Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК жана бажы кызматкери аралашкан мушташтын чоо-жайы иликтенет

Ош шаарындагы Sky bar түнкү клубунда 2-январда "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен бажы кызматкери бирөөлөрдү токмоктоду деген окуяны Аскер прокуратурасы иликтейт.

Бул окуяда жабырлануучу тараптан арыз түшпөгөнүн билдирген Ош шаардык милициясы топтолгон видео далилдердин негизинде алдын ала териштирип, кылмыш ишин козгоо үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүп бергенин жарыялады.

 Блогерлердин кайрылуусу

Өткөн 1-январдан экисине караган түнү Ош шаарындагы белгилүү Sky Bar түнкү клубунда эс алган эки киши жаңжал чыгарып, анда көңүл ачып отурган белгисиз кыз менен жигитти токмоктогон видео тасма Фейсбук жана Телеграм социалдык тармактарына тарады.

Анда ур-токмокко алган эки адам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен бажы кызматкери экени белгиленген. Тасмада бир топ адам чыр-чатакты токтотууга аракеттенип, ажыратууга аракет жасаса да, ал экөө жерге кулап, сыртка качып чыгып, таксиге отурууну көздөгөн жабырлануучуну тепкилеп, башка бир кызды чачынан сүйрөп, бетке урганы тартылып калган.

Жергиликтүү блогер Ринат Усупбаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасап, окуяга тиешеси бар офицерлерге чара көрүүнү суранды:

"Урматтуу, Камчыбек Кыдыршаевич, cиз талыкпай, "менин кызматкерлерим" деп үйлөрүн берип, иш-жайларын куруп, атайын кызматтын кызматкерлеринин жашоо-шартын оңдоп, ички-тышкы душмандар кирип келсе, даяр болуп, күч-кубат менен каршылык көргөзсүн деп кам көрүп, колдогон кызматкерлериңиз Ош шаарынын эс алуучу жайларынын биринде эс алуучуларды токмоктоп, кыздардын чачынан сүйрөп, сизди кайра артка тартып жатышат. Менин билишимче, буга бажынын кызматкерлери да катышыптыр. Сураныч, бул нерсеге көңүл буруп коюңуз".

Милиция ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп берди

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Sky Bar түнкү клубунда 2-январда болгон чыр-чатак боюнча жабырлануучу тараптан арыз түшпөгөнүн, бирок видео интернетке чыккандан кийин милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзгөнүн жарыялады.

Кылмышка шектүү тараптын тек-жайы аныкталганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замирбек Сыдыков "Азаттыкка" билдирди:

"Жогоруда айтылган видеонун негизинде Сулайман-Тоо ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу тиешелүү материалдарды топтоп, окуянын катышуучуларынын бардыгынын тек-жайы аныкталып, териштирүү иштери жүргөн. Арыз жазылбаган күндө деле бул материалдар андан аркы териштирүү үчүн жетиштүү болот. Бүгүнкү күндө бул иштин материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Мындан аркы тергөө иштерин Аскер прокуратурасы жүргүзөт".

Ош шаардык милициясы учурда Sky Bar түнкү клубунда токмоктолгон деген жабырлануучу тарап белгисиз себептерден улам арыз жазбаганы менен буга тиешеси бар эки офицердин үстүнөн аталган далил видеонун негизинде териштирүү жүргүзүп, административдик же кылмыш жообуна тартууга негиз бар экенин белгиледи.

Жергиликтүү талдоочу Төлөгөн Келдибаев окуяны күч түзүмдөрүндөгү кадрдык саясаттын жыйынтыгы катары баалады:

"Күч органдарына кызматка алып жатканда ал адамдын психикалык абалын, анын айлана-чөйрөсүн, кимдер менен байланышы бар экенин текшерип туруп анан кызматка алышса болмок. Азыркы учурда бул кызматтарга тааныш-тамыр аркылуу жеңил-желпи эле кирип кеткендер бар. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топторго же кайсы бир кландык түзүмдөргө караштуу кишилер мындай кызматтарга келип калып, алар мыйзамдын күчүнөн же кызматынан ажырап калуудан коркпой, иштеп жүрүшөт. Эгерде сынак менен келген кызматкерлер болсо, анда мыйзамды сыйлап, этияттап, жүрүм-турумуна көңүл буруп жүрүшмөк".

УКМК менен Бажы кызматы Оштогу түнкү клубда бирөөлөрдү токмоктоп, чыр чыгарган окуяга бул эки кызматтын эки офицеринин тиешеси бар же жок экени боюнча үн ката элек.

 Ал эми жаңы жылдык шаан-шөкөт учурунда коомдук жайда ачууга алдырып, жарандарга кол көтөрүүгө ал эки офицерге эмне түрткү болгону жана иштин толук жагдайы тууралуу бул окуяга шектелгендер же алардын жакындары ушул убакытка чейин эч кандай комментарий берише элек.

Бул ишке шектүү делген эки офицер же алардын адвокаттары менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Бажы кызматынын отставкадагы полковниги Болот Шамырканов  аскердик жобого ылайык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү эс алуу учурунда да жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү көрсөтүшү керек болчу дейт.

"Бир жагынан алганда адам фактору деген бар. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кызматтан тышкары убакытта эс алып отурган учурда чыр-чатак чыгып кетип, алар ачууга алдырып, аралашып калган нерседен эч ким корголгон эмес. Мындай нерсе ар бир адамда болушу мүмкүн. Бирок кандай болгондо дагы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кызматынан сырткары учурда деле аскердик жобого ылайык, өздөрүн токтоо алып жүрүп, кандайдыр бир чыр-чатакты тынч жол менен чечип алууга ынтызар болушса болмок. Анан калса алардын жүрүм-турумун аныктаган аскер адамдарынын этикасы деген бар. Ошол нерсени дайыма эстен чыгарбай, чыр-чатактан алыс болушса, башкаларга да үлгү болот эле".

УКМК, Башкы прокуратура жана ИИМ сыяктуу күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү коомдук жайларда мушташкан окуялар буга чейин дагы катталып, алар кылмыш жообуна тартылып же кызматынан айдалган учурлар болгон.

Аскер адамдарынын кылмыш иштерин адатта, Аскер прокуратурасы тергеп, сотко жиберет.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Недавно созданный Московский военный округ возглавил генерал-полковник Сергей Кузовлёв

Сегодня в Витебске началось отключение горячей воды

Около 1200 детей отдохнут в школьных лагерях Солнечногорска летом

Почти 120 тыс. человек отпраздновали День Победы в парках Подмосковья

Музыкальные новости

Госцирк Бурятии возглавил Тудуп Батуев: Театр и цирк, Культура, Россия

Мужская команда ВК "Тамбов" прошла в полуфинал Чемпионата России

Путин: РФ и КНР наладят более тесное взаимодействие в инновационных отраслях

Дмитрий Бикбаев готовит премьеру театрального проекта, основанного на личных переживаниях

Новости России

Подмосковье представило инвестпроекты на выставке «ГОСЗАКАЗ»

Семинар по обслуживанию газового оборудования прошел в Подмосковье

Власти Швейцарии упростили процедуру включения армии в военные конфликты

Моцарт на балалайке и не только: топ-10 необычных концертов и музыкальных событий «Ночи в музее»-2024 в Москве

Экология в России и мире

Семьи со всего Уральского федерального округа приняли участие в конкурсе «Это у нас семейное»

Мультфильм «Пушистый вояж» выйдет в прокат при поддержке Детского радио

"Глория Джинс" открывает первые магазины Ready! Steady! Go!

Lamoda запустила бренд мужской одежды и обуви Mademan

Спорт в России и мире

Свёнтек высказалась об акции протеста экоактивистов, выбежавших на корты Рима

Даниил Медведев одолел 121-ю ракетку мира Меджедовича и вышел в 1/8 финала Рима

Без защиты: как Медведев и Хачанов проиграли свои матчи в Риме

Медведев рассказал, как ударился головой перед матчем с Уиллисом на Уимблдоне в 2016 году

Moscow.media

«Байкал Сервис» открыл новый терминал площадью почти 4500 кв. м на юго-востоке Москвы

Столичные росгвардейцы задержали мужчин, подозреваемых в хранении наркотиков

Артисту оркестра ОМОН «Авангард» ГУ Росгвардии по г. Москве Алексею Огурцову присвоено звание «Почетный деятель искусств города Москвы»

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *