Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2020

Новости за 16.12.2020

Azattyk.org 

Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге алды

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алтын байге алды. Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңди. Мээрим Жуманазарова бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Ал алгач беларус Анна Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык Алина Бережна Стадник-Махиняны (6:6) уткан. Бул күнү дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасына эл чогулду

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында эл чогулуп, Исфара-Ворух жолун бууду. Жол тоскондор буга Тажикстан тараптан мал уурулук күч алганын себеп кылышты. Окуядан улам, Баткен районунун жана Исфара районунун акимдери жолугушканы кабарланды. Райондук акимчиликтин атын атагысы келбеген өкүлүнүн «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, сүйлөшүү учурунда тажик тарап жоголгон жылкыларды таап берүүгө убада берди. Маалыматка ылайык, чогулган эл менен Баткен районунун акими, райондук ички иштер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пашинян: Эрте парламенттик шайлоону мен жалгыз чече албайм

Оппозициянын кысымына туш болгон Армениянын премьер-министри Николь Пашинян эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү өз алдынча чече албай турганын билдирди. Шаршембиде «Азаттыктын» армян редакциясына интервьюда премьер: «Мөөнөтүнөн мурда шайлоо менин каалоомо жараша болбойт. Бул жерде консенсус табуу зарыл», - деп айтты. Бийликке 2018-жылы нааразылык акцияларынын жыйынтыгы менен келген Пашинян 10-ноябрда Тоолуу Карабак боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин өз өлкөсүндө катуу сынга кабылууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Салттуу «Улут абийри» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары ыйгарылды

Салттуу «Улут абийири» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары ыйгарылды. Быйыл Салижан Жигитов атындагы «Улут үлгүсү» сыйлыгына конституциялык укук боюнча юрист Сания Токтогазиева татыды. Ал «чындыктын тили менен сүйлөп, улуттун аң-сезимине тийгизген жарандык жигердүүлүгү үчүн» сыйланды. Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Ишенбай Абдуразаков атындагы «Улут абийири» сыйлыгын алды. Аталган сыйлык Наталья Никитенкого «Парламентте мыйзам тили менен сүйлөп, улутка руханий эш болуп келе жатканы үчүн» берилди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз энергетикасынын алы кышта билинди

Бишкектин четиндеги Ак-Жар жана Ак-Бата конушунун тургундары электр энергиясы тынымсыз өчө бергенине нааразы болуп, 15-декабрда кан жолду буушту. Алар кыштын суугунда электр жарыгы жоктугунан балдары ооруп жатканын айтышууда. Ак-Жар жана Ак-Бата жаңы конуштарынын ондогон тургуну чоң жолдун так ортосуна дөңгөлөк өрттөп, жолду эки-үч сааттай бууп турушту. Алар жарыктын өчүп жатканына бийлик көңүл бурбай калды деп эсептешет. Чогулгандардын айтымында, электр жарыгы дээрлик бир айдан бери байма-бай өчүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Лавров Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөнү четке какты

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына тиешеси болушу мүмкүн деген маалыматка комментарий берди. Министр «Bellingcat» жана бир нече маалымат каражаттарынын биргелешкен иликтөөсүн четке какты. «Бул жаңылыктарды окусаң күлкүң келет. Бирок ал маалымат сунушталган ыкма биздин Батыштагы өнөктөштөрүбүздүн этикалык нормалары жок экенин айгинелейт», - деди Лавров шаршембиде Загребдеги басма сөз жыйынында. Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларус оппозициясы Сахаров сыйлыгын алды

Беларустун демократиялык оппозициясынын Координациялык кеңеши 16-декабрда Европа парламентинин Сахаров сыйлыгын алды. Брюсселдеги салтанатта сыйлыкты оппозиция лидери Светлана Тихановскаяга Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли тапшырды. Тихановская сыйлыкты алып жатып, Беларустагы “коркуунун дубалы бара-бара урайт” деп билдирди. Саясатчы үстүбүздөгү аптада Брюсселде Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушту. Сассоли беларус оппозициясы ой жүгүртүү жана өз көз карашын билдирүү эркиндигин коргоодо эр жүрөктүгүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы паспорт виза көйгөйүнө чекит коебу?

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык жалпы жарандык паспорттун алгачкы үлгүлөрүн жарыялады. Мекеме 30дан ашуун заманбап коргоочу каражаттары бар мындай паспорт жарандарга 2021-жылдан тартып бериле баштарын билдирди. Жаңы паспорттогу коргоо белгилери Кыргызстанга биометрикалык жалпы жарандык паспорттун алгачкы үлгүлөрү келди. Мамлекеттик каттоо кызматы анын барактарындагы коргоочу элементтерди жана жасалгасын текшерүү иштери башталганын кабарлады. Маалыматка караганда, жаңы үлгүдөгү биометрикалык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бир тууган Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбеков Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун арызы боюнча Жогорку сотко чакырылган. Бүгүн, 16-декабрга белгиленген соттук териштирүү жоопкер тараптын келбегенине байланыштуу, 12-январга жылдырылды. Бул тууралуу доогер Абдылда Капаров «Азаттыкка» билдирди: «Мен 4-октябрь күнү бошодум. Андан кийин сотко арыз жазгам. Эми күч органдары ишти адилет карайт, юридикалык баа берет деп ойлойм». Читать дальше...

Azattyk.org 

«Талибандын» делегациясы Пакистанга барды

«Талибан» кыймылынын делегациясы өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Пакистанга барды. Талибдердин саясий лидери Молдо Абдул Гани Барадар жетектеген топ үч күндүк визит маалында премьер-министр Имран Хан жана башка расмий адамдар менен жолугушмакчы. «Талибандын» негизги спонсору болгон Пакистан «жоочуларга башпаанек, жардам берет» деп көптөн бери айыпталып келатат. Исламабад бул дооматтарды четке кагууда. Ошол эле учурда Пакистандын бийлиги 2018-жылы согушкер топту АКШ менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга көндүргөнү айтылып жүрөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШда бир күндө коронавирус 248 миңден ашык адамга жукканы аныкталды

АКШда соңку бир күндө коронавирус жуккан адамдардын саны дагы бир жолу эң жогорку чекке жетти.  Атап айтканда шейшембиде оору дагы 248 миңден ашык адамдан катталды. Жон Хопкинс университетинин эсебинде, оору жалпысынан 304 миңден көп бейтаптын өмүрүн алып кетти, пандемия башталгандан бери ооругандар 17 миллионго чукулдап калды. Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус 73 миллиондон көп кишиге жугуп, 1,6 миллион адам көз жумду. Шейшембиден тартып АКШнын бардык штаттарындагы медициналык жайларга америкалык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Талантбек Батыралиев эл аралык илимдер академиясына мүчө болду

Түркиядагы эл аралык «Лив-Истинье» ооруканасынын базасында түзүлгөн заманбап эл аралык илимдер академиясына Кыргызстандан профессор, кардиохирург Талантбек Батыралиев мүчө болду. Бул тууралуу Батыралиев «Азаттыкка» маалымат берип, аталган академияга дүйнөнүн чар тарабынан дарыгерлер чогулуп, медицинанын жаңы жетишкендиктерин талкуулап, практикалык тажрыйба алмашуу болуп турарын билдирди. Аталган академия ошондой эле бейтаптарды да кабыл алып, заманбап, алдыңкы технологиялар менен дарылоо жүргүзөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Темир тор артындагы зомбулук

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети кыргызстандык Роза Горбаеваны абакта дискриминацияга кабылган деп тапты. Кыргызстандагы «Кыйноого каршы коалиция» өкмөттүк эмес уюму билдиргендей, комитет Горбаеванын арызы боюнча 1-декабрда чечим кабыл алып, кыргыз тарапка аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча бир катар сунуштарды берди. Майлуусуулук Роза Горбаева абактагы кыйноо тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы Талгат Абажалил уулуна айтып берди.

Azattyk.org 

ТАСС: Москвада кыргызстандык курьер бычакталды

Москва шаарында "Delivery Club" тамак жеткирүү кызматынын курьери бычакталып, набыт болду. Ал кыргызстандык 19 жаштагы жигит экенин ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына таянып 16-декабрда кабарлады. Окуя Ясеново районунда болгон. Курьерди ким бычактаганы анык эмес, ал ооруканада көз жумган. Бычак анын жүрөгүнө кирген. Баштапкы маалыматтарга караганда, курьер өзүнүн тааныштары менен жаңжалдашкан болушу мүмкүн. Жумуш маалында бычакталганбы же бош учурундабы, белгисиз. Бирок ал иштеген "Delivery... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөт. Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова 15-декабрда 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Алгач беларус Андда Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык Алина Бережна Стадник-Махиняны жеңип (6:6), финалдык таймашка жолдомо алды. Бүгүн, 16-декабрда Жуманазарова... Читать дальше...

Azattyk.org 

Беш айылдын балдарына англисче үйрөткөн Айымбүбү

Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын тургуну Айымбүбү Арзыматова беш айылдын мектеп окуучуларын чогултуп, англис тилин окутуп жатат. Эки жылдан бери балдарга билим берүү менен алектенген жаш мугалимдин эмгегин көрүп, жумушка тарткысы келген бир катар жеке мектептер да бар. Бирок элеттеги балдардын келечегин түптөөгө көмөкчү болгусу келген Айымбүбү жакын арада өзүнүн окуу борборун ачып, региондордогу билимдин сапатын жакшыртуу пландарын коюп жатат. Айымбүбү тил үйрөтүүдөн сырткары балдар менен чогуу таштанды чогултуп, аларды иргейт.

Azattyk.org 

Шинжаңда жүз миңдеген киши пахта талаасында күчтөп иштетилет

Америкалык аналитикалык борбор Бээжин Шинжаңда жүз миңдеген уйгурлар менен башка түпкүлүктүү мусулман элдеринин өкүлдөрүн күчтөп пахта талааларындагы ишке салганын билдирди. Шейшембиде «Глобалдуу саясат борбору» жарыялаган баяндамада айтылгандай, Кытай өкмөтүнүн расмий документтери жана маалымат каражаттарынын кабарлары уйгурлар көп жашаган үч райондо эле бери дегенде 570 миң киши пахта терүүгө жөнөтүлгөнүн айгинелейт. Алар жакырчылыкты азайтуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке тартылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу комиссиянын ишине байланышкан түшүндүрмөнү таркатты. Анда комиссия түзүү эрежелери белгиленген: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамга ылайык убактылуу комиссиялар Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлөөрүн эске салуу менен фракциялардын сунушу боюнча, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулугун сактоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ Ливиядагы чет өлкөлүк согушкерлерди чыгып кетүүгө үндөдү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши бардык чет өлкөлүк согушкерлерди Ливиядан чыгып кетүүгө дагы бир жолу чакырды. Кеңештин бардык 15 мүчөсү, анын ичинде Орусия документти колдошту. Атышууну токтотуу жөнүндө быйыл 23-октябрда БУУнун ортомчулугу менен келишим түзүлгөн. Анда «бардык чет өлкөлүк согушкерлер жана жалданма аскерлер» үч айдын ичинде Ливиядан чыгууга тийиш экени айтылган. Маалыматтарга караганда, өлкөдө азыр чет жактардан  келген 20 миңдей жоокер бар. БУУ буга чейин Ливияда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда Эгемендик күнү санкцияланбаган митинг менен коштолду

Казакстанда 16-декабрь, Эгемендик күнүндө 1986 жана 2011-жылкы окуялардын курмандыктары эскерилүүдө. Алматыда ондогон киши шаар борборундагы монументтин жанына чогулуп, куран окуду. Чыгып сүйлөгөндөр бийликти 16-декабрды аза күтүү күнү деп жарыялоого чакырышты. Дагы бир жерде «Ойгон, Казакстан» кыймылы акция уюштурган. Прокуратура ал иш-чара санкцияланбаган деп саналарын буга чейин эскерткен. Катышуучулар «Адилет шайлоо» деген ураандарды чакырып турушту. Маалыматтарга караганда, алар Астана аянтына... Читать дальше...


Благодаря господдержке в Подмосковье откроются новые фермерские предприятия

Фестиваль воздушных шаров пройдёт в рамках мероприятий БРИКС в Нижнем Новгороде

«Игра Престолов. Симфоническая эпопея» при поддержке Relax FM

Двойная система сценностей // Новые назначения в московских театрах затронули Владимира Машкова и Константина Богомолова



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Человек, который не украл у народа ни копейки

Адвокат Алсу рассказал, как движется дело о разводе певицы

Путин рассказал о новых правилах «Семейной ипотеки»

Лже-помощники Шепса из «Битвы экстрасенсов» обманули москвичку на 100 тысяч рублей

Музыкальные новости

Сменившая образ Ивлеева появилась на презентации своего азиатского ресторана

Новости и Культура, Дети и Россия: Театр Ульгэр выступил в Этнографическом музее народов Забайкалья в Улан-Удэ

Глава "Рексофт" - в топ-100 отечественных ИТ-лидеров

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Новости России

Адвокат Алсу рассказал, как движется дело о разводе певицы

Мягкость лебедей и жесткость арматуры на ярмарке искусств 1703

Владимир Машков будет руководить сразу на два московских театра

Андрей Воробьев: внедрение ИИ в систему управления является необходимостью

Экология в России и мире

Джомба, суттуг шай, кучу и другими видами чая в регионах России могут насладиться российские туристы

Областная наркологическая больница запускает летнюю профилактическую кампанию для юных свердловчан

Красноярский музыкальный театр представил проект театральной экосистемы будущего

Работник СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» принял участие в экологической акции по очистке берега и дна озера Кенон

Спорт в России и мире

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе

Теннисистка Андреева заявила, что хочет войти в топ-20 рейтинга WTA ради собаки

Экс-теннисист Ольховский: российские теннисисты выступили ниже ожиданий

Moscow.media

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям

Делу время – ремонту срок. Эксперты обсудили, как ускорить ремонт после ДТП

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Такси в 7 раз чаще попадает в ДТП, чем обычные автомобилисты — изучаем аварийность на дорогах







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *