Осмонов: Парламент Сооронбай Жээнбековду чакырып, сөзүн угушу керек
Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, Жогорку Кеңеш 16-октябрдагы жыйынына Сооронбай Жээнбековду чакырып, анын пикирин угушу керек. Коомдук ишмер бул тууралуу 15-октябрда "Азаттык" менен болгон маегинде айтты. "Процедура боюнча Жогорку Кеңеш Жээнбековдун отставкасын кабыл алышы керек. Парламент жыйынына президентти чакырып, ал канчалык чын ыкласынан, өз каалоосу менен кетип жатканын сураш керек. Парламент анын отставкасын кабыл албай коёт деген жобо жок" - деди Осмонов. Читать дальше...