Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2022

Новости за 15.09.2022

Azattyk.org 

Самарканддагы саммитке туш келген чек ара чыры

14-сентябрдын түнү кыргыз-тажик чек арасында тынч өттү. 15-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Куралдуу жаңжал Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталып жаткан маалга туш келди. Кыргыз-тажик чек ара чырында эвакуацияланган тургундар үй-жайына кайтып жатат. Булак-Башыдагы атылган снаряддан тутанган өрттөн 200 гектардан ашуун аймактагы жайыт менен арча-бадал күйүп кетти. Камчыбек Ташиев Баткенде облус жетекчилери жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев коло медал үчүн күрөшөт

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев коло медал үчүн күрөшөт. Беттеш 16-сентябрда болот. 15-сентябрда 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев жарым финалга чейин жетип, жапониялык балбан Тайши Нарикуниге 10:10 эсебинде утулуп калды. Акыркы ыкманы Нарикуни жасагандыктан жеңиш ага берилди. Акматалиев ага чейин 1/8 финалда молдовалык Максим Сакултанды (14-2), чейрек финалда болгариялык Рамазан Рамазановду (11-0) мөөнөтүнөн мурда жеңген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров менен Мирзиёев эки өлкөгө тиешелүү ири долбоорлорду талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев 15-сентябрда Самарканд шаарында жолугуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата - 1 ГЭСинин долбоору жөнүндө талкуулашты. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясы маалымдады. Эки президент бул ири долбоорлорду ишке ашырууда Борбор Азиянын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти. Алар эки өлкөнүн бардык тараптан кызматташуусун өнүктүрүү жана өзгөчө чек арага жакын облустардын ортосундагы алаканы жакшыртууга көңүл бурушту. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Руслан Бекназаров 12-октябрга чейин камакка алынды

Экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып кармалган Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров 12-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу сот отурумуна катышкан укук коргоочу Рита Карасартова маалымдады. Анын айтымында, Биринчи май райондук соту аны бир айга №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. 14-сентябрда Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай сүрөгөн, Орусия ооздуктаган темир жол долбоору

Самаркандда ШКУнун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. 20 жылдан бери козголбой келаткан долбоорго старт берилди. Ага кеминде 5 миллиард доллар жумшалат. Айрым адистер Бээжиндин алдында Бишкек менен Ташкенттин карызы дагы көбөйөрүн эскертишет.

Azattyk.org 

Кыргыз бажысынын экс-төрагасына 1 млн. сом айып салынды

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына 10-ноябрга чейин камалды.

Azattyk.org 

Мектептин терезесинен секирип кеткен кыздын абалы канааттандырарлык

Бишкектеги №9 мектептин экинчи кабатынан секирип, ооруканага түшкөн кыздын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады. 15-сентябрда мэрия жетекчилиги кыздын абалы менен таанышып келген. 14-сентябрда Бишкек шаарындагы Балдардын клиникалык ооруканасына окуучу кыз саат 14:30да "Тез жардам" менен алып келинип, травматология бөлүмө жаткырылган. Учурда окуя териштирилип жатат. Айрым массалык маалымат каражаттары кыз электрондук тамеки чегип жатканы боюнча ата-энеси мектепке чакырылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кумтөр Голд Компанинин" мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды

Башкы прокуратура “Кумтор Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык кылмыштар боюнча козголгон иштин алкагында анын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу”) менен шек саналып жатканын кабарлады. Башкы көзөмөл органы Курмановду камакка алуу бөгөт чарасы тандалып, издөө жарыяланганын билдирди. Интернеттеги маалыматта Канат Курманов “Кумтор Голд Компани” ишканасына аткаруучу директор болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жарандык коом өлкөгө күчтүү парламент керек экенин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар менен 15-сентябрда жолукту. Жыйынга катышкан жарандык активист Рита Карасартова талкууда жарандык коомдун өкүлдөрү парламентти демократияны чыңдоочу институт катары колдой турганын билдиришкенин “Азаттыкка” айтты. Карасартованын айтымында, айрым укук коргоочулар Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу бийлик бутагы катары, аткаруу бийлигине көзөмөл кыла тургандай регламент мыйзамын иштеп чыгуусун сунушташкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Транспорт салыгын төлөбөгөндөргө 10 күндө 618 миң сом айып пул салынды

Салык кызматы 10 күндүн ичинде 255 рейд өткөрүп, транспорт салыгын төлөбөгөн 618 айдоочуну аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Жалпы 12 миң 696 транспорт каражаты текшерилген. Салык төлөбөгөн 618 айдоочуга 618 миң сом айып салынып, анын 461 миң сому өндүрлдү. Салык кызматы айдоочуларга кайрылып.ю транспорт салыгын төлөөгө чакырды. Транспорт салыгын төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, салык төкпөгөн жарандарга 1000 сом, ишканаларга 5000 сом айып пул салынат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Швециянын премьер-министри отставкага кеткенин жарыялады

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон парламенттик шайлоодо ал жетектеген Швециянын Социал-демократиялык партиясы утулгандан кийин кызматтан кеткенин жарыялады. Эми министрлер кабинетин оңчул партиялардын коалициясы түзөт. Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Магдалена Андерссон жетектеген партия шайлоочулардын 30% добушун топтоп, парламентте 173 мандат алды. Ал эми улутчул деп саналган “Швециянын демократтары” партиясынан түзүлгөн оңчулдардын коалициясы 176 орунга ээ болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына 10-ноябрга чейин камалды

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны 10-ноябрга чейин камакта калтырды. Жактоочусу Кайсы Абакиров ал Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында болорун билдирди. Тенгиз Бөлтүрүк сот залында “Азаттыкка” учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атаган. Ошондой эле коррупуциялык иштерди ага шылтоо негизсиз экенин билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Ташиевдин машинасы катышкан кырсык жөнүндө түшүндүрмө берди

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы бул мекеменин башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтык машинасы катышкан жол кырсыгы жөнүндө коменттарий берди. Анда 15-сентябрда эртең менен "Манас" аэропортунан Бишкекке келе жаткан жолдо Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү машина скутер тээп келе жаткан тургунду жөөлөп кеткени, жол кырсыгынын катышуучулары маселени жайынча чечип алганы жазылган.  “Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутер тепкен жарандын абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаты бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Рахмонали Төрт-Көчөдө жолукту

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында жолукту. Жолугушуунун видеосун Region телеканалы жарыялады. Азырынча атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат бере элек. Аталган телеканал Ташиев Лейлек районунун ооруканасында чек арага чатагынан жараат алган тургундар менен жолукканын кабарлады. Анда Ташиев бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү керек экенин айтып жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров: билим берүүгө 64 миллиард сомго чейин бөлүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Мурас-Ордо конушундагы мектептин ачылышында сүйлөп жатып, 2022-жылы билим берүү тармагына 47 миллиард сом бөлүнгөнүн, кийинки жылы 64 миллиард  сомго чейин көбөйтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда өкмөт башчы “мектептерди өнүктүрүүгө беш миллиард сом бөлүүнү пландап жатабыз. Министрлер кабинети мектеп окуучуларын ноутбук, жаңы электрондук окуу китептери менен камсыз кылуу, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан чемпиондорун тосуп алды

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медал алган кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, ошондой эле коло байге уткан Амантур Исмаилов Кыргызстанга кайтып келди. Чемпиондорду жакындары, күйөрмандары жана мамлекеттик кызматкерлер тосуп алышты.

Azattyk.org 

Самаркандда Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Өзбекстандын Самарканд шаарында жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы маалымдады. Жапаров Орусияны Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бир экенин белгилеп, соода алакасында өсүш бар экенин айтты. Путин Кыргызстанга жаратылыш кырсыктарын жоюу үчүн техникалык колдоо катары өрт өчүрүүчү жана тик учак берерин билдирди. Анын айтымында, орус өкмөтү бул багытта 1,5 миллиард рубль бөлгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Нур-Султан маслихаты борбордун аталышын Астана деп өзгөртүүнү колдоду

Нур-Султан шаардык маслихатынын депутаттары 15-сентябрдагы жыйынында борбор калаанын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдоду. Жыйында чечимди кабыл алууда Телеграмм каналдардагы сурамжылоолордун жыйынтыктары эске алынганы, анда жарандардын 80% ашыгы шаарга Астана деген аталышын кайтарууну колдогону айтылды. Шаардык кеңештин депутаттарынын айтымында, жыл башынан бери баш калаага мурдагы аталышын кайтаруу боюнча 17 сунуш түшкөн. Буга чейин Казакстандын борбору Нур-Султан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бажы кызматынын экс-төрагасына бир миллион сом айып салынды

Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбековду “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп таап,  бир миллион сом айып салды. Бул тууралуу соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим 28-апрелде эле чыкканы белгилүү болду. Адилет Кубанычбеков 19-мартта үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кубанычбеков тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тенгиз Бөлтүрүк: коррупциялык иштерди мага шылтоо негизсиз

Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк “Азаттыкка” учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атады. “Бардык айыптоо калп, абсурд. Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы мен аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылтоо негизсиз”, - деди Бөлтүрүк. Читать дальше...

Azattyk.org 

CNN: Байден Линн Трейсини Орусияга элчи кызматына сунуштайт

CNN телеканалы жеке булагына таянып Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Линн Трейсини АКШнын Орусиядагы элчиси кызматына көрсөтөрүн билдирди. “Америка авазы” радиосу Ак үй бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек экенин жазды. АКШнын Орусиядагы элчисинин орду 4-сентябрдан бери бош турат. Ага чейин бул кызматта Жон Салливан иштеген. Ал эми жаңы талапкер катары аты аталып жаткан Линн Трейси ушул тапта Кошмо Штаттардын Армениядагы элчиси. Ал 2014-2017-жылдары Москвадагы элчинин орун басары болуп иштеген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде чек арадагы соңку жаңжалда эки үй жабыркады

14-сентябрда тажик тараптан атылган октон улам Баткен районунда он жарандык обьект жабыркаган. Анын ичинде экөө  турак-жай, калганы мал сарайлар. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкун Жоробаев бүгүн, 15-сентябрда ок атышуудан жабыркаган айылдарды кыдырган учурда белгилүү болду. Учурда жалпы чыгым такталып жатат. Аким менен кошо Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук милициянын, аскер бөлүктүн жетекчилери барды.  Алар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сабырдуулукка чакырды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ереванда демонстранттар Пашиняндын отставкасын талап кылышты

Ереванда шаршемби күнү кечинде бир нече миң адам шаардын борборундагы Баграмян проспектисин тосуп, Армения менен Азербайжандын чек арасындагы акыркы чыр-чатакка байланыштуу митингге чыкты. “Азаттыктын” армян кызматы демонстранттар парламенттин дарбазасын сындырууга аракет кылышканын жазды. Нааразылык акцияга чыккандар премьер-министр Никол Пашиняндын парламенттеги билдирүүсүнөн кийин анын кызматтан кетишин талап кылышты. Пашинян парламентте өкмөт Азербайжан менен кайсы бир документке кол коюуга даяр экенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандык укук коргоочу Вениамин Алаев каза болду

Майыптыгы бар адамдардын укугу үчүн күрөшүп келген 42 жаштагы укук коргоочу Вениамин Алаев 14-сентябрда ооруканада каза болду. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы баракчасына жакындары жарыялады.  Укук коргоочу Вениамин Алаевдин экинчи топтогу майыптыгы болгонуна, церебралдык шал оорусунан жабыркаганына карабай, акыркы 12 жыл бою Майыптыгы бар адамдардын укугун коргоочу комиссияны жетектеп келген. Жаңы муундагы укук коргоочулар коалициясынын мүчөсү болгон. 2017–2019-жылдары Алматы акиминин майыптыгы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Караколдо киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы батирлердин биринен 56 жана 57 жаштагы эки аялдын сөөгү табылган. Милиция алардын денесинде бычактын тактары бар экенин аныктаган. Батирден канга боёлгон бычак да табылганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Бул ишке шек саналып, мурда бир нече жолу соттолгон 44 жаштагы адам кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда кара куурай жыттанган суюктук жана баңги зат кошулган спирт алынган. Шектүүгө Кылмыш кодексинин 283-беренеси (Маңзат... Читать дальше...


“Сбивают цену нашим эскортницам”, – первый скандал на ПМЭФ в Санкт-Петербурге

Экс-судья выпала из окна после звонка от неизвестных

Знаменитые российские пары, которые неожиданно развелись в 2023–2024 годах

Жителей Подмосковья приглашают на эстафету по финансовой грамотности



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Враг США - наш друг: В Совбезе РФ объяснили слова Путина о поставках русского оружия третьим странам

«Лёд и Пламя» приглашает на турнир 26-28 августа 2024 г юношей 2011 г.р. «Орион-Технопул» Московская область г.Балашиха

«Птенцы Чилингаровы», или каким мне запомнился Артур Николаевич

СК: версия о заказном характере убийства на западе Москвы не подтверждается

Музыкальные новости

ЦСКА забрал кубок из Казани // Армейцы вернули себе титул чемпиона Единой лиги ВТБ

Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».

Работник СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» принял участие в экологической акции по очистке берега и дна озера Кенон

Погружение в современное российское искусство – стартовал 3-ий фестиваль «Территория. Красноярск»

Новости России

Нормандское вторжение: как был открыт второй фронт в Европе

Неизвестный открыл стрельбу по прохожим в Москве

СК: версия о заказном характере убийства на западе Москвы не подтверждается

Убийца парня в Москве обнаружен. Отстреливался от полиции, был убит - источник

Экология в России и мире

Скидки на звуковые щетки и зубную пасту для детей от компании "Ревилайн" до 6 июня 2024 года

Befree запускает сайт для поиска талантов

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи

Добрые рисунки: «585*ЗОЛОТОЙ» запустила конкурс ко Дню защиты детей

Спорт в России и мире

Андреева рассказала о своих планах на предстоящий матч с Соболенко во Франции

Елена Рыбакина добилась впечатляющего достижения

Мирра Андреева впервые вышла в четвертьфинал турнира Большого шлема

Осталась в одиночестве: Андреева победила Грачёву и вышла в четвертьфинал «Ролан Гаррос», Медведева остановил де Минор

Moscow.media

Тин-Мерзуга

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

В Орловской области 13-летний мотоциклист сбил женщину







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *