Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2021

Новости за 15.02.2021

Azattyk.org 

ЖК комитети үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзамды карайт

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин  Укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана жемкорлукка каршы аракет боюнча комитети 16-февралдагы жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин интернет барагында жазылды. Бул комитет долбоорду жактыргандан кийин парламенттик жалпы жыйынга чыгат, мыйзам күчүнө кириши үчүн аны Жогорку кеңеш колдоп, президент кол коюшу керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Саида Мирзиёева Өзбекстандын жаңы ханбийкесиби?

Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида Өзбекстандагы эң таасирдүү фигураларынын бирине айланууда. Айрымдар Саиданын саясий салмагын экс-президент Ислам Каримовдун азыр абакта отурган кызы Гүлнара Каримова менен салыштырат. 36 жаштагы Саида Мирзиёева расмий жолугушууларга көп катышат. Ал эл алдына чыгып сөз сүйлөп, өлкөнү кыдырып, чет мамлекеттерге каттайт. Үч баланын энеси Саида президенттин башка үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге кайрымдуулук иштерине катышып, маданий жыйындарга да көп барат. Мирзиёеванын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Соода Уюмун алгачкы жолу африкалык айым башкарат

15-февралда Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) башкы директорлугуна Нгози Оконжо-Ивеала айым  дайындалды. Теги нигериялык каржы адиси эл аралык уюмду жетектеген алгачкы айым жана африкалык ишмер болуп калмакчы. 66 жаштагы Оконжо-Ивеаланын (Ngozi Okonjo-Iweala)  талапкердигин ДСУга кирген 164 өлкөнүн көпчүлүгү колдоду. Ал бул кызматка 1-марттан баштап киришип, 2025-жылга чейин улантмакчы. Былтыр октябрда анын талапкерлиги сунушталганда, мурдагы АКШ президенти Доналд Трамптын бийлиги колдобой койгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Финансылык чалгын кызматын Канатбек Тургунбеков жетектейт

Кыргызстандын Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси Канатбек Тургунбеков шайлоо учурунда президент Садыр Жапаровдун штабын башкарган. Ага чейин жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдагы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын штабын жетектеген. Буга чейин 51 жаштагы Канатбек Тургунбеков... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: түрмөдөн чалган “телефон шылуундар” көбөйүүдө

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Чүй облусунда абакта жатып алып,  телефон аркылуу ишкерлерди ири көлөмдөгү акчага алдаган шектүү кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы ушул сыяктуу алдамчылык көп болуп жатканын эскертип, жарандарды сак болууга чакырды жана бир нече кылмыштын чоо-жайын кенен баяндаган маалымат таратты. Милициянын кабарлашынча, 26 жаштагы мурда бир нече жолу соттолгон Р. М. уулу аттуу шектүү 2020-жылы ишканалардын бирине чалып, буудай сатуу жана сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Столтенберг талиптерди Ооганстандагы зомбулукту токтотууга чакырды

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг талиптерди Ооганстандагы зордук-зомбулуктарды токтотууга чакырды. Ал 15-февралдагы маалымат жыйынында Ооганстандан коалициянын аскерлери чыгаруу өлкөдөгү абалдан көз каранды экенин билдирди. “Биздин жалпы максатыбыз белгилүү: Ооганстан эч качан биздин мекенге кол салган террорчулар башпааналаган өлкөгө айланбашы керек”, – деди Столтенберг. Түндүк Атлантикалык аскердик ынтымактын баш катчысы эч бир өлкөнүн аскерлеринин Ооганстанда белгиленген мөөнөттөн ашыкча калуу каалоосу жок экендигин... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кыргызалтындын" жетекчиси Үкүбаев эки айга камалды (видео)  

Бишкектин Биринчи май райондук соту пара талап кылууга шектелген “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаевдин бөгөт чарасын карап, 12-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин атайын кызмат Үкүбаев алтын казуучу компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн “кызматтан кетирем” деп коркутуп, айлыгынын бир бөлүгүн берип турууну талап кылган деп кармаган болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК "Кыргызалтындын" жетекчисин кармаган учур

УКМК) “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаевди 100 миң сом пара алып жаткан убакта 12-февралда кармаган. Үкүбаев алтын казуучу компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн коркутуп, айлыгынын бир бөлүгүн берип турууну талап кылгант. Видеону УКМК 15-февралда жарыялады.

Azattyk.org 

Украинанын чыгышындагы жардыруудан үч жоокер каза болду

Украинанын чыгышында жардыруудан үч жоокер набыт болду. Акыркы аптада эле Донбасстагы жаңжал талаасында беш украин жоокери каза болду. Учурда Сауд Арабиясында сапар менен жүргөн өлкө президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси жоокерлердин өлүмүнүн жагдайларын териштирүү үчүн коргоо министри жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Донбасска жөнөтүлгөнүн кабарлады. Президент 15-февралда өлкөгө кайткан соң бул окуя боюнча аскер жетекчилеринин маалыматын угары кабарланды. Украинанын чыгышындагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт Тажикстанга чек арада жер берилбегенин билдирди (видео)

15-февралда Бишкекте өткөн митингдин катышуучулары президент Садыр Жапаровдон чек ара коопсуздугуна көңүл бөлүүнү суранышты. Активисттердин талаптарына өкмөт өкүлдөрү дароо жооп берип "Тажикстан менен чектеш аймакта жер тилкелери коңшу өлкөгө өтпөгөнүн" билдиришти.

Azattyk.org 

Суваналиев: "Садыр Жапаров менен мүдөөбүз бир жерден чыкты"

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү болуп Өмүрбек Суваналиев дайындалды. Ал “Азаттык” менен болгон интервьюсунда чек ара маселеси курч турган облуста коопсуздук, аткезчилик көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурарын билдирди. Ошондой эле буга чейин бир нече жогорку кызматты ээлеген генерал эмне шарт менен жаңы кызматка барууга макул болгону тууралуу да айтып берди. "Азаттык": - Өмүрбек мырза бүгүн Баткен облусунун өкүлү болуп дайындалдыныз. Баткен өлкөдө эң маселеси көп, көйгөйлөрү көп, чек ара маселелери курч турган аймак. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында чарбалык иштер токтотулду  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги Паскы-Арык айылындагы Уч деп аталган жериндеги кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандарынын көчөт отургузуу аракети 14-февралда токтотулганын кабарлады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты. Басма сөз кызматы тараткан маалыматкан ылайык, бүгүн 2021-жылдын 15-февралында кыргыз чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерден курулуш иштерин жүргүзүү аракетине бөгөт коюшту. Читать дальше...

Azattyk.org 

Раянанын атасы мекендештерден жардам күтөт

Москвада жашаган төрт жашар Раяна чукул операцияга муктаж. Анын кулагына операция жасатып, имплант койдуруу керек. Ондогон жылдан бери Орусияда миграцияда жүргөн ата- эне кызына же полис ала албай, же орус ооруканаларында дарылатуунун чыгымын көтөрө албай кыйналып турат.

Azattyk.org 

Бир жылда эки жолу түшүм алган дыйкандар

Араванда жазгы талаа иштери башталды. Пандемияда кичи бизнес баштаган элеттиктер. Аргымактын жаңы породасын чыгарган фермер. Чыгаан акын Зайырбек Ажыматовдун өмүр-таржымалы сахнада.

Azattyk.org 

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 422 млн. сом сарпталат

Кыргызстанда 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн казынадан 422 млн. сом керектелет. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 15-февралдагы отурумунда жергиликтүү шайлоонун чыгымынын эсеп-кысабы бекитилди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, чыгымдын эң көп бөлүгү - 212 млн. сом шайлоо тилкелериндеги кызматкерлердин маянасына жумшалат. Бишкек, Ош шаарларында шайлоого катышуу үчүн партиялар 50 миң сом күрөө акча коюшу керек. Калган шаарларда күрөө 20 миң сом деп белгиленген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Адвокаттар атайын кызматтын аракетине нааразы

Буга чейин атайын кызмат Оштогу адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Адвокаттар муну кысым катары баалашууда. Атайын кызмат тинтүү мыйзам чегинде болгонун билдиришти. "Эртең баарынын үйүнө кирип барышат" 15-февраль күнү Ош шаарындагы бир нече адвокат басма сөз жыйынын өткөрүп, алардын ишине кысым болуп жатканын айтып чыгышты. Алардын бири — Зухра Абдрахманова. Ал УКМКнын кызматкерлери адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын үйүн мыйзамсыз тинтүүгө алганын мисал келтирип, бул «жаман инцидент» болгонун айтууда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Райымбек Матраимовдун четтеги мүлкү изделет

Бажыдагы коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кеткени боюнча тергөө уланууда. Анын чет өлкөлөрдөгү мүлкү текшерилип жатат. Бишкекте чек ара көйгөйлөрүн көтөргөн акция өттү. Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп барды. Казакстан Карагандыда өндүрүлгөн коронавируска каршы орусиялык "Sputnik V" вакцинасын расмий каттоодон өткөрдү.

Azattyk.org 

Чечилбеген чек ара бийликтин да, элдин да баш оорусуна айланды

Бишкекте чек ара көйгөйлөрүн көтөргөн нааразылык акциясы өтүп, ага катышкандар Баткендин Ак-Сай айылында төмөнкү жайытты, Көк-Таш айылында такталбаган аймакты тажикстандыктар иштетип жатат деп нааразы. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев айрым жер тилкелери Тажикстанга өтүп кеткени жөнүндө сөздөр негизсиз экенин, учурда чек араны тактоо жүрүп жатканын билдирди.

Azattyk.org 

Чекеге чыккан чек ара чатактары

15-февралда Бишкекте өткөн митингдин катышуучулары Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы кол башчысы, президент Садыр Жапаровду чек ара коопсуздугуна көңүл бөлүп, тез арада чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылышты.   Баткенде чек ара маселелери улам көтөрүлүп, чек арага жакын айылдарда да, Бишкекте да бийликке талап коюп жыйындар өтүп жаткан учурда Баткенде облус жетекчиси, орун басары, район акими жана күч кызматтарынын облустук башкармалыктарында кадрдык алмашуулар жүрдү. Эми Баткен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коронавирус дүйнөдөгү карнавалдык иш-чараларга таасирин тийгизди

Коронавирус пандемиясы бир катар ири спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүүгө жолтоо болууда. Европа менен Америкада бул жолку карнавалдар да чектелип, кээ бир жерлерде оюн-зоокко тыюу салынды. Адатта бул маалда Бразилиядагы Рио-де-Жанейро же Германиядагы Кельн шаарларында карнавалдык майрамдар өтүп, бий жарыштары, параддар уюштурулчу. Быйыл эл чогулуп, майрамдык иш-чаралар өтчү ири жайлар эмдөө борборлоруна айландырылды. Айрым аземдер онлайн өткөнү жатат. Коронавирустан күнүнө миңдей кишинин өлүмү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Футбол: Кыргызстан-Мьянма оюну дагы кийинкиге жылдырылды

Мьянмадагы туруксуз саясий жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу 2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюнунун алкагында 30-мартка белгиленген Мьянма–Кыргызстан беттеши башка мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирлиги уюму маалымдайт. Маалыматта оюндар июнь айында өткөрүлүшү мүмкүн экени айтылган. Андан сырткары Мьянма курама командасынын 25-мартка белгиленген Жапония курама командасы менен боло турган беттеши да кийинкиге жылдырылган. Калган оюндар кандай форматта өтөрү азырынча белгисиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

ДССУ жана ЮНИСЕФ: Дүйнөдө вакциналар адилет бөлүштүрүлсүн

Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмделгендердин төрттөн үч бөлүгүнөн ашууну өзгөчө камсыз болгон 10 мамлекетке таандык болуп жаткандыгына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен ЮНИСЕФ кабатырланып, адилеттикти камсыз кылууга чакырды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар кору болгон ЮНИСЕФтин жетекчилери өткөн аптада кайрылуу жасап, COVID-19 илдетине каршы вакцина түрлөрүн өндүрүүнү тездетүүгө жана өндүрүлгөн эмдөө заттарын дүйнө жүзүндө калыстык менен бөлүштүрүүгө чакырышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек тилкесинде абал туруктуу

Бүгүн, 15-февралга карата кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 14-февралда Баткен районунун Суу-Башы деп аталган жеринде Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Сох багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Жыйынтыгында өзбек тарап тактала элек тилкеге 14-февралда орноткон үч темир-бетон электр мамысы кайра алынган. Өзбек тараптын расмий органдары бул тууралу комментарий берише элек. Читать дальше...


Муниципальная школа – главный фактор выбора жилья

Загруженность дорог Подмосковья составляет 4 балла утром 3 июня

Фестиваль детской науки впервые прошел в Астрахани

РПЦ и Роспатент подготовили законопроект о запрете использования религиозной символики в коммерческих целях



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Песков рассказал об обсуждении Путиным и Си Цзиньпином вопросов энергетики

В топовых отелях Екатеринбурга закончились номера из-за альтернативной Олимпиады

Завод переработки металла построили на земле за 1 рубль в Домодедове

Росгвардейцы обеспечили безопасность во время футбольного матча в Москве

Музыкальные новости

Хозяйка «голой» вечеринки Анастасия Ивлеева открывает в Москве азиатский ресторан

Жители Смоленска с воодушевлением приняли подарок Сбера

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

В Москве прошла премьера документального фильма "Мамы и дети"

Новости России

Дом в ЖК «Берег» Подмосковья поставлен на кадастр

Притяжение вузов и ИИ: как ТГУ и РАНХиГС провели премию "Гравитация"

Концерты, спектакли и детские шоу: куда сходить в Москве в июне

Росгвардейцы обеспечили безопасность во время футбольного матча в Москве

Экология в России и мире

Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Diesel, коллекция Resort 2025

В Москве в ТРЦ Columbus открылся магазин O`Stin в формате 4.0

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Спорт в России и мире

Прямая трансляция матча Елены Рыбакиной против экс-первой ракетки мира на «Ролан Гаррос»

Теннисистка из Пятигорска вышла в четвёртый круг турнира Большого шлема

Не ходите, дети, в теннис: как Андре Агасси и Штеффи Граф подарили детям право выбора

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Moscow.media

Аккумулятор неанонсированного Samsung Galaxy Z Fold6 Ultra сертифицировали

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO

Белоусов и его зам продолжают зачистку. Настала очередь главного коммунальщика Минобороны. Обвинение просит 12 лет за взятку

Военные следователи продолжают оказывать гуманитарную помощь военнослужащим, находящимся в полевых госпиталях







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *