Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2022

Новости за 24.02.2022

Azattyk.org 

Украин премьери орус күчтөрү Чернобыл АЭСин басып алганын кабарлады

Чернобыл атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы толугу менен Орусиянын оккупациялык күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал атайын басма сөз жыйынында билдирди. “Айыгышкан кармашка карабай Чернобыл аянтчасын биз көзөмөлдөн чыгарып жибердик. Мурдагы атомдук электр станциясындагы объектилер, конфайнмент жана өзөктүк калдыктарды сактоочу жайлардын абалы белгисиз. Орусиялыктардын бул багыттагы эч бир маңызсыз чабуулдарынан кийин, ЧАЭСтин коопсуздугу жөнүндө кеп кылуу кыйын. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Украинанын 74 аскердик объектисин талкалаганын билдирди

Орус куралдуу күчтөрү 24-февралда жасаган чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын  кургактыктагы 74 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы атайын басма сөз жыйынында билдирди. “РИА-Новости” маалымат агенттиги жазгандай, Конашенков айткан объектилердин ичинде 11 Аба-коргонуу күчтөрүнүн аэродрому, 3 командалык пункт, 1 аскердик-деңиз базалык пункту жана 18 зениттик-ракеталык комплекстеринин радиолокациялык пункту бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинадагы согуш: Кесепети жана таасири

Орусия 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштады. Ушу тапта Украинанын бир нече аймагында салгылышуу жүрүп жатканы кабарланууда. Украин бийлиги жана бир катар өлкөлөр Орусиянын чабуулун айыптап жатат. Бир нече аптадан бери сөз болуп келе жаткан согуш коркунучу учурда дүйнө назарында турат. Жаңжалдын таасири Кыргызстанга сезилип, валюта базарында олку-солкулук орун алды.

Azattyk.org 

Кыргызстан ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды чечүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. 24-февралдагы отурумда Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун багыттары жана демилгелери жөнүндө айтып берди. “2025-жылга чейин Экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетишүү, тоскоолдуктарды тез арада четтетүү боюнча натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу керек”, - деген анда президент Жапаров. Читать дальше...

Azattyk.org 

Зеленский Орусия Чернобыл АЭСин алууну көздөп жатканын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыл атомдук электр станциясынын (АЭС) алууга аракет жасап жатышканын билдирди. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды. Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса,  жалпы Европага кесепети  тийерин эскертти. Мунун алдында Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко кооптуу радиоактивдүү заттар көмүлгөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара деңизде түркиялык кемеге бомба тийгени кабарланды

Бул тууралуу Түркиянын Деңиз иштери боюнча мекемеси 24-февралда маалымат таратты. Анда Одессадан Румынияга жүк ташып бараткан түркиялык "Yasa Jüpiter" кемесине бомба тийгени, жараат алган же каза болгондор жок экени, кеме Кара деңиз менен Румыниянын жээгине жеткени айтылат.   Түркия Украина жана Орусия менен Кара деңиз аркылуу чектешет. Украина жаңжал башталганга чейин түрктөрдүн "Байрактар" деп аталган учкучсуз аппараттарын Түркиядан 70 миллион долларга сатып алган. 2019-жылдын башында кол... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Абдувахаб чындыкты гана жазып жашады"

Белгилүү журналист жана жазуучу, "Эркин Тоо" гезитинин мурдагы башкы редактору Абдувахаб Мониев 25-февралда өзү туулуп өскөн Араван районунун Чөгөм айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга жакын санаалаштары, достору жана кесиптештери катышты. Мониев оорудан улам 48 жаш курагында каза болгон. Бир катар китептердин автору, "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон Мониев журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге да активдүү аралашып жүргөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Калеми курч, кашкөй журналисттен айрылдык

Белгилүү журналист жана публицист Абдувахаб Мониев оорудан улам 48 жаш курагында каза болду. Бир катар китептердин автору, "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон Мониев журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге да активдүү аралашып жүргөн. Анын көзү өтүшү менен кыргыз журналистикасынын бир капталы эңшерилгенин замандаштары жазып жатышат. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раевдин айтымында, Мониев журналистика чөйрөсүнө Кыргызстан эгемендикке жаңы ээ болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Руслан Казакбаев Британиянын элчиси менен Украинадагы абалды талкуулады

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 24-февралда Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, тараптар Украинадагы абалды талкуулап, Казакбаев президент Садыр Жапаровдун кырдаалды тынчтык, дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилегенин айтты. Казакбаев менен элчи эки тараптуу алаканы да талкуулап, 2022-2025-жылдары Кыргызстан менен Британиянын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотека: Насыянын жаңы шарты, үйгө муктаждардын санаасы

Мамлекеттик ипотекалык компания өнөктөш банктар аркылуу эки багыт боюнча жеңилдетилген насыя берүүнү жандантты. Бюджеттик кызматкерлер 4%, башка категориядагы бардык жарандар 8% менен үй ала алат. Анткен менен айрым кызматкерлер аз айлык менен бул программага кошула албай жатканын айтышууда. Кыргыз улуттук университетинин атын атагысы келбеген мугалими жеңилдетилген ипотекалык насыя алуунун шарттарын билүү үчүн кайрадан "Айыл банкка" келди. Ал буга чейин да айлыгы ипотека алууга жетер-жетпесин эсептетип кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина Беларустун аймагынан баллистикалык ракеталар атылганын билдирди

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный соңку кырдаал боюнча билдирүү таратып, Беларустун аймагынан украин жергесине төрт баллистикалык ракета атылганын кабарлады. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбук” баракчасында жазды. Ал куралдуу күчтөр орус армиясы менен айыгышкан кармашты улантып жатканын, ондогон орусиялык танктар, аскердик учактар жок кылынганын маалымдады. Мунун алдында Беларустун башында турган Александр Лукашенко алардын аскерлери Украинага жасалган чабуулга аралашпаганын билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орус-Украин согушу. Доллар куну. Жаңы мэр

Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы коммерциялык банктарда орус рубли арзандап, доллар кескин кымбаттады. АКШ долларынын курсу 85 сомдон 95ке жетти. Бишкекте шаар башчысы алмашты. Жаңы мэр болуп 63 жаштагы ишкер Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.

Azattyk.org 

Столтенберг бүтүндөй Европанын тынчтыгы бузулганын айтты

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу кайрылуу жасап, бул аракетти кескин айыптады. Ал муну “атайын даярдалган, карөзгөйлүк менен пландалган кол салуу” деп атады. “Орусия тарыхты кайрадан жазып чыгуу үчүн күч колдонуп жатат. Орусия Украинага кол салды. Бул согуштук акт. Биздин ой-мүдөөбүз азыр Украинанын калкы менен. Биздин континентте тынчтык толук бузулду”,- деди ал. Столтенберг НАТО альянстын аймагынын ар бир метр жерин коргоп аларын айтып, уюмга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда аны кабыл алды. Жолугушууда "президент аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду”, - деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта. Алтынбек Сулайманов, 49 жашта. Ноокат районунда туулган. Саясатка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда доллар кескин кымбаттады

Кыргызстандын банктарында АКШ долларынын курсу кескин көтөрүлүп бир доллар 95 сомго чейин чыкты. Акча алмаштыруу жайларында доллардын тартыштыгы пайда болуп, кээ бир жерлерде АКШ акчасы сатылбай калды. Улуттук банк муну Орусия менен Украинанын ортосундагы чырдан улам Батыштын Орусияга киргизген жаңы экономикалык санкцияры менен байланыштырды. Орусиянын өзүндө да рублдын долларга карата куну төмөндөгөн. Доллардын курсу асман чапчыды Кыргызстанда 24-февраль эртең менен бир АКШ доллары 84,9 сомдон сатылып жатса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда доллар 95 сомго чыкты

Кыргызстандын банктарында АКШ долларынын курсу кескин көтөрүлүп бир доллар 95 сомго чейин чыкты. Акча алмаштыруу жайларында доллардын тартыштыгы пайда болуп, кээ бир жерлерде АКШ акчасы сатылбай калды. Улуттук банк муну Орусия менен Украинанын ортосундагы чырдан улам Батыштын Орусияга киргизген жаңы экономикалык санкцияры менен байланыштырды. Орусиянын өзүндө да рублдын долларга карата куну төмөндөгөн. Доллардын курсу асман чапчыды Кыргызстанда 24-февраль эртең менен бир АКШ доллары 84,9 сомдон сатылып жатса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Салык кызматы: чек арадагы тыгынга QR коддун жоктугу себеп болууда

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалардын тыгынына жүк ташуучуларда QR код менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын жоктугу себеп экенин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 24-февралда тараткан маалыматка караганда,    электрондук эсеп-фактуранын жоктугу тараптардын макулдашуусунун талаптары сакталбагандыгы катары бааланат. Казакстандын тиешелүү органдары жүктөрдү текшерүүгө аргасыз болуп жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинанын президенти жарандарга курал таратууга уруксат берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясынын чабуулуна татыктуу жооп кайтарып, кармаш өлкөнүн дээрлик бардык аймагында уланып жатканын билдирди. 24-февралдагы атайын брифингде ал аскерлер жардамга муктаж экенин кошумчалап, Украинанын суверенитетин коргоону каалаган жарандардын баарына курал таратыла баштаганын белгиледи. “Биздин элдин келечеги азыр ар бир жарандан көз каранды. Курал кармоо тажрыйбасы бар ар бир киши Украинаны коргоого кошулса болот. Бул үчүн алар тиешелүү борборлорго келиши керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Киев-Москва чырында Түркия ортомчу позицияны карманат"

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бейшембиде Орусия жана Украинадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңештин чукул жыйынын чогултту. Украинанын Анкарадагы элчиси түрк бийлигинен Киевге гуманитардык жардам жөнөтүүнү өтүндү. Эки өлкө менен тең стратегиялык өнөктөш Анкаранын акыркы кырдаал боюнча позициясы кандай болот? Түркиядагы Чанкыры Каратекин университетинин Эл аралык укук факультетинин доценти, теги кыргызстандык Саадат Рустемова-Демиржи "Азаттыкка" маек курду. - Акыркы кырдаал Владимир... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Балдар менен Киевден чыга албай калдык"

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу кыргызстандык жарандарга кайрылып, бул өлкөгө барбай турууга чакырды. Украинадагы кыргызстандыктар жергиликтүү мыйзамдарды сактап, жеке коопсуздугу үчүн керектүү чаралардын баарын көрүшү керектигин эскертти. Ал ортодо айрым кыргызстандыктар Киевден өз алдынча чыгып кетүүгө аракет кылып жатканын айтышууда. Өзүн Турдубек Тентимишев деп тааныштырган кыргызстандык жаран үй-бүлөсү менен Киевден чыгып кетүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: мигранттар алган медициналык документтин жарактуу мөөнөтү узарды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиядагы чет элдик жарандарга берилүүчү медициналык сертификаттын жарактуу мөөнөтү бир жыл болуп узартылганын маалымдады. Эми Орусиядагы мигранттар жылына бир жолу медициналык кароодон өтөт. ТИМ тараткан маалыматка ылайык, баңгизат жана психотроптук заттарга карата химиялык-токсикологиялык сертификат 13 жаштан жогорку жарандарга тиешелүү. Коронавирус инфекциясы медициналык текшерүүнүн алкагындагы жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды. Орусиянын Саламаттык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина: Орус аскерлеринин огунан жабыркаган эл

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.Украинанын бир катар шаарлары ракеталык аткылоого кабылды. Эл аралык коомчулук Орусиянын коңшусуна каршы аскердик агрессиясын айыптады.

Azattyk.org 

Украина 40тан ашуун жоокерин жоготконун кабарлады

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болду, ондогон жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 24-февралда атайын брифингде кабарлады. Мурдараак Одесса облусунда аскердик бөлүктү бомбалоодон улам алты адам мерт болгону кабарланган. Мариуполдогу ок атуудан бир киши каза тапкан. Херсондо үч чек арачы каза болду, Уманда бир киши өлдү. Харьковдо көп кабаттуу үйгө тийген артиллериялык аткылоодон жаш баланын өмүрү кыйылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды

Президент Садыр Жапаров 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарганын билдирди. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына бул талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскертти. Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырды. Мындай талапка каршы чыккандар дагы бар экенин белгиледи жана буга байланыштуу 2019-жылы уулу каза болгондо "тоок дагы сойдурбай койгонун" мисал кылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Австрия да “Түндүк агым-2” долбоорун токтотту

Австриянын бийлиги дагы Орусиядан өзүнө көгүлтүр от алып өтүү үчүн курулган “Түндүк агым-2” газ куурунун долбоорун убактылуу токтотконун жарыялады. Бул тууралуу 24-февралда Австриянын канцлери Карл Нехаммер билдирип, муну Москванын украин жергесине бастырып кириши менен байланыштырды. Нехаммер бул Орусияга киргизилчү санкциялардын бир бөлүгү экенин, мындан башка да чаралар каралып жатканын кошумчалады. 22-февралда Германиянын бийлиги “Түндүк агым-2” газ куурунун долбоорун сертификациялоо чараларын убактылуу токтотконун жарыялаган. Читать дальше...


Более 6500 человек в московских МФЦ оформили недвижимость в новых субъектах

Порядка 165 пар поженились в столице в День России

Бюджетный смартфон Honor X6b «молча» выходит в Европе

Ребенка весом 590 граммов спасли в Видновском перинатальном центре



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Порядка 165 пар поженились в столице в День России

В Москве пройдёт «Медфест»

Бюджетный смартфон Honor X6b «молча» выходит в Европе

Более 6500 человек в московских МФЦ оформили недвижимость в новых субъектах

Музыкальные новости

ЦБ РФ: сделки с долларом и евро продолжат совершаться на внебиржевом уровне

Концерт к юбилею Пушкина проведут в Культурном центре «Интеграция» на Саянской

Участники акции "Сад памяти" провели флешмоб ко Дню России

Жители КЧР могут принять участие в новой акции от «Пятёрочки»  

Новости России

Ребенка весом 590 граммов спасли в Видновском перинатальном центре

Бюджетный смартфон Honor X6b «молча» выходит в Европе

В кинотеатре при Музее Победы состоялась премьера фильмов из цикла «#Культурный код Россия»

Порядка 165 пар поженились в столице в День России

Экология в России и мире

Более 3 тысяч ВИЧ-позитивных пациентов получили за год комплексную социальную помощь в Свердловской области

Новый тип туров в Турцию начали раскупать российские туристы: вместо отеля им предложено нестандартное размещение

Потребитель начинает менять свои привычки: эксперт ОНБ об алкогольных трендах этого года

Bel Suono представят в Зеленом театре ВДНХ специальную программу «Три рояля под открытым небом»

Спорт в России и мире

Испанский теннисист Надаль не сыграет на Уимблдоне

Глава ATP вручил Яннику Синнеру награду первой ракетки мира

Испанец Алькарас выиграл у Зверева и стал победителем Roland Garros

Сафиуллин не смог пробиться во второй круг турнира ATP в Штутгарте

Moscow.media

Дело Маши Люлиной всё. Насильника, убившего соцработницу в Богородске, осудили за убийство ребенка

Жители Екатеринбурга в День России вывесили баннеры против точечной застройки

Американский инсулин “Хумалог” больше не будут поставлять в РФ

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *