Коронавирус жугузуп алган медкызматкерлер күн сайын көбөйүүдө
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде дагы 22 медицина кызматкеринин анализинен коронавирус табылды.
Эң көп учур Ош облусунда катталды. Ош облусунда сегиз, Ош шаарында үч, Баткен облусунда үч, Жалал-Абад облусунда үч, Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда, Чүй облусунда бир медкызматкер вирус жугузуп алганы аныкталды.
Бир суткада стационарда дарыланып жаткан бир, үй карантинден үч медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 диагнозу башталган март айынан бери вирус жугузган медицина кызматкерлери 3437 кишиге жетти.
Вирус 80ден ашык медкызматкердин өмүрүн алды. Коронавирус жугузуп алган 3089 медкызматкер айыгып чыкты. (NT)