Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2022

Новости за 27.04.2022

Azattyk.org 

Казакстанда депутаттар Назарбаевдин макамын жоюуну сунуштады

Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бийлик сунуштаган өзгөртүүлөр кирсе, биринчи президент Нурсултан Назарбаевге кол тийбестик камсыздаган конституциялык мыйзам күчүн жоготорун билдирди. Бул тууралуу ал 27-апрелде журналисттерге комментарий берип жатып айтты. “Бул өзгөртүүлөр Элбашынын макамын, анын артыкчылыктарын жоёт. Конституцияда анын мамлекетти негиздөөчүсү катары тарыхый ролу калат. Эгер ал норма кирсе, биринчи президент тууралуу мыйзам күчүн жоготот”,-деди ал. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президенттик башкаруудагы бир жыл

Президент Садыр Жапаров ушул аптада кеңири маек берип, өлкөдөгү талкууга түшкөн маселелер боюнча өз пикирин билдирди. Жапаровдун маеги  президенттик башкарууну жактаган Конституция күчүнө киргенинин бир жылдыгына туш келди. "Эксперттер талдайт" программасында президенттин соңкү билдирүүлөрүн талдайбыз. Көрсөтүүгө президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, саясатчы Бектур Асанов, журналист Аскер Сакыбаева жана юрист, активист Канат Мидин уулу катышты.

Azattyk.org 

Оппозициянын саясий салмагы: жаңы түзүлгөн уюмдар

Кыргызстанда “Коомдук кеңеш” деп аталган уюм түзүлүп, ага элүүдөй саясатчы, коомдук ишмер кирди. Алар тараткан билдирүүдө уюм бийликке да, оппозицияга да жан тартпай турганы, ар кандай маселе боюнча өкмөткө сунуш берери айтылат. “Коомдук кеңеш” деп аталган уюмдун курамында саясатчы Исмаил Исаков, Курманбек Осмонов, Элмира Ибраимова, Жылдызкан Жолдошева, Айданбек Акматов сыяктуу саясий жана коомдук ишмерлер бар. Коомдук кеңештин негиздөөчүлөрдүн бири, саясатчы Исмаил Исаков уюм радикалдуу кадамдарга барбайт дейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы каржы пирамидасы жөнүндө атайын баяндама даярдайт

Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова каржы пирамидасынан алдангандар менен жолугуп, абалды талкуулады. 27-апрелдеги жолугушууга 40тан ашык жабыркаган жаран келген. Бул тууралуу Омбудсмен Атыр Абдрахматова “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Акыйкатчы институту каржы пирамидасынын схемасы, аларга бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча атайын баяндама даярдайт. Омбудсмен аны Жогорку Кеңешке алып чыгып, каржы пирамидасы миңдеген адамдарды сызга отургузган көйгөйгө айланганын белгилөөнү максат кылууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ жалган маалымат тараткандар жазаланарын эскертти

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) учурда Интернетте орозо айтты майрамдоого, ал күнү мал союуга тыюу салынганы тууралуу тарап жаткан аудиолор жалган экенин маалымдады. “Коомчулукту чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен адаштырбоону эскертебиз. Жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартыларын эске салабыз”, - деп айтылат билдирүүдө. Милиция кандайдыр бир шектүү маалыматтарды билбей тараткандар да кылмыш жоопкерчилигинен куткарбай турганын кошумчалаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

SpaceX астронавттардын төртүнчү тобун космоско учурду

SpaceX компаниясынын "Фалькон-9" ракетасы Эл аралык космостук станциясына миссия менен бараткан экипажды орбитага алып чыкты. АКШнын Флорида штатындагы Канаверал космодромунда ишке ашкан учуруу процессин НАСАнын расмий каналы түз эфирде көрсөтүп турду. Freedom (“Эркиндик”) деген аталыш алган кеменин экипажына НАСАнын астронавттары Челл Линдгрен, Роберт Хайнс, Жессика Уоткинс жана Европа космостук агенттигинин өкүлү, италиялык Саманта Кристофоретти кирди. Алар орбитада алты айга чейин жүрүшөт. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Элчи Дүйшекеев Нур-Султанда жаңы имарат куруу маселесин көтөрдү

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жана дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата иш-чараларды талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Тараптардын жолугушуусунда Кыргызстандын элчилигинин жаӊы имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү. Эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 15-октябрында түзүлгөн. Эгемендүүлүк... Читать дальше...

Azattyk.org 

Балдар акыйкатчысы Евробиримдиктин делегаттары менен жолукту

Кыргызстандын Балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен Европа Биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн делегаттары менен жолугуп, балдардын укугун коргоо жаатында кызматташтык талкууланды. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор боюнча жетекчиси Йотам Лерер “Адилеттүүлүк бардыгы үчүн” жана башка программалардын алкагында балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШда соттолгон орусиялык учкуч америкалык аскерге алмаштырылды

Орусия баңгизат ташууга шектелип АКШда соттолгон учкуч Константин Ярошенкону Москвада соттолгон, америкалык мурдагы аскер Тревор Ридге алмаштырды. Бул тууралуу 27-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. “Интерфакс” маалымат агенттиги Ярошенконун адвокатына таянып жазгандай, алмашуу үчүнчү өлкөдө өткөн. “РИА Новости” агенттиги үчүнчү өлкө Түркия экенин тактады. Константин Ярошенко 2010-жылы Африканын батышындагы Либерия мамлекетинде америкалык атайын кызматтары тараптан кармалып, АКШга экстрадицияланган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баш мыйзамда Назарбаевдин аты калып, артыкчылыктары алынат

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын Баш мыйзамда бекитүү сунушу коңшу өлкөдө кызуу талкууда. Бул сунушту Назарбаев өзү мүчө болгон Конституциялык кеңешме карайт.  "Артыкчылыктары алынып, тарыхый ролу калды" Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топ Баш мыйзамга экс-президент Нурсултан Назарбаевдин “Көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү” деген макамын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү Эрмек Абдрасылов билдирди: "Жумушчу топ бул макамды Конституцияда бекитүүнү чечти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: Күйүт жана кооптонуу коштогон бир жыл

2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны каза болду. Андан бери эки өлкөнүн бийлиги бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок талаштуу тилкелер боюнча орток пикир табылган жок.

Azattyk.org 

Акматбек Келдибеков дагы июнь коогасына байланыштуу сурак берди

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 27-апрелде Башкы прокуратурага июнь коогасына байланыштуу күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, "биз келечекте мамлекетти экиге бөлгүсү келген, канча адамдардын канына забын болгон мындай окуялар кайталанбашы керек десек, анда бул кандуу калабага кечиктирбей мыйзам чегинде баа беришибиз зарыл!", деген билдирүү калтырды. 2010-жылдагы июнь калабасына байланыштуу президент Садыр Жапаров дагы 27-апрелде Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү тескеме чыгарды. Ага ылайык, президенттин фондунан 10 миллион сом бөлүндү жана 100 миң сомдон каражат ардагерлерге, майып болгондорго, фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына берилет. Ошондой эле блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кулубаев Тажикстанга да "Байрактар" сатылганы такталып жатканын билдирди

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз тарап Түркиядан “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын коңшу мамлекеттерге сатпоону суранганын билдирди. “Биз ал маалыматты алдык, азыр элчилик жана башка органдарга тапшырма берип, тактап жатабыз. Түрк тарапка дагы айтылган болчу, “муну этияттагыла анткени ортобузда көйгөйлөр чечиле элек” деп. “Байрактарды” бизден башка коңшуларга сатууда абайлап мамиле кылыңыздар дегенбиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Ысык-Көлдөгү пансионат ээлерине кайрылды

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасындагы билдирүүсүндө 2023-жылы 1-январдан тартып Ысык-Көлдүн айланасындагы саркынды суулардын тазалоочу жайлары жок пансионат, эс алуучу жайлардын иштөөсүнө тыюу салынарын эскертти. Ысык-Көлдө пансионат, конок үй кургандарга талапты катаалдаткан жарлыкка кол койгонун белгиледи. Аларды быйылкы жылдан баштап курулушка каражат бөлүүгө чакырды. “Алдын ала эскертип коёюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жайлоолорду алтыганадан арылтуу үчүн жабдуулар алынып келди

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт департаментинин башчысы Жаныбек Керималиев 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  "Алтыгананы биологиялык, химиялык жана механикалык жол менен жоготуу боюнча иштерди жүргүзгөнбүз. Бирок Илимдер академиясынын экологдору химиялык жол менен жок кылганга болбосун айтып каршы чыгышты. Биз Талас жана Чүй облусунун жайыт комитеттери менен бирге алтыгананы чапкан жабдуу сатып алдык. 28-майда семинар өткөрүп, түшүндүргөндөн кийин ошондой жабдууларды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдик Орусияны "газ менен шантаж” кылып жатат деп айыптады

Европа Биримдиги орусиялык мамлекеттик энергетикалык гигант “Газпром” компаниясынын Польша менен Болгарияга газ берүүсүн токтотконун “Москванын шантажы” деп баалады. Аталган эки өлкөгө көгүлтүр отун берилбей калганы 26-апрелде белгилүү болгон. "Газпром" 27-апрелде билдирүү таратып, Польша менен Болгария жаңы схема менен төлөм жүргүзбөгөнү үчүн ушундай кадамга барганын маалымдады. Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн айда киргизген схемага ылайык, “дос эмес өлкөлөр” мындан ары газды рубль менен сатып алышы керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Оштун тургуну аялына зомбулук көрсөткөнү үчүн тогуз суткага камалды

Ош шаардык сотунун чечими менен 41 жаштагы киши Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) менен тогуз суткага камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады. Милициянын билдирүүсүндө, 41 жаштагы Төлөйкан айылынын тургуну аялына зомбулук көрсөтүп, коркуткандыгына байланыштуу кармалган. Ал жаран буга чейин мас абалында аялына кол көтөрүп, эки жолу эскертүү алганы аныкталган. Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын башкы прокурор... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик мүлктү менчикке берүү жагдайын депутаттык комиссия иликтейт

Жогорку Кеңеште 27-апрелде "Элдик" депутаттар тобунун сунушу менен мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду жана улутташтырылган объектилерди башкаруунун натыйжалуулугун иликтеген убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Ушул айдын ортосунда "Элдик" депутаттар тобу бул маселени караган жана анда жыл ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк менчиктештирилбегени белгилүү болгон. Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мындай ишканалар былтыр жалпысынан 11,097 миллиард сом киреше тапканын билдирген. Анын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коррупцияга каршы стратегия: башкы көйгөй башкарууда

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш коррупцияга каршы стратегиянын долбоорун иштеп чыкты. Анын негизинде 2024-жылга карата дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун рейтингинде 94-орунга көтөрүүнү көздөөдө. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бул аптадагы жыйынында кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова маалымат берип, муну коррупцияга каршы чараларды күчөтүү, паракорчулуктун деңгээлинин көрсөткүчүн жакшыртуу максаты экенин айтты. "Transparency... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистандагы теракт үчүн козголоңчулар жоопкерчилик алды

Пакистандын Карачи шаарындагы университете 26-апрелде болгон жардыруу үчүн "Белужистан боштондук армиясы" деп аталган жикчил топ жоопкерчилик алды. Университеттин видеокамерасы тартып калгандай, терактты жанкечти аял жасаган. Окутуучулар түшкөн автоунаа Кытай тили жана маданияты борборуна жеткен учурда кире бериште турган аял өзүн жардырып жиберген. Карачинин полициясынын башчысы Гулам Наби Мемон жанкечти аял окуу жайда билим алган студент болгонун маалымдады. Теракттан улам окуу жайда иштеген... Читать дальше...

Azattyk.org 

Султанбаев Орозо айтты майрамдоого тыюу салынганын жокко чыгарды

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орозо айтты белгилөөгө бийлик тыюу салганы тууралуу маалыматтар негизсиз экенин билдирди. Ал 27-апрелде Фейсбуктагы баракчасына: "мессенжерлерде жана социалдык тармактарда "Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тыюу салды" делген аудиотасма тарап жатат. Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: синтетикалык маңзат Голландия, Иран, Түркия, Орусия, Кытайдан ташылып жатат

Ички иштер министрлиги Кыргызстанга синтетикалык маңзат Голландия, Иран, Түркия, Орусия, Казакстан жана Кытайдан "оңой жол" менен ташылып келип жатканын билдирди. Бул өлкөлөрдөн синтетикалык дары-дармектер почта аркылуу бандерол же кат түрүндө жеткирилет. Ташып келүү схемасы жолго коюлган. Маңзатка керектүү химиялык заттар эл керектөөчү товар, тамак-аш азыктарын, айыл чарба продукциялары, курулуш аралашмалары менен кошо келет. Ал химиялык заттарды чек арадан аныктоо кыйын. Өлкөгө ташылып келгенден... Читать дальше...

Azattyk.org 

Лейлекте издөөдө жүргөн тажик жараны кармалды

Баткендин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери издөөдө жүргөн 40 жаштагы тажик жаранын кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Милициянын маалыматында, 2018-жылы Тажикстандын Согд облусунун тургуну Кыргызстанда “мыйзамсыз ишкерлик жана аткезчилик” беренесине шектелип издөө жарыяланган. Учурда шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды. Азырынча Тажикстандын расмий органдары Кыргызстанда кармалган  жараны боюнча комментарий бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мыйзам бузган кооператив жетекчилерин жазага тартуу күчөтүлөт

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков менен турак жай кооперативдеринин өкүлдөрү жолугушуп, "Кооперативдер жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-апрелде маалымдады. Мекеме тараткан видеодо Орозбек Сыдыков 10-майга чейин "Кооперативдер жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар кабыл алынарын кабарлады. Анын айтымында, учурда турак жай кооперативдеринин жоболору ачык-айкын так жазылып, мыйзам бузулган учурда жетекчилерин жазага тартуу сунушталды. Читать дальше...


Бизнес-центр «Черёмушки» Алексея Хотина передан в доход государства

Назван рекомендованный доход для автокредита в России

Дождеприемный колодец установили на улице Мирная в Лобне

Первые паспорта в торжественной обстановке вручили 13 подросткам в Балашихе



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Путин наградил спасавших людей при теракте в «Крокусе» школьников

Московский Губернский театр приобрел статус федерального

Больница святителя Алексия помогла возродить в Ярославской епархии сестричество милосердия

Экономист Беляев заявил, что из-за проблем на Мосбирже зарубежные предприятия рискуют потерять деньги

Музыкальные новости

Актриса Дарья Погодина поможет сломать стереотипы о старшем поколении

Чемпионат по поеданию бууз пройдет в Улан-Удэ

Путин заявил, что Россия преодолеет любые испытания

Глушенков был признан вторым среди лучших игроков сезона РПЛ по версии футболистов

Новости России

Дьявольская жара до + 38 градусов идет в Россию уже скоро: Вильфанд рассказал о самом жарком месяце

Больница святителя Алексия помогла возродить в Ярославской епархии сестричество милосердия

В Красногорске завершено строительство заезда к строящемуся Детскому клиническому центру им. Л.М. Рошаля

Экономист Беляев заявил, что из-за проблем на Мосбирже зарубежные предприятия рискуют потерять деньги

Экология в России и мире

Азербайджан назначил столицей тюркского мира талышский город Ленкорань. Талышские организации мира бьют тревогу

Новый тип туров в Турцию начали раскупать российские туристы: вместо отеля им предложено нестандартное размещение

Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Уход за кожей летом: мнение эксперта

Спорт в России и мире

Рейтинг ATP. Синнер стал №1, Алькарас – №2, Циципас выпал из топ-10, Хачанов – из топ-20, Котов обновил личный рекорд

Новак Джокович дал дорогу молодым // Борьбу за первое место в рейтинге АТР в этом году поведут Янник Синнер и Карлос Алькарас

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

Самсонова вышла во второй круг турнира в Хертогенбосе

Moscow.media

В Санкт-Петербурге нашли женщину на красной машинке, которая не пропускала скорую помощь

«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове

Дело Маши Люлиной всё. Насильника, убившего соцработницу в Богородске, осудили за убийство ребенка

Вечерело...







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *