Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскарды
Мурдагы президент Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 13-январда маалымат берди.
"Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматовдун айтымында "Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин мөөнөттү өтүп кеткендиктен кыскарды".
Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.
Мурдагы президент акыркы эки жылда көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке бир нече ирет келип кеткен.
Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет. (BCh)