Азербайжанда “Кара январды” эскеришүүдө
![Азербайжанда “Кара январды” эскеришүүдө](https://gdb.rferl.org/595A4DC2-A4C6-4B08-B8A7-2B7410EE11DB_w800_h450.jpg)
Азербайжанда 20-январда өлкөдө “Кара январь” деген атка конгон кайгылуу окуянын курмандыктарын эскеришүүдө. Мындан 30 жыл мурун ал күнү СССРдин жетекчилиги Азербайжан ССРиндеги оппозициялык митингдерди басуу үчүн бир катар шаарларга аскер киргизген. Күбөлөр жана журналисттер "Сокку" деп аталган ал операция аёосуз жүргүзүлгөнүн белгилешет. Натыйжада 140 киши өлүп, 700дөн ашыгы жараат алышкан. 800дөн көп киши камакка алынган.
Дүйшөмбүдө президент Илхам Алиев баштаган бийлик өкүлдөрү Шейиттер аллеясына келип, "Өчпөс отко" гүл коюшту.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги ал трагедия үчүн СССР бийлиги түздөн түз жоопкер деп, окуяга эл аралык коомчулук саясий жана укуктук баа берип, адамзатка каршы кылмыш катары таанылышы зарыл экенин билдирди.