Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2021

Новости за 26.09.2021

Azattyk.org 

HRW өкүлү Азимжан Аскаров маселесин козгоду

Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон 23-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугуп, өлкөдөгү адам укугуна байланыштуу маселелерди сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда качкындар, мигранттар жана улуттук азчылыктардын укугу тууралуу сөз болуп, COVID-19 вирусунун өлкөлөрдөгү адам укугуна тийгизген таасири талкууланды. Уильямсон Кыргызстандын Ооганстанга... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Ош-Тазалыктын" сынга кабылган сүрөтү

"Ош-Тазалык" ишканасы кызматкерлерине униформа таратып жаткан сүрөттөрү социалдык тармактарда сынга кабылды. Интернет колдонуучулар сүрөттү ар кандай чечмелеп жатышат. Бул маселе айлык акынын аздыгынан мындай жумушта жалаң улгайган кишилер иштеп, эмгектери бааланбайт деген пикирлерге жем таштады. "Ош-Тазалыкта" курагы 60 жаштан ашкан кызматкерлер 70 пайызды түзөт. Алардын айлыгы орто эсеп менен 8 миң сом. Сүрөттө "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия Орусиядан ракета сатып алууга ниеттенип жатканын кыйытты

Түркиянын президенти Орусиядан дагы жаңы авиациялык ракеталарды сатып алууга ниеттенип жатканын кыйытып, Вашингтондун кыжырын келтирди.  НАТОго мүчө болгон Түркия 2019-жылы Орусиядан С-400 ракеталык системаларын сатып алган соң АКШнын F-35 программасынан чыгарылып, айрым бийлик өкүлдөрүнө санкциялар да киргизилген. Ф-35 программасына ылайык АКШ  Түркияга аскердик учактарды сатмак. АКШ НАТОго мүчө болуп туруп, Орусиянын ракеталык системаларын колдонуу Ф-35 программасына коркунуч туудурат деп эсептейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан "Талибандан" кооптонууга негиз барбы?

Талибдердин бийликке келиши менен "Ансоруллах" (Кыргызстанда террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган) жамааты да жанданды. Тажикстандын бийлигин басып алууну көздөгөн бул кыймыл менен "Талибандын" максаты бирби? Тажикстандын расмий өкүлдөрү талибдер менен бирге согушуп жүргөн тажик тектүү согушкерлер чек араны кесип өтүп, өлкө аймагына кирип келүүнү пландап жатат деген таризде ар кандай маалыматтар келип жатканын айтышууда. Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлү “Азаттыктын” тажик кызматына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров шайлоого кийлигишкен чиновниктерге катаал чара көрүлөрүн эскертти

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алдыда боло турган шайлоо жараяндарына кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлерге катаал чаралар көрүлө турганын эскертти. Бул тууралуу мамлекет башчы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жолугушууда парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып билдирди. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын айтты. "Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москвада мигранттарга жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн 20 миң рублдан берилет

Москванын мэриясы борбор калаада төрөлгөн ар бир бала үчүн мигранттарга 20 миң рублдан төлөп берет. Мындай төлөмдөр үчүн жылына 700 млн. рубль кетет. Бул тууралуу Readovka порталы жазды. Басылманын журналисттери Москвадагы төрөтканаларда чет тилдерде 20 миң рубль төлөм тууралуу жазылган стенддерди жана буклеттерди байкашкан. Ушул эле билдирмелер "Москвадагы төрөттөр" сайтында да жайгаштырылган. Ал азери, англис, вьетнам, дари, казак, кыргыз, тажик, түркмөн жана уйгур тилдерине которулган. 2020-жылы... Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Кыргызстан калкынын 35% эмделди

Кыргызстанда вакцина алса боло турган калктын 35 пайызы эмделди. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын белгилешинче, калктын 70% эмделсе оорунун тарашы басаңдайт. "Биз 2 млн. 300 миң адамды же болбосо 18 жаштан 60 жашка чейинки тургундарды эмдешибиз керек. Бул калктын 70% түзөт. Азыр ушунун 35 пайызы эмделди. Бул деле жаман көрсөткүч эмес. Азыр ооругандардын санынын бир топ азайышына эмдөө дагы таасирин тийгизди", - деди Суранбаев. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган марафон өттү

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык марафону өттү. Nomad Sport компаниясы уюштурган иш-чарага 5 миңден ашуун спортчулар, күйөрмандар катышты. Жарыштан чогулган каражаттын бир бөлүгү ак илбирсти коргоо иштерине жумшалат. Быйылкы жарыш “Үлгү бол!” деген ураандын алдында уюштурулган. Бул жолку жарыштын катышуучулары 1, 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашты. Үч жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өткөрүлдү. Байге фонду 200 миң сомду түзөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Лавров Мали орусиялык менчик аскер фирмасына кайрылганын билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Мали терроризмге каршы күрөштө жардам берүү үчүн орусиялык менчик аскерий компанияга кайрылганын билдирди. Бул тууралуу Лавров 25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун штаб-квартирасындагы маалымат жыйында билдирди. Ал расмий Москванын буга тийешеси жок экенин кошумчалады. "Биз жеке компаниялар аркылуу эмес, мамлекеттин эсебинен дагы терроризм жана ар кандай коркунучтардан коргонуу, кыскартуу максатында Малинин коргонуу күчтөрүнө аскерий-техникалык жактан жардам берип келебиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн шаарча курулат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн шаарча курулат. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда шаарчанын курулушуна капсула салды. Шаарча үчүн Кашка-Суу айылынын Бурган-Суу тилкесинде 30 га жерге жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган. Алдыда 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: жаан жаабайт

"Кыргызгидромет" агенттиги 27-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Айрым райондордо катуу шамал болушу мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…17, күндүз 24…29; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27; Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 22…27 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 7...12. Бишкек шаарында эртең күн ачык болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сары-Челекти көрүүгө куштар туристтер көбөйдү

Жалал-Абадда соңку жылдары туристтик компаниялар көбөйө баштады. Алар облустун кооз жерлерин кыдыртып көрсөткөнү үчүн акча алат. Ички туризим жандангандан бери кооз жаратылышы менен таанымал Сары-Челек коругунда эс алуучулар көбөйгөн. Буга байланыштуу жергиликтүү эл чакан конок үйлөрдү ачып, келген конокторду заманбап шарттар менен тосуп алууга үйрөнүүдө.

Azattyk.org 

Германияда Бундестагга шайлоо өтүп жатат

Германияда 26-сентябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул жолу акыркы 16 жылда биринчи жолу Германиянын учурдагы канцлери Ангела Меркелдин катышуусу жок өтүүдө. Ангела Меркель 2018-жылы Христиан-демократиялык союзунун жетекчилигинен кеткен жана канцлер катары төртүнчү мөөнөтү бүткөн соң саясаттан кетерин билдирген. Германиядагы шайлоо кыйыр түрдө болот. Бул шайлоочулар канцлерди эмес, Бундестагдын башчылыгына талапкерди көрсөткөн партияны тандайт дегенди билдирет. Социалдык сурамжылоого караганда, Бундестагга алты партия өтүшү мүмкүн. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ элчилигинин алдында жаныбарларды коргоого чакырган пикет өтүп жатат

АКШ элчилигинин алдына жаныбарларды коргоого чакырып, Бишкектин он чакты тургуну акцияга чыкты. Алар көчөдөгү ит-мышыктарды атууга каршы экенин айтууда. Акцияга чыккандар, Бишкекте жыл сайын 10 миңден ашык ит атыларын, ага бюджеттен 3 млн. сом бөлүнөрүн белгилешкен. Буга чейин Бишкектин мурдагы вице-мэри борбордо 200 миңдей жолбун ит бар экенин, алардын 60-70 миңдейин жыл сайын мэрия аттырып турарын билдирген эле. Ал жыл жолбун иттер шаарда көбөйүп жатканын айткан. 2020-жылы эле шаарда 1456 кишини ит тиштеп алып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташиев эки айда "Кумтөрдөн" 90 млн. доллар пайда түшкөнүн билдирди

Кыргызстан июнь-июль айында "Кумтөр" алтын кенинен 90 млн. доллар пайда тапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда, мекеменин Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачкан учурда билдирди. "Кумтөрдөн" 21 жылда 84 млн. доллар пайда тааптырбыз. Ал эми июнь-июль эки айда биз 90 млн. доллар таптык. Мына, акчабыз каякта жатат. Кыргызстандын акчасын талап-тоноп эле жеп жатышкан. Биз алардын коррупциялык схемаларын алып чыктык... Эгерде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда талибдер бир канча кишини эл алдында дарга асты

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бир канча кишини эл алдында дарга асты. Төрт кишинин сөөгү Ооганстандын батышындагы Герат шаарынын башкы аянтында асылса, дагы үчөөнү талибдер шаардын башка бөлүгүнө алып кетишкен. Бул тууралуу күбөлөрдүн бири Associated Press агенттигине билдирген. Жергиликтүү чиновниктин айтымында, "бул адамдар оогандык ишкер менен анын уулун уурдап кетти" делгенден кийин болгон атышууда өлтүрүлгөн. Башка басылмалар жазгандай, уурдалгандардын бири талибдердин согушкери болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн көмүскө олигархы

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин саясий сахнага чыккан жаңы фигуралардын бири – Отабек Умаров. Ал өзбек президентинин экинчи кызына үйлөнгөн. Бул жолу "Азаттык" Өзбекстандагы эрке күйөө баланын иниси Ойбек Умаровдун ишмердигин иликтеди.

Azattyk.org 

Талибдерден жашынган ооган өзбектери

Талибдер бийликти басып алгандан кийин Ооганстандагы интеллигенциянын өкүлдөрү, журналисттер, аялдар оор абалда күн кечирип жатат. Өлкөнүн түндүгүндө жашаган өзбектер менен этникалык азчылыкты түзгөн калктардын тагдыры оор абалда экенин улутташтарына жардам берүүнү көздөгөн өзбек активисттери айтып чыкты. Саясий аналитик Анвар Назир менен Британияда жашаган өзбекстандык журналист Шахида Якуб колунда экиден-үчтөн ымыркайы бар ондогон үй-бүлөлөр аман калыштын аргасын издеп Мазари-Шариф жана Ооганстандын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте лидер аялдардын форуму өтүп жатат

Бишкекте “Лидер, жаратман жана саясатчы-аялдардын өнүгүүсү үчүн багыттар” аттуу Кыргызстан аялдары кеңешинин улуттук форуму өтүп жатат. Анда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө аялдардын ролу, шайлоо процесстерине катышуусун жогорулатуу, коомдук диалог жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жана аялдар кеңешинин түйүнүн ар бир региондо түзүү маселелери талкууланат. Быйыл Кыргызстанда айылдык кеңештерге шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айылдык кеңештерде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда шайлоо жыйынтыгына нааразылар акцияга чыкты

25-сентябрда Москвада Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңден ашуун киши бийликтин эскертүүлөрүнө карабай акцияга чыкты. Аны басымдуу бөлүгүн коммунисттер түзгөн саясатчылар уюштурган. Алар шайлоодогу жеңишти электрондук добуш берүү системасы уурдап койгонун айтып чыкты. "Добушту кайтарып бергиле" деген плакаттарды көтөрүп чыккан акциянын катышуучулары, онлайн добуш берүүнү жокко чыгарууну талап кылды.  "Мен бул жакка биз дагы бир жолу алданып калганыбызды айтканы келдим",-деди... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шайлоо-2021: талапкер болууну көздөгөндөр саны 34кө жетти

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 26-сентябрга карата 34кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады. Алар – Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаев, Байыш Курманов, Айбек Алтынбеков, Актилек Нурланбеков, Абдижалил Насиров, Канат Исаев, Бакыт Төлөгөнов, Айбек Алымжанов, Манас Шаимкулов, Баймурат Бекмуратов, Нурали Талипов , Тилек Усупов... Читать дальше...


Прокурор запросит срок киллеру коптевской ОПГ

Курс юаня на Мосбирже снизился до 12,219 рубля

США сыграли в пользу рубля? Сбербанк подал сигнал всем, у кого есть сбережения

Теракт в "Крокусе": Путин наградил школьников за спасение людей



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: признание Нато надо применить!

Московский мегаливень надвигается на Поволжье

Депутат бундестага Котре: санкции против Мосбиржи нанесут ущерб ФРГ и Евросоюзу

Saudi Aramco предварительно договорилась с NextDecade о покупке 1,2 млн т/год СПГ с 4 линии Rio Grande LNG

Музыкальные новости

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого гражданина в ранее совершенной краже

В Красноярском крае сотрудники Росгвардии обеспечили охрану общественного порядка во время празднования мероприятий, посвященных Дню России

В Fortnite прибудет группа Metallica и новый режим

Новости России

Saudi Aramco предварительно договорилась с NextDecade о покупке 1,2 млн т/год СПГ с 4 линии Rio Grande LNG

«Уральские авиалинии» взяли на борт раненного на СВО екатеринбуржца, которого не пустили на рейс «Аэрофлота». ФОТО

Путин присвоил двум тулячкам звания "Заслуженный врач Российской Федерации"

«Все говорят о нашей дружбе»: Трамп заявил, что был жестким с Путиным

Экология в России и мире

Петербургский Пушкинский бал

Где недорого отдохнуть в июле? Россиянам раскрыли все карты по турам за рубеж и по России

Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Маршруты и экскурсии: уникальная экспедиция по Новгородской области

Спорт в России и мире

Александрова вышла во второй круг турнира WTA в Хертогенбосе

Соболенко в купальнике зажигательно станцевала перед женатым бойфрендом. Видео

Мирра Андреева может стать новой Марией Шараповой

Федерер рассказал о недооценке Джоковича на старте карьеры

Moscow.media

Больше функций для комфорта: беспроводные клавиатуры Fstyler FBK26C AS, FBK27C AS и FBK36C AS от A4Tech

Новый смартфон POCO M6 уже в продаже

Дело Маши Люлиной всё. Насильника, убившего соцработницу в Богородске, осудили за убийство ребенка

В Санкт-Петербурге нашли женщину на красной машинке, которая не пропускала скорую помощь







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *