"Батышка Борбор Азиянын адабиятын таанытабыз"
Франциялык эки изилдөөчү – Ноэми Кадо жана Софи Имрен Кыргызстандын адабият, маданият, сүрөт өнөрүнө кызыгып, Бишкектеги музей, архивдерге барып изилдөө жүргүзүп, быйыл 80 жылдыгы белгиленген Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгы менен жакындан таанышып жүргөн экен.