Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2020

Новости за 12.10.2020

Azattyk.org 

«Өлкө менен кошо кичирейип бараткансыйм»

Миграциядагы акын Нарсулуу Гургубаеванын «Көз мончок», «Алыстагы ак жарык» аттуу ыр жыйнактары бар. Ал Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Учурда Москва шаарында жашайт жана иштейт. «Азаттык» 16 жылдан бери сыртта жүргөн акын менен баарлашты.

Azattyk.org 

Трамп өзүндө коронавируска каршы иммунитет пайда болгонун билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшембиде коронавирустан толук айыкканын жана организминде бул инфекцияга каршы иммунитет пайда болгонун билдирди. «Менде иммунитет пайда болгондой», - деди Трамп «Fox News» каналына интервью берип жатып. Ал иммунитет канча убакытка сакталары белгисиз экенин кошумчалады. Трамп эми «жертөлөдө» жашырынбай эле жүрө аларын кошумчалады. Ал бул сөздөрү менен демократтардан президенттикке ат салышып жаткан Жо Байденге тийишкендей болду. Анткени Байден эпидемиядан улам этият жүрүүгө аргасыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттарынын бир бөлүгү премьер-министрлик кызматка шайлаган Садыр Жапаров 12-октябрда өкмөттө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, жыйында Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана экономикалык реформалардын алдында турганын айткан. Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү экенин, бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл болорун белгилеген. «Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атамбаев Жээнбековдун кызматты тез тапшырышын каалайт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тез арада кызматын тапшырып бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы президенттин атынан таратылган билдирүүгө таянып «Азаттыкка» маалымдады.  Атамбаев өз билдирүүсүндө ошондой эле Садыр Жапаровду Жээнбеков-Матраимовдордун кланына кирбеген популярдуу саясатчы деп эсептеген.  Президент Жээнбековдун аппараты мурдагы президенттин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

БШК: Өмүрбек Текебаевдин арызы канагаттандырылган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү маселесин чечкен жок. Бүгүн, 12-октябрда бул маселе БШКнын жыйынында каралды. Комиссиянын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов жыйынга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны катышпаганын жана бош мандат жок экенин журналисттерге билдирди: “Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке мандатты кайтарып берүү боюнча даярдалган чечимдин долбоорун коллегалар кабыл алган жок. Биз бул маселени БШК... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Айбек Калиев камакка кайтып барганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө, Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупция боюнча соттолгон "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 12-октябрда өзү жаза өтөп жаткан абакка кайтып барды. Атайын кызматтын билдирүүсүндө 6-октябрга караган түнү камактан мыйзамсыз бошотулуп, бирок өз ыктыяры менен кайтып барган Калиевди УКМКнын кызматкерлери ал отурган абакка жеткирген. Айбек Калиев - Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бири. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ким Кардашьян Арменияга жардамга бир миллион доллар которду

Тоолуу Карабакты талашкан Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган жердештерине Лос-Анжелестеги армяндан диаспорасы жардам бере баштады. 10-октябрда реалити-шоу жылдызы Ким Кардашьян кагылышуудан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан «Армения» фондуна бир миллион доллар которгонун жарыялады. «Бизди бөлүп жаткан аралыкка карабай, бизди чек аралар бөлө албай турганын, биз баарыбыз улутубуз армян экенибизди баары эсибизден чыкпашын каалайм», - деди Кардашьян «Инстаграмдагы» видеокайрылуусунда. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Жарандык көзөмөл комитети» улуттук диалог өткөрүүнү сунуш кылды

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулаш үчүн улуттук диалог өткөрүүнү сунуш кылып, жарандык аянтча болууга даяр экенин билдирди. Уюм мындай диалогду маселени чечүүнүн жалгыз жана реалдуу жолу деп баалап,  аны 15-16-октябрда өткөрүү ылайык экенин белгиледи. Уюмдун пикиринде, талкууга президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого катышкан бардык партиялар, байкоочу катары эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, бизнес-коомчулук жана журналисттер катышканы туура болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларустагы жүрүштө 580дей адам кармалды

Беларуста 11-октябрда өткөн жүрүштө 586 адам кармалганын «Весна» укук коргоо уюму билдирди. Алардын көбү Минскиде кармалганы маалым болду. Айрым демонстранттар күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөнү кабарланды. Күбөлөрдүн айтымында полиция жаш агызчу газ чачканда, жүрүшкө чыккандардын кээ бирлери аларды көздөй бөтөлкө жана гүл челектерин ыргытышкан. Акция маалында 40ка жакын журналист кармалган, алардын көбү кечке маал коё берилди. Беларуста 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой келатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына кайра өзгөчө абал киргизгени кабарланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты 12-октябрда жарыялады. Маалыматка караганда, бул чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабаганы менен байланыштуу. Маалыматта массалык башаламандыктын натыйжасында күч колдонуу менен адам  өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаал сакталып тургандыгына байланыштуу,  Конституциянын 15-беренесине... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жээнбеков тиешелүү жетекчилер менен коопсуздук маселесин талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда күч түзүмдөрүнүн тиешелүү жетекчилери менен өлкөдөгү коопсуздукту талкуулады. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууга Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышты. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу, жарандардын саламаттыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу боюнча курулуш, оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, имарат пайдаланууга берилди. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-октябрдагы маалыматына караганда, 7-октябрдан тартып ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда. Имаратка жылуулук берилгени, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалып, үч жасалма дем алдыруучу аппарат, 60 кычкылтек концентратору орнотулганы кабарланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эски оймолорду жоолукка түшүргөн дизайнер

Динара Чокотаева көптөн бери кыялданып жүргөн автордук моюн орогучтарын чыгарды. Кесипкөй графикалык дизайнер эски оймолорду жаңы нукта иштеп чыккан. Ал Тургунбай Садыков атындагы Көркөм өнөр академиясында мугалим болуп иштейт.

Azattyk.org 

Депутат Самаев вице-спикер Касымалиеванын билдирүүсүнө жооп кайтарды

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев вице-спикер Аида Касымалиевага жооп кайтарып, 10-октябрда депутаттарды кезексиз жыйынга чогултууга тиешеси болбогонун «Азаттыкка» билдирди: «Аида Касымалиева менен бир эле жолу жолуккам, жанында депутаттар бар болчу. Түз эфирде көрсөтүлүп жатты. Аида менен мен сүйлөшпөсөм, же жалгыз бир жакка колунан сүйрөп баратсам бир жөн. Эмнеге андай кылып жатат, билбейм. Буга чейин деле мамилем түз болчу. Депутаттардын эң жашы болсом, баарын көтөрүп баргыдай алар оокат же буюм эмес да. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баш мыйзамга дал келбеген жаңы сунуш

Жогорку Кеңеш тарабынан премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаровдун шайлоо боюнча пикири талкуу жарата баштады. Жыйын учурунда депутат Алтынбек Сулаймановдун «шайлоонун мөөнөтүн узарталы деген оюңуз барбы?» деген суроосуна Садыр Жапаров мындай деп жооп берген: «Эми бир аз узарышы мүмкүн. Парламент менен кеңешип туруп чечели деп жатпаймынбы. Эл бир мандаттуу шайлоо системасын талап кылып жатат. Ал эми парламент, саясий күчтөр кайра өткөрөлү деп жатат. Ошон үчүн мунасага келип туруп чечели».... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коронавирус жугузуп алган медкызматкерлер күн сайын көбөйүүдө

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде дагы 22 медицина кызматкеринин анализинен коронавирус табылды.  Эң көп учур Ош облусунда катталды.  Ош облусунда сегиз, Ош шаарында үч, Баткен облусунда үч, Жалал-Абад облусунда үч, Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда, Чүй облусунда бир медкызматкер вирус жугузуп алганы аныкталды. Бир суткада стационарда дарыланып жаткан бир, үй карантинден үч медкызматкер айыгып чыкты. Кыргызстанда COVID-19 диагнозу башталган март айынан бери вирус жугузган медицина кызматкерлери 3437 кишиге жетти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Муфтият: Тынчтык жана аманчылык үчүн Куран хатым окула баштады

Кыргызстандагы бардык дин кызматкерлерине Куран хатым окуу боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу 12-октябрда “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады. Муфтий Максатбек Токтомушев Куран хатымды мамлекеттин туруктуулугу, элдин ынтымагы жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн окууну буюрду. Ал дин кызматкерлерине кайрылып, коронавирус көрсөткүчү кайра жогорулай баштаганын, андыктан өлкөнүн келечегин, элдин амандыгын тилеш керек экенин айтты: “Алла-Таалага кайрылып, мындай оорунун кайра кайталанбашын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Убактылуу жабылган мекеме-жайлар кайра ачылды

Бишкекте убактылуу жабылган мекеме-жайлар бүгүн 12-октябрда кайрадан ачылып, иштей башташты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, калкты тейлөө борборлору, «Унаа» жана «Кыргызпочтасы» ишканаларынын бөлүмдөрү, архивдер кадимки тартипте иштеп жатат. Бул мекемелер 9-октябрда Бишкектеги окуяларга байланыштуу ишин убактылуу токтотушкан болчу. Ошондой эле бүгүн баш калаадагы ири соода борборлору да кадимки тартипте иштеп жатат. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин борбор шаарда нааразылык акциялары башталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташты

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташып, көмүр казуу иштери жүрүп, кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийдегүл Зоотбекова 12-октябрда билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Кара-Кече кенинен бир суткада орто эсеп менен 3500 тонна көмүр чыгарылып жатат. Күн сайын 150-170 машине «Борбордук» участогунан көмүр ташууда. Азыр 270 000 көмүр казылып, жүктөөгө даяр турат. Зоотбекованын маалыматына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коронавирус бир күндө дагы беш кишинин өмүрүн алды

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-октябрдагы маалыматына караганда,  акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду. Анын үчөө Ош облусунда, бирөө Ош шаарында, дагы бири Талас облусунда катталды. Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1090го жетти. 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

10-октябрдагы башаламандык үчүн кармалган төрт адамдын бөгөт чарасы каралат

Бүгүн, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязовдун, Канат Сагымбаевдин жана Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы каралат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Ошондой эле бүгүн Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун да бөгөт чарасы каралат. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Партиялык тизме –– мезгил талабы

Көп партиялуулукка негизделген парламенттик шайлоого каршы чыгып, эскиче бир мандаттуу шайлоого өтүүгө чакыруу алгылыктуубу? Тарыхчынын блогу.

Azattyk.org 

НАБА: Соңку кырдаалдан улам өлкө экономикасы сегиз млрд. сом зыян тартты

Акыркы коомдук-саясий кырдаалдардан улам, 10-октябрга карата Кыргызстандын экономикасы сегиз млрд. сом же 104 млн. доллар зыян тартты. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (НАБА) тараткан кайрылууда жазылган. Анда: «Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү төрт млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстил, тигүү өнөр жайы 5,3 млрд. сомдон 3,8 млрд. сомго чейин, кен иштетүү 467 млн. сомдон 402 млн. сомго азайган. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Жарандык тилектештик» эл аралык уюму Кыргызстандагы кризиске байланыштуу кайрылуу таратты

Бир катар өлкөлөрдүн жарандык коом өкүлдөрүнөн турган «Жарандык тилектештик» платформасы Кыргызстандын коомдук-саясий абалына байланыштуу кайрылуу таратты. Анда платформага кирген уюмдар Кыргызстандагы жарандык коомдун өлкөдө туруктуулук орнотуу аракетин колдоого алары тууралуу жазылган. Ошондой эле кыргыз бийлигин, бийликке умтулган саясий партиялардын, саясий күчтөрдүн лидерлерин зомбулуктан алыс болууга, маселени тынч сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган. «Бийлик мыйзамдар жана Конституция талап кылгандай гана алмашууга тийиш. Читать дальше...

Azattyk.org 

Лукашенко өзү каматкан оппозиция лидерлери менен жолугушту

Беларус басылмалары кабарлагандай, 10-октябрда Александр Лукашенко камакка алынган оппозиция лидерлери менен жолугушуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулады.   Президенттик администрациянын басма сөз кызматы жарыялаган сүрөттө Лукашенко Виктор Бабарико, Лилия Власова, Виталий Шкляров сыяктуу оппозиционерлер менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.  Оппозиция өкүлдөрү муну Лукашенконун алсыраганы катары сыпатташты.  Европа Биримдиги жана АКШ 9-августта өткөн шайлоо жыйынтыгын жасалмалаган деп... Читать дальше...


Бьюти-новинки недели: косметика с микроиглами и педикюр с лучшей подругой

Дружинники Подмосковья обеспечили общественный порядок на прошедшых выходных

Новую котельную открыли в Клину на Новоямской улице

В столичном главке Росгвардии поздравили кинологов с профессиональным праздником



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Москве 27 июля состоятся соревнования по бегу

Минэкологии уточнило численность краснокнижных видов на юге Подмосковья

Компания Coway Rus - инновационные системы домашнего хранения энергии

Ефимов: победитель торгов реорганизует участок в Строгино в рамках КРТ

Музыкальные новости

Муфтий Гайнутдин пожелал Путину помощи Аллаха для побед

Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге

Российские компании придерживаются собственного подхода в ESG

В аэропорту Пулково задержали шесть рейсов и отменили еще один

Новости России

В Крыму приступили к уборке лаванды

В Павловском Посаде капремонт в школе-интернате завершен на 50%

В Москве пьяный абу-бандит избил и оскорбил девушек по национальному признаку

Подмосковные леса проверят после прошедшего шторма

Экология в России и мире

АФК «Система» планирует модернизировать Вологодский текстильный комбинат

Есть или не есть кровянку, прокомментировал гастроэнтеролог Садыков

СЛД «Красноярск» компании «ЛокоТех-Сервис» получило право ремонтировать грузовой электровоз «Ермак» в объеме ТР-2

Kenzo, коллекция menswear весна-лето 2025

Спорт в России и мире

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP

Экс-теннисист Ольховский: россияне могут хорошо выступить на Уимблдоне

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса

Moscow.media

Axenix перевел разработку платформы In.Plan на сервисы Yandex Cloud

«Три богатыря. Ни дня без подвига» уже в кино! «Юмор FM» рекомендует

Приморье. Взгляд.

Mishel Dar и его главный хит лета: «Лети»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *