Таласта төө буурчактын башталгыч баасы жылдагыдан 15 сомго көтөрүлдү
![Таласта төө буурчактын башталгыч баасы жылдагыдан 15 сомго көтөрүлдү](https://gdb.rferl.org/E85A144D-EB78-41D5-BFE8-1C1C51130B24_w800_h450.jpg)
Таласта төө буурчактын башталгыч баасы жылдагыдан 15 сомго жогору болууда. Жылына бир килограммы 50 сомдун тегерегинде башталса, быйыл 60 сомдон 65 сомго чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Эмил Тууганбаев билдирди.
Быйыл облус боюнча 59 118 гектар төө буурчак айдалган, бул былтыркыга салыштырганда миң гектарга көп. Расмий эсепте аймактагы дыйкандардын 55% төө буурчак багат. Учурда түшүмдү жыйноо кызуу жүрүп жатат.
Таластын төө буурчагы дүйнөнүн 38 мамлекетине экспорттолот. Көбүн Орусия, Казакстан, Түркия, Иран, Ирак жана Болгария мамлекеттери сатып алышат.
2014-жылы килосунун баасы 120 сомго жетип, эң жогорку көрсөткүч болгон.
Төө буурчак Кыргызстанда негизинен Талас облусунда айдалат.