Кыргызстандык жаштар мобилдик кино фестивалда төрт байге утуп алышты
Эл аралык мобилдик (уюкфондук) кино фестивалынын уюштуруучулары маалымдагандай, кыргызстандык режиссер Алия Макешованын “Өтмүш порталы” тасмасы “Мыкты даректүү тасма” номинациясы боюнча жеңүүчү болду. “Кеч калган” тасмасы “Мыкты актриса”, “Мыкты актер” жана “12 мүнөткө чейинки категориядагы мыкты тасма” номинацияларын утуп, 500 доллар байгеге ээ болду. Уюкфондук кино фестивалына Болгария, Индия, Иран, Испания, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Орусия, Польша, Франция жана Чилиден 50 тасма катышкан. Mobile Blockbuster film festival (MBff) ... Читать дальше...