюнча эксперттер карантин чектөөлөрү алынып, чек аралар ачылары менен Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын көбү жерине кайтып, алардын кайрылып келиши кыйла кечирээк болорун болжошууда.

Azattyk.org 

Масалиев: Президенттин пикиринин күчү зор

Депутат Исхак Масалиев депутаттык мандатынан баш тартты. Ал парламенттин жана өкмөттүн кадамдарына нааразы экендигин билдирүүдө. Парламентарийдин кадамы чын эле эрдикпи же шайлоо алдындагы саясий популизмби? Бул көрүнүштүн өзү бийлик бутактарындагы терең саясий кризистин көрсөткүчүбү? Ушул суроолорго Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин өзүнөн жооп алдык.

Azattyk.org 

COVID-19: Тоолуу-Бадахшанга каттам чектелди, аким ооруканада жатат

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун бийлиги коронавирус пандемиясынан улам бул аймакка келген-кеткендерге убактылуу чектөө киргизди. Облустук администрациянын басма сөз катчысы Голиб Ниятбеков Хорогго мындан ары саламаттык сактоо жана облустук акимчиликтин кызматкерлери гана кире аларын айтты. Буга удаа эле облустун башчысы Ёдгор Файзов коронавирус жугузуп алып, Хорогдогу ооруканалардын бирине жаткырылганы белгилүү болду. Тоолуу-Бадахшанда канча адам COVID-19га кабылганы так белгисиз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ислам кайра жаралуу партиясынын башчыларынын бири абакта жан берди

Тажикстанда ишмердигине тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Абдусаттор Бобоев абакта каза болду.  Анын жакындары Хужант шаарындагы түрмөдө отурган Бобоевди бийлик 26-майда «жүрөк оорусунан каза болду» деп билдиргенин маалымдашты. Маркумдун сөөгү тууган-уругуна берилди жана денесинде зордук-зомбулуктун изи болгон эмес. Абдусаттор Бобоев 2015-жылы камакка алынган жана ага «экстремизмге чакыруу», «экстремисттик топ түзүү» өңдүү айыптар коюлган. Бир жылдан кийин сот аны 11 жылга эркинен ажыраткан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматы: блокпостогу кандуу окуядан улам полиция башчылары кызматтан алынды

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Алматыда блокпосттордун биринде эки адамдын өлүмү менен аяктаган окуядан кийин шаардык полициядагы үч жетекчини кызматтан алды, дагы бир катар кызматкерлер сөгүш, эскертүү өңдүү жаза берилди.  Алматынын Көксай районунда 25-майда таң эрте BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында блокпосттун тосмосун, анын жанындагы полициянын машинесин сүзүп кеткен. Машинеде отурган эки полиция кызматкеринин бири ошол жерде жан берген, экинчиси ооруканада үзүлгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Караколдо 34 жаштагы адам көлгө чөгүп каза болду

Сууга чөгүп кеткен киши достору менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына эс алуу үчүн барган. 27-майда саат 17:00 чамасында көлгө түшүп жаткан жеринен жок болуп кеткен. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барып, анын сөөгүн суудан чыгарып укук коргоо органдарына өткөрүп беришти. Жыл башынан бери ушуну менен эки киши көлгө чөгүп каза болду. (KS)

Azattyk.org 

Путинди сотко берген Игнатьев өпкөсү сезгенип ооруканада жатат

«Коммерсантъ» гезити ишенимдүү булактарына таянып, Чувашия Республикасынын мурдагы башчысы Михаил Игнатьев өпкөсү сезгенип, Санкт-Петербургда ооруканада жатканын жазды. Маалыматка караганда, Игнатьев госпиталга ушул айдын башында келген жана азыр реанимация бөлүмүндө кан жүгүрткөн аппаратка туташтырылган. Мунун алдында Игнатьев аны кызматтан алганына байланыштуу президент Владимир Путинди сотко бергени белгилүү болгон. Орусиянын Жогорку соту Путиндин буйругун жокко чыгаруу боюнча арыз кабыл алынганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп соцтармактар мамлекеттик көзөмөлгө алынарын эскертти

АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттер» анын айрым билдирүүлөрү так эмес экенин эскерткен белги коё баштагандан кийин социалдык тармактарды сындап чыкты. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Республикачылар социалдык тармактардагы платформалар консерваторлордун үнүн басууга аракет кылып жатат деп эсептешет. Биз аларды катуу көзөмөлдөйбүз же болбосо максатына жеткирбестен аларды жаап коебуз» деп жазды. Шейшембиде Трамп почта аркылуу добуш берүүнү сындап, бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого алып келет деген мазмундагы эки твит жазган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө милиционердин өлүмү иликтене баштады

Чүйдө жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспектордун өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу 27-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматында «бүгүн, азырынча белгисиз себептерден улам Чүй ОИИББнын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору каза болгонун белгилейбиз. Факт Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды» деп айтылат. Айрым маалымат булактары кабарлагандай, 45 жаштагы инспектордун сөөгү Бишкек-Ош автожолунун 155-чакырымында табылган.

Azattyk.org 

Лавров: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсүнө ортомчу болууга даярбыз

Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Лавров маалымдагандай, Москва бул сунушун жыйын учурунда да билдирди. «Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чек арадагы курч кырдаал биринчи жолу болгон жок. Биз союздаштарыбызды диалог жүргүзүүгө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте 1-июндан баштап ысык суу бир айга токтотулат

Бишкек шаарында 1-июндан баштап 1-июлга чейин ысык суу токтотулат. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымат боюнча, мындай чечим ысык суу түтүктөрүн оңдоо жана жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн кабыл алынды.  Ошол эле кезде Бишкектеги фонтандар 1-июндан тартып иштей баштайт. (BTo)

Azattyk.org 

COVID-19: Тажикстанда нике тойго тыюу салынды

Коронавирус жуккан 297 адам катталган Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турат. Тажикстанда баш кошуу үлпөттөрүнө тыюу салынды. АКШ президенти Ооганстандагы аскерлерин толук чыгарып кетүү ниетин дагы бир ирет билдирди. Бирок азырынча так бир күндү айткан жок.

Azattyk.org 

Абылгазиевди эс алдырган жыштык чыры

Кыргызстанда радиожыштык сатуудагы коррупция жаңжалы уланууда. 27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радиожыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүрдү.

Azattyk.org 

Улуттук банктын бир кызматкери коронавируска чалдыкты

Улуттук банктын бир кызматкери коронавируска чалдыгып, ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов 27-майдагы брифингде билдирди. Төраганын айтымында, кызматкерге илдет жукканы 22-майда аныкталган. Кызматкер иштеген имарат толугу менен дезинфекцияланып, аны менен байланышта болгон адамдар текшерүүдөн өтүп жатат. 27-майга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузган 52 адам жаңы катталды. Жалпы өлкөдө вирус жуккан 1520 адам катталган. 1043 бейтап оорудан айыкты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айылда гүл өстүрүп, акча тапкан Асел

Асел Султанованын үйүндө өз колу менен өстүргөн гүлдүн 50дөн ашык түрү бар. Гүлгө кызыккан айым Кытайдан, Ташкенттен, Европа өлкөлөрүнөн өзүнө жагып калган гүлдөрдүн уругун алдырат. Ага миң түркүн гүл эргүү гана бербестен, кирешенин да булагы. Аселдин колунан өскөн бир гүл 400 сомдон тартып 5000 сомго чейин жетет.

Azattyk.org 

Мекендештер Саламаттын кыялын орундатат

Бишкек шаарынын тургуну Саламат Бактыбек кызы кагаздан түркүн түс гүл жасап, айланасын көрккө бөлөйт. Карантин учурунда ал гүлдөрүн ыктыярчыларга берип, жашоо-турмуштан кыйналып тургандарга өзгөчө маанай тартуулады. Саламаттын кажыбас кайратын, балалык кыялын орундатууга болгон далалатын колдогон мекендештери анын бутуна протез алганга каражат топтой башташты.

Azattyk.org 

«Бактылуу балалык» жумалыгы башталды

Кыргызстанда бүгүндөн тартып «Бактылуу балалык» жумалыгы башталды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган бул акция 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналууда. Жумалыктын алгачкы күнү Бишкекте Касымалы Баялинов атындагы китепканада «Бала - бакыт» деген поэзия кечеси менен башталганын министрдин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди: «Буга биздин Кыргызстандагы бардык маданият мекемелери, театрлар, оюн-зоок жайларынын артисттери катышат. Иш-чараны Балдар жана өспүрүмдөр китепканасынан баштап отурабыз». Читать дальше...

Azattyk.org 

«Кыргыз жараны тажик жаранына ок аткан» деген маалымат териштирилип жатат

Тажикстандын Чек ара кызматынын «27-майда Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранына карата ок атты» деген билдирүүсү боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев кабарлады. Анын маалыматына караганда билдирүүдөн кийин аймактагы кыргыз-тажик чек арачылары жолугушуп, кырдаалды талкуулашты. Мурдараак Тажикстандын Чек ара кызматы маалымат таратып, 27-май күнү саат 11лер чамасында Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы эки көчөгө эки акындын аттары коюлду

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы эки көчөгө жакында эле көзү өткөн акындар – Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун ысымдары ыйгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» акын Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым Самаган билдирди. Мындай чечим Новопавловка айылдык кеңешинин отурумунда кабыл алынганын жергиликтүү кеңештин депутаттары акындын үй-бүлөсүнө кабарлашкан. Көчөгө акындардын ысымдарын ыйгарууга байланыштуу салтанаттуу жөрөлгө жакынкы күндөрү болору күтүлүүдө. Төкмө акын... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Аймак аралык кастыкты козутту» деген активисттин иши жабылды

Жарандык активист Афтандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул маалыматты 27-майда «Азаттыкка» Жоробеков өзү тастыктап, иш Жазык-процессуалдык кодекстин «Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар» деген беренесинин негизинде токтотулганы тууралуу расмий кат келгенин айтып берди. Активист абактан бошонушуна коомчулуктун колдоосу жардам болгонун белгиледи: «Эгерде коомдо жанагыдай нааразылык болбогондо, толук ишенем, башка нукка бурулуп кетмек. «Фейсбуктагы» ар бир лайк... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда үйлөнүү үлпөттөрүнө убактылуу тыюу салынды

Тажикстанда Дин жана каада-салтты тартипке салуу комитети коронавирус пандемиясынан улам үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө убактылуу тыюу салды. Мекеменин басма сөз катчысы Афшин Муким «Азаттыктын» тажик кызматына орозо бүткөндөн бери жер-жерлердеги бөлүмдөрүнө үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган жарандар көп болуп жатканын, бирок эпидемиологиялык абал жөнгө салынмайынча макулдук берилбей турганын айтты. Мындай тыюу канчага чейин созулары азырынча белгисиз. Расмий маалымат боюнча, Тажикстанда... Читать дальше...


Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Новый корпус и детский сад построят в ЖК «Видный Берег 2.0» Ленинского округа

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в торжественных мероприятиях, посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского

Проект «Вечерней Москвы» получил всероссийскую награду



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Этот спорт воспитывает силу и упорство»: Вице-спикер Народного Хурала Бурятии приняла участие в открытии чемпионата России по гиревому спорту

Врио главы Мытищ Олег Сотник поручил улучшить содержание дворов

Акция по проверке здоровья пройдет в 37 парках Подмосковья в выходные

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Музыкальные новости

Сотрудники Дмитровского ОВО Росгвардии по Московской области приняли участия в спортивном празднике Динамо

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»

В «Институте регионального развития» при Уральской ТПП прошел семинар «Возможности оптимизации налогов для производства и налоговые риски»

LG HVAC ACADEMY: ГОТОВИМ ПРОФЕССИОНАЛОВ ДЛЯ РАСТУЩЕЙ ОТРАСЛИ

Новости России

На одной из дорог Москвы загорелась машина

Гидроузел № 6 Волго-Донского судоходного канала принят в эксплуатацию после реконструкции

Против перевозящих российскую нефть судов захотели ввести «инновационные» санкции

Синоптик Тишковец: в Подмосковье за сутки выпало 87% месячной нормы осадков

Экология в России и мире

Metatokens: инновационная платформа для дохода в экосистеме TON и ETH

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»

Маршруты и экскурсии: уникальная экспедиция по Новгородской области

Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Спорт в России и мире

Медведев, Кафельников, Федерер, Маррей, Роддик, Агасси поздравили Синнера со статусом первой ракетки мира

Самсонова вышла во второй круг турнира в Хертогенбосе

Дзюба заявил, что был бы теннисистом уровня Сафина

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»

Moscow.media

Утро нового лета....

Завершается устройство земляного полотна на дороге с мостом через Обь в районе Сургута

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Новая технология моделирования ДНК ускорит биомедицинские исследования







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *